PISA 2025: Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстан PISA 2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. PISA боюнча 2025-жылдын жыйынтыгы 8-сентябрда Братиславада өткөн аймактык конференцияда жарыяланды. Ага Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

Изилдөөгө 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу катышкан. Кыргызстан PISAга 16 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан катышып, тестти биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды.

Кыргызстандык окуучулардын орточо көрсөткүчү төмөндөгүдөй болгон:

табигый-илимий сабаттуулук боюнча - 363 балл;

математикалык сабаттуулук боюнча - 364 балл;

окуу сабаттуулугу боюнча - 344 балл.

Министрликтин маалыматына караганда, 2006 жана 2009-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу өсүш жакшырып, 11 позицияга жогорулаган.

"Кыргызстандын PISA 2025теги жыйынтыктары бир жагынан прогрессти көрсөтсө, экинчи жагынан дагы деле айырмачылык бар экенин көрсөтөт. Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 баллды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү. Эгерде PISAнын мурунку циклдеринде Кыргызстан акыркы орунда болсо, PISA 2025тин жыйынтыгы боюнча 91 катышуучу өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулады" деп айтылат министрликтин маалыматында.

Изилдөөгө Кыргызстандын бардык аймактарындагы 195 мектептен 6 миңден ашык окуучу тартылган. Алардын арасында шаардагы, айылдагы жана алыскы аймактардагы мектептерде билим алган окуучулар да бар.

PISA эмнени өлчөйт?

PISA - Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму уюштурган, 15 жаштагы окуучулардын алган билимин турмуштук кырдаалдарда колдоно алуу жөндөмүн үч жылда бир баалаган эл аралык изилдөө.

Анда окуучулардын окуу, математика жана табигый илимдер боюнча функционалдык сабаттуулугу, башкача айтканда, маалыматты талдоо, ой жүгүртүү жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмү текшерилет.