Сирияда күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу массалык нааразылык акциялары башаламандык менен коштолду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сирияда Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийинки эң ири нааразылык акциялары өттү. Буга бийликтин күйүүчү майдын баасын көтөрүү чечими себеп болду. 13-сентябрда Сириянын өкмөтү дизель отунун баасын 40%, бензиндин баасын 28% көтөрөрүн жарыялаган.
Өкмөт бул дүйнөлүк рынокто мунай жана мунайзаттарынын баасынын өсүшүнө байланыштуу убактылуу кымбаттоо экенин билдирди. Ошондой эле бийлик Сириядагы эки мунай иштетүүчү заводдун эң ириси болгон Банияс мунай иштетүүчү заводунун модернизациялоо үчүн убактылуу токтотулганын дагы бир себеп катары атады.
Сириянын энергетика министри Мухаммед аль-Башир ишемби күнү өлкө азыр суткасына болгону 102 миң баррель мунай өндүрүп, 325 миң баррелди керектеп жатканын айтты. Ошондуктан Сирия күйүүчү майды импорттоого аргасыз.
Өкмөттүн чечимине жооп кылып, күйүүчү майдын кымбатташы башка товарлардын жана кызматтардын баасын да жогорулатат деп кооптонгон көптөгөн тургундар көчөгө чыгышты. Алар дөңгөлөктөрдү өрттөп, автоунаа жолдорун тосушкан.
Дүйшөмбү күнү нааразылык акциялары Хама, Хан-Шейхун жана Маарат-аль-Нуман шаарларында, Алеппо аркылуу Түркияга алып барган автожолдо, Азаз жана Аль-Баб шаарларында, Дамасктын айланасында, ошондой эле өлкөнүн чыгышындагы Ракка, Дейр-эз-Зор жана Хасака шаарларында, түндүк-чыгыштагы, Сириянын Күрдистан аймагындагы Камышлы шаарында жана башка жерлерде өтүп жатканы кабарланган.
Би-Би-Синин фактыларды текшерүү кызматы BBC Verify башаламандык болгонун көрсөткөн, бири Ирак менен, экинчиси Түркия менен чек арадагы эки өткөрмө пунктта тартылган видеолорду текшерип, алардын чын экенин ырастады.
AFP агенттигинин Камышлыдан кабар берген кабарчысы бул шаарда жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыкканын билдирди. Алар "Ачарчылык саясатына жол жок!", "Күйүүчү майдын кымбатташына жол жок!" деген жазууларды көтөрүп, "Күйүүчү май - эл үчүн!" деп ураан чакырышкан.
"Бул туура эмес чечим! Бул дыйкандарга, жумушчуларга жана студенттерге - Сириядагы бардык жакырларга каршы чечим", - деген 56 жаштагы жергиликтүү тургун Абдул Рахман Халил AFP агенттигине.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дамасктын таксисттери күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшү өздөрү жана өлкөнүн башка тургундары үчүн эмнени билдирерин Reuters агенттигинин кабарчыларына айтып беришкен.
"Кечээ 10 литр бензинди 185 миң [эски сирия фунтуна — фунт ушул жылдын башында 100 эсеге деноминацияланган — Би-Би-Си] толтурдум, бүтүндөй бир күндө 225 миң таптым. Анан менде эмне калды? Үйгө 20-25 миң алып келдим", - деген Мухаммед аттуу таксист Reuters агенттигине. 25 миң эски сирия фунту, башкача айтканда 250 жаңы фунт - эки долларга жетпеген сумма.
"Демек, мен бензинге гана акча таптым. Мен өзүм үчүн иштеген жокмун, - деп уланткан сөзүн Мухаммед. - Чечимби? Чечим өкмөттүн колунда. Алар тез арада кандайдыр бир чечим кабыл алышы керек, анткени биз, айдоочулар, тамак жейбиз, суу ичебиз, башка да чыгымдарыбыз бар".
"Азыр бензин кымбаттады, дизель да кымбаттады. Эртең жашылчалар кымбаттайт, тамак-аш кымбаттайт. Чынын айтсам, мындай жашоого болбойт, дегеле болбойт. Ушул баалар боюнча бир жолун тапкыла, элге жашаганга мүмкүнчүлүк бергиле, элге тамактанганга мүмкүнчүлүк бергиле!" - деген дагы бир таксист Имад Абу-Рас агенттикке.
"Менин беш балам бар. Күн сайын беш таңгак нан сатып алышым керек, - деп уланткан Имад. - Эгер эртең бир таңгак нандын баасы тогуз миң [эски сирия фунту, 68 америкалык цент] болуп кетсе, нанга эле 40 миң [3 доллар] кетет. Демек, бир айда нанга эле бир миллион фунт [75,76 доллар] керек болот".
Экономисттер сириялыктардын күйүүчү майдын чекене баасынын өсүшү башка товарлардын жана кызматтардын баасын да жогорулатат деген кооптонуусун билдиришүүдө.
"Сириядагы күйүүчү майдын баасы маселеси бензин же дизелдин бир литринин баасы боюнча талаш гана эмес жана бул бааларды катары менен көтөрүп жаткандагы кезектеги каржылык чечим да эмес, - деген сириялык экономист Хасан Мураддын Arab News агенттигине. - Бул өндүрүштүн келечегине, ташуу чыгымдарына, азык-түлүктүн баасына, жарандардын сатып алуу жөндөмүнө, бизнестин кирешелүүлүгүнө, жумуш менен камсыз болууга жана инвестицияларга чейин таасир эткен кыйла кеңири көйгөйгө айланып жатат. Ал тургай бул Сирия экономикасынын калыбына келип, кайрадан өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө да таасир этет".




























