Орусия үч күндүк тыныгуудан кийин Киевге кайрадан сокку урду: үч адам өлүп, 20дай киши жабыркады

ывы

Сүрөттүн булагы, t.me/I_Vyhivskyi

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусиянын аскерлери шейшембиге караган түнү Киевге жана Киев облусуна баллистикалык ракеталар жана реактивдүү учкучсуз учактар менен кайрадан чабуул жасады. Анын кесепетинен Украинанын борборунда үч адам каза болуп, 20га жакын киши жабыркады. Ошондой эле Одессага жасалган соккудан үч адам жараат алды. Бул массалык чабуул Москва өткөн аптада АКШнын атайын өкүлдөрүнүн сапарына байланыштуу жарыялаган үч күндүк тыныгуудан кийинки алгачкы сокку болду.

Орусиянын аскерлери Киевди 7-сентябрда, дүйшөмбү күнү кечинде аткылай баштаган.

Көп өтпөй Киев облусунун аскердик администрациясы чабуулдан Бровары районунда жеке турак үй жана жеңил унаа жабыркаганын, ал эми Борисполь районунда кампа жана ишкана зыян тартканын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин сапарына байланыштуу 5-сентябрь, ишемби күнү түн ортосунан тартып үч күн бою Киевге сокку урбоону тапшырган.

Бул тыныгууга чейин Орусия тогуз күн бою Киевди жана Киев облусун ракеталар жана учкучсуз аппараттар менен дээрлик үзгүлтүксүз аткылаган.

Шейшембиге караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге жана облуска баллистикалык ракеталар жана реактивдүү учкучсуз аппараттар менен кайрадан чабуул жасаганын жергиликтүү бийлик жана аскер өкүлдөрү билдиришти.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Киевдин кеминде беш районунда имараттар талкаланып, өрт чыккан. Голосеев районунда 26 кабаттуу турак эмес имаратка сокку тийген. Соломен районунда беш кабаттуу турак үйдө адамдар камалып калган. Дарница районунда жеке үйдүн аймагындагы гараж күйгөн. Подол районунда кампадан имаратынан өрт чыккан. Ал эми Днепр районунда гараждар күйгөн.

Бийликтин маалыматына караганда, түнкү чабуулдан үч адам каза болуп, 16 адам жабыркады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын ички иштер министри Иван Выговский Киевде жалпысынан 50дөн ашык объект жабыркаганын билдирди. Алардын арасында турак үйлөр, жатакана, мектептин аймагы, дүкөндөр, май куюучу жайлар жана ун өндүрүүчү ишкана бар.

"Учурда борбордо 300дөн ашуун куткаруучу жана полиция кызматкери иштеп жатат. Алар өрттү өчүрүп, жети жерде урандыларды тазалап жатышат... Бул иштер кезектеги аба чабуулу тууралуу эскертүүнүн үнүнүн коштоосунда жүрүүдө", - деди Выговский.

Киев облусунда да бир нече райондо жеке үйлөр, ишканалар, кампа имараттары жана автоунаалар жабыркаганын облустун аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди. Бийликтин маалыматына караганда, Белая Церковь шаарында бир адам жараат алган.

Мындан тышкары, Одесса да чабуулга кабылды. Шейшемби күнү эртең менен Орусиянын учкучсуз аппараттары шаардагы ири дүң жана чекене өнөр жай товарлары базарына сокку урган. Базардын аймагында үч адам жараат алганын Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Шейшемби күнү күндүз Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык дрон журналисттер түз эфирде турган учурда "Биз - Украина" телеканалынын имаратына сокку урганын да билдирди. Украинанын президентинин маалыматына караганда, кеминде беш адам жабыркаган.

"Шахеддердин" медиага каршы колдонулушу - Орусиянын деградациясынын жаңы барагы. Буга Европа менен дүйнө сөзсүз реакция кылышы керек", - деди Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Киевде, Киев жана Одесса облустарында жасалган соккулардын бутасы аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары болгонун билдирди.

Орусиялык аскерлердин маалыматына караганда, Киевде жана облусунда дрондор үчүн тетиктерди чыгарган завод, "Хорнет" учкучсуз аппараттары үчүн тетиктер чыгарылып жана сакталган ишкана, ошондой эле Shark чалгындоочу дрондору менен орто аралыкка учуучу сокку уруучу учкучсуз аппараттар чогултулуп жаткан делген кампага сокку урулган.

Орусиянын бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, шейшемби күнү эртең менен украиналык учкучсуз аппараттар да Саратов шаарына чабуул жасаган. Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин бир нече турак үй жабыркап, 10 адам жараат алганын билдирди.