Өзбекстан менен Орусиянын Термиздеги аскердик машыгуулары эмнени билдирет?

Сүрөттүн булагы, Official
Орусия Украинадагы согушун улантып жаткан учурда анын аскерлери эмне үчүн Өзбекстанда кезектеги аскердик машыгууларга катышууда? Термиздеги полигондо 20-октябрда башталган "Кызматташтык-2026" биргелешкен аскердик машыгуулары ушул суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды. Машыгуулар 27-октябрга чейин уланары айтылган.
Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, машыгууларга Өзбекстан менен Орусиянын коргоо мекемелеринин бөлүктөрү катышууда. Расмий билдирүүдө аскерлер чек ара аймактарында шарттуу мыйзамсыз куралдуу топторго каршы биргелешкен операцияларды өткөрүүнү машыгып жатканы айтылат.
Бул машыгуулардын мааниси тууралуу көз караштар ар түрдүү.
Ташкенттеги "Билим кербени" бейөкмөт илимий мекемесинин директору Фарход Толипов машыгуулар Өзбекстанга олуттуу аскердик пайда алып келет деген пикирге күмөн санайт.
"Өзбекстан акыркы жылдары эл аралык аскердик мелдештерде жана машыгууларда жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ошондуктан Орусиядан олуттуу аскердик жардам алышы, менимче, күмөн", - дейт ал.
Саясат таануучунун пикиринде, ушул себептен Өзбекстан мындай машыгууларды Орусия менен эмес, Борбор Азиядагы төрт коңшусу - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен биргеликте өткөргөнү максатка көбүрөөк ылайык болмок.
Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги ТАСС машыгууларга катышуу үчүн Тажикстанда жайгашкан Орусиянын 201-аскердик базасынын бөлүктөрү Термизге келгенин жазды. Маалыматка караганда, орусиялык аскерлер Тажикстан менен Өзбекстандын аймагы аркылуу 300 чакырымдан ашык жол жүрүшкөн.
Машыгуулар үчүн эмне себептен дал Термиз шаары тандалганы тууралуу да ар кандай пикирлер бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Акыркы жылдары Орусия тарап, анын ичинде тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ооганстандын аймагында, Өзбекстандын түштүк чек араларына жакын жерде террордук топтор топтолуп, алардан келчү коркунуч күчөп жатканын байма-бай айтып келет. Бирок ушул бир нече жыл ичинде биз олуттуу коркунучту көргөн жокпуз. Олуттуу кол салууга окшогон окуялар да болгон жок. Мындан тышкары, Өзбекстан азыркы Ооганстан өкмөтү менен мамилелерди нормалдаштырууга жана кызматташууга аракет кылып жатат. Ушул жагынан алганда, түштүктөн келчү кандайдыр бир олуттуу коркунучтарды азырынча көрбөй жатабыз", - дейт Фарход Толипов.
Анын пикиринде, террордук топтор топтолуп жатканы тууралуу билдирүүлөрдүн фонунда Термиздин тандалышы Орусия тараптын демилгеси менен ишке ашкан болушу мүмкүн.
"Кандай болгон күндө да, террорчулар топтолуп жатат деген сыяктуу билдирүүлөрдү эске алганда, менимче, балким, Орусия тараптын сунушу менен, кысым деп айтууга болобу, билбейм, Термиз шаары тандалган болушу мүмкүн. Менимче, азыр биз билген коркунучтарга каршы Өзбекстандын аскердик дарамети, куралдуу күчтөрү жана коопсуздук органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү", - дейт "Билим кербени" бейөкмөт илимий мекемесинин директору Фарход Толипов.

