Изсиз жоголгондор. Согуштун төрт жылында мобилизациялангандарга эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty Images
- Author, Ольга Ившина
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Орусиянын 20 миңден ашуун мобилизацияланган жараны Украинага толук масштабдуу басып кирүү учурунда каза болгон. Муну Би-Би-Си жана "Медиазона" басылмасы ыктыярчылар тобу менен биргеликте ачык булактардан топтогон маалыматтардын негизинде аныктады.
Алардын 76 пайызы Орусияда "жарым-жартылай мобилизация" жарыялангандан кийинки алгачкы эки жылда каза болгон. Бул мобилизация расмий түрдө дагы деле аяктаган эмес.
Жалпысынан 20 066 адамдын каза болгону тастыкталды. Бул согушта каза болгону жана мобилизацияланганы ачык булактар аркылуу так аныкталган адамдар гана. Алардын катарында аткаминерлердин билдирүүлөрү, каза болгондордун жакындарынын жарыялары, көрүстөндөрдөгү маалыматтар жана мамлекеттик реестрлердеги ачык маалыматтар бар.
2022-жылдын сентябрында жарыяланган "жарым-жартылай мобилизациянын" расмий планы боюнча 300 миң адамды аскерге чакыруу каралган.
Германиянын SWP аналитикалык борборунун эксперти Янис Клуге Орусиянын бюджетинен мобилизациялангандарга ай сайын төлөнүүчү атайын жөлөкпулдарга бөлүнгөн каражаттарды талдап чыккан. Анын эсебине ылайык, 2022-жылдын аягында фронтто мобилизацияланып чакырылган 290 миңдей адам болгон. Ал эми 2025-жылга карата Орусиянын армиясындагы мобилизацияланган жоокерлердин саны 168 миңге чейин азайышы мүмкүн.
Бул ыкма менен ар бир адамдын кийинки тагдырын аныктоо мүмкүн эмес. Бирок мобилизациялангандардын саны канчалык тез азайышы мүмкүн болгонун көрсөтөт.
Би-Би-Си мобилизациялангандардын катарынан адамдар кандай себептерден жана кандай жолдор менен чыгып калганын аныктоого аракет кылды.
Кара жумушчу — чалгынчы — кампа башчысы
Мобилизация жарыялангандан кийин Пермь крайындагы Рождественск айылында жашаган 42 жаштагы Валерий Петухов фронтко баруу үчүн өзү аскер комиссариатына келген.
Анын тажрыйбасы бар болчу. 1990-жылдардын аягында аскерге чакырылып, эки жыл кызмат өтөгөн. Андан кийин келишим түзүп, дагы бир жыл Чеченстанда кызмат кылган. Армиядан кайткандан кийин Валерий күзөтчү болуп иштеп, кийин ар кандай кара жумуштарды аткарган.

Сүрөттүн булагы, BBC/social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Петухов үч айлык аскердик даярдыктан өткөндөн кийин, 2023-жылдын январында фронтко жөнөтүлгөн.
Валерийди эскерген жакындары ал аскердик кызматка тез эле көнүп кеткенин белгилешкен. Алгач чалгындоо ротасында кызмат өтөп, кийин учкучсуз учуучу аппараттардын оператору болуп кайра даярдыктан өткөн. Андан соң кампа башчысы болгон. 2026-жылдын мартында Валерий келишим түзүп, камсыздоо кызматында иштей баштаган. Ал орус аскерлеринин позицияларын керектүү жабдуулар жана башка зарыл нерселер менен камсыздап турган.
Петуховдун окуясы төрт жылга созулган согуш учурунда мобилизациялангандардын башынан өткөн бир нече маанилүү өзгөрүүнү көрсөтөт.
Биринчиден, 2022-жылдын күзүндө аскерге чакырылгандар Украина армиясынын каршы чабуулунун шартында фронтту тез арада бекемдөө үчүн зарыл болгон аскердик ресурс катары кабыл алынган.
"Жарым-жартылай мобилизация орус армиясынын коргонуу тилкелерин турукташтырууда жана аскерлердин санын шашылыш түрдө толуктоодо чечүүчү мааниге ээ болду. Бирок бул кадрлардын даярдык деңгээли салыштырмалуу төмөн болгон", — деп жазышат америкалык аскердик аналитиктер Грег Уислер менен Майкл Кофман.
Алардын баамында, мобилизациялангандардан түзүлгөн бөлүктөр Луганск облусунун административдик чек арасына жакын жерде украин аскерлеринин алдыга жылышын токтотууга, ошондой эле Украинанын Днепр дарыясынын боюндагы, Запорожье жана Донецк облустарындагы орус коргонуусун бекемдөөгө жардам берген.
Жарыяланган некрологдорго караганда, мобилизациялангандардын эң көп жоготуусу кызмат өтөгөн алгачкы эки жылда болгон (35 жана 39 пайызы ушул мезгилге туура келет).
Биринчи жылды аман-эсен өткөргөндөр кийин согуштук тажрыйба топтоп, жаңы адистиктерди өздөштүрүп, бара-бара аскер бөлүктөрүнүн негизги өзөгүнө айланган. Алардын айрымдары офицер болушса, башкалары атайын адистиктерди өздөштүрүшкөн. Мисалы, Петухов сыяктуу айрымдары учкучсуз учуучу аппараттардын оператору болуп иштей баштаган. Мындай адистерди тынчтык мезгилинде даярдоого бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн эле.
Экинчиден, согуш жылдарында тыл деген түшүнүктүн өзү да өзгөрдү. Айдоочулар менен кампаларда иштегендер мурда деле коркунучта болушчу. Бирок бул кызматтар салыштырмалуу коопсуз деп эсептелип келген. Чабуул коюучу дрондордун кеңири колдонулушу коркунуч жаралган аймактын тереңдигин кыйла кеңейтти.
Британиянын коргонуу жана коопсуздук боюнча институтунун (RUSI) изилдөөсүндө аскердик аналитик Жек Уотлинг Украина фронттун боюнда орус аскерлеринин позициялары дээрлик дайыма бутага алынган, болжол менен 30 чакырымдык тилке түзүлгөнүн жазат. Дрондор жолдордогу кыймылга байкоо жүргүзүү, жолдорду аралыктан миналоо жана адамдарды, ок-дарыларды жана башка жүктөрдү ташыган транспортторго чабуул коюу үчүн колдонулат. 2026-жылдын башынан бери Украина Орусия армиясынын логистикалык түйүндөрүнө жасалган чабуулдарды күчөттү.
Уотлинг белгилегендей, түздөