Өзбекстан эмне үчүн Кытайдын согуштук учактарын тандады?

ва

Сүрөттүн булагы, newshub.uz

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Өзбекстан Кытайда чыгарылган "Чэнду-10" же J-10CE деп аталган кыйратуучу учактарды алгач ирет коомчулукка көрсөттү. Өзбекстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Коргоо министрлиги жарыялаган видео "Аба чек араларын заманбап истребителдер кайтарууда" деп аталат. Бирок видеодо учактардын кайсы үлгүдө экени айтылган эмес.

Ошондой эле азырынча расмий Ташкент да, расмий Бээжин да учактардын саны, алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү же баасы тууралуу маалымат берген жок.

Бирок аскердик тармактагы талдоочулардын айтымында, Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда 2025-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстан 24 J-10CE истребителин алат. Кытай өзбекстандык учкучтарды окутмакчы.

Талдоочулардын пикиринде, Совет доорунан калган жана тез эскирип бараткан МиГ-29 жана Су-25 истребителдеринен турган Өзбекстандын аскер-аба күчтөрү үчүн бул олуттуу жаңылануу болуп саналат.

J-10CE учагынын ылдамдыгы саатына 2300 чакырымга чейин жетери жана бир эле учурда бир нече бутаны көзөмөлдөөгө жөндөмдүү экени айтылат.

Аскердик эксперттердин айтымында, алгач Өзбекстан Кытай менен Пакистандын биргелешкен өндүрүшү болгон JF-17 Block III учактарына кызыккан. Кийинчерээк көңүл Кытайдын J-10CE истребителине бурулган.

J-10CE - Кытай армиясы колдонгон J-10C учагынын экспорттук версиясы.

Ал AESA радиолокатору жана алыс аралыкка учуучу PL-15E "асман-асман" ракеталары менен жабдылышы мүмкүн.

Талдоочулардын пикиринде, Өзбекстандын бул учактарды сатып алышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кытайдын аскердик техникасына карай бурулуп, Орусиянын аскердик техникасынан баш тартып жатканын көрсөтөт.

Өзбекстандын Кытайдан согуштук учак сатып алышы эмнени билдирерин талдаган эксперттердин пикиринде, Орусиянын аскердик кубаттуулугунун төмөндөшү жана буга чейин өзүнө алган коргонуу милдеттенмелерин аткара албай жатышы Борбор Азия өлкөлөрүн курал-жарак менен камсыздоону диверсификациялоого түрттү.

Өзбекстан бешинчи муундагы истребителдерди сатып алууну көздөп жатканы тууралуу маалымат тараган учурда, Казакстандагы "Exclusive" журналы бул темада тегерек үстөл уюштуруп, эксперттердин пикирине кызыккан.

Пакистандын J-10CE истребителдери Индиянын "Rafale" жана "Су" учактарын атып түшүргөндөн кийин "Чэнду" учактарына кызыгуу күчөдү.

Сүрөттүн булагы, EPA

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өзбекстандык саясат таануучу Зокир Усмонов Кытайдын аскердик учактарынын жагымдуулугунун себептеринин бири алардын баасында экенине токтолду.

"Кытайдын кыйратуучу учактарынын Франциянын Rafale сыяктуу батыштагы аналогдоруна салыштырмалуу болжол менен эки эсе арзан турат. Ал эми Rafale учактарынын баасы ар бири үчүн 120 миллион АКШ долларына чейин жетет", - деди Зокир Усмонов.

"Мындан тышкары, Кытай төлөөнүн ийкемдүү схемаларын, кеңири даярдоо программаларын жана техникалык тейлөө пакеттерин сунуштады. Бул алардын аскердик техникасын Борбор Азиядагы сатып алуучулар үчүн өзгөчө жагымдуу кылды", - деди ал.

Казакстандык аскердик эксперт Даулет Жумабеков болсо, Орусиянын курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү Украинадагы согуштан улам алсыраганын айтты.

"Атүгүл ок атышууну токтотуу боюнча мүмкүн болгон келишимден кийин да Москва өзүнүн аскердик запастарын толуктоого көңүл бурушу керек болот. Бул болсо рыноктогу боштукту башка жеткирүүчүлөрдүн толтурушуна мүмкүнчүлүк түзөт", - деди Даулет Жумабеков.

Өзбекстан эл аралык рынокто "Чэнду" истребителдерин тандаган Пакистандан кийинки экинчи чет мамлекет болду.

Өткөн жылы Пакистандын куралдуу күчтөрүндөгү "Чэнду" учактары Индиянын "Rafale" жана "Су" учактарын атып түшүргөндөн кийин, көптөгөн өлкөлөр Кытайдын истребителдерин сатып алууга кызыга баштаганы айтылган.

Египет, Малайзия жана Индонезия "Чэнду" учактарын сатып алууга кызыкдар экени тууралуу маалыматтар тараган.

Кытайлык аскердик талдоочу Чжан Цзюньшэн "Global Times" басылмасына билдиргендей, "Чэнду-10" Өзбекстан буга чейин колдонуп келген Кытайдын абадан коргонуу системасына да шайкеш келет.