Сүрөттүн булагы, Official
Расмий билдирүүлөрдө машыгуулар негизинен коопсуздук жана аскердик кызматташтык өңүтүнөн чагылдырылууда. Бирок Улуу Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence аналитикалык борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Алишер Илхомовдун пикиринде, Термиздеги биргелешкен аскердик машыгууларды аскердик өңүттөн гана кароого болбойт. .
Алишер Илхомовдун айтымында, бул машыгуулар Ташкенттин Москва, Бээжин жана Батыштын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган көп багыттуу тышкы саясатынын бир көрүнүшү болуп саналат.
"Биз Мирзиёев Орусия Федерациясы жана өзү эң тыгыз байланышта болгон Кытай менен гана эмес, бул эки мамлекетке альтернатива катары каралган Батыш өлкөлөрү, айрыкча АКШ менен да мамилелерин сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын көрүп жатабыз", - дейт ал.
Илхомовдун пикиринде, Ташкенттин Москва менен мамилелеринде этият мамилени сактап калуусунун бир нече себеби бар.
"Биринчиден, бул Орусиядан келген эмгек мигранттарынын кирешелерине байланыштуу. Алар Өзбекстандын экономикасында чоң мааниге ээ. Акыркы убактарда Өзбекстан Орусия Федерациясынан мунай жана газ импорттогон өлкөгө айланды", - дейт Алишер Илхомов.
Анын айтымында, Орусия Борбор Азиядагы аскердик катышуусунун аркасында Өзбекстанга карата белгилүү бир таасир этүү куралдарына ээ.
Алишер Илхомовдун пикиринде, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапары учурунда миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлганына карабастан, алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын америкалык товарларды сатып алуусуна байланыштуу. Ал эми Вашингтондун өлкөгө түз инвестициялары чектелүү бойдон калууда.
"Ошого карабастан, Өзбекстан Батыш өлкөлөрү жана АКШ менен жакындашууга багытталган кадамдарды жасаган сайын, анын ордун толтургандай болуп, Москвага берилгендигин билдирген кандайдыр бир ишараттарды да көрсөтөт", - деп улантат ал.
Эксперттин пикиринде, бул Ташкенттин Вашингтон менен мамилелеринде да байкалган тең салмактуулук саясатына шайкеш келет.
"Трамп менен жолугушкандан кийин ал Казакстандын лидери сыяктуу эле дароо Москвага жөнөп, Путинди өзүнүн берилгендигине ынандырууга аракет кылгандай болду. Сыягы, ал ушундай тең салмактуу саясат жүргүзүп жатат. Анткени бир катар себептерден улам тышкы саясатында Москванын ролун азырынча четке кага албайт", - дейт ал.
Алишер Илхомовдун айтымында, Өзбекстан бул машыгуулардан белгилүү бир аскердик сабактарды да алышы мүмкүн.
"Анткени Орусия азыр Украина менен согушуп жаткан шартта заманбап аскердик аракеттерди жүргүзүү боюнча чоң тажрыйба топтоп жатат. Москва өзүнүн тажрыйбасынын жана билиминин бир бөлүгү менен бөлүшүшү мүмкүн. Балким, Өзбекстан да өзүнүн куралдуу күчтөрүн жана коопсуздук системасын өнүктүрүү үчүн белгилүү бир сабактарды ала алат", - деп кошумчалады ал.
Ошого карабастан, эксперт бул машыгуулардын негизги максаты практикалык аскердик пайдадан да кеңири саясий мааниге ээ экенин белгилейт.
"Менимче, Өзбекстан менен Орусия Федерациясынын ортосунда геостратегиялык кызматташтык боюнча келишимдер бар. Бул машыгуулар ошол мамилелердин көрүнүштөрүнүн бири болуп саналат", - деп сөзүн жыйынтыктайт Алишер Илхомов.

Сүрөттүн булагы, Official
"Өзбекстанга Ооганстандан эч кандай коркунуч жок же алардын масштабы олуттуу эмес десем да, кырдаал идеалдуу, коопсуздук жаатында эч кандай көйгөй жок деп айтууга болбойт. Ошондуктан ар бир мамлекет ар дайым мүмкүн болуучу коркунучтарга даяр болушу керек", - дейт Фарход Толипов.
Анын айтымында, ар бир мамлекет машыгуулардын жардамы менен аскердик чеберчилигин жана дараметин жогорулатып турушу табигый көрүнүш.
"Бирок азыр биз билген коркунучтарга каршы Өзбекстандын аскердик дарамети, куралдуу күчтөрү жана коопсуздук органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү деп ойлойм", - дейт ал.
Саясат таануучунун пикиринде, ушул өңүттөн алганда, биргелешкен машыгуулар Орусия ыктымал коркунучтар жаралса, Өзбекстанга жардам бере аларын билдирген белгилүү бир «сигнал» болушу да мүмкүн.
"Чынында, бизге мындай жардам канчалык керек деген чоң суроо туулат. Анткени азырынча коркунучтар олуттуу масштабда байкалбай жатат жана аларга каршы Өзбекстандын өзүнүн аскердик коопсуздук жана коргонуу күчтөрү жетиштүү", - дейт Фарход Толипов.
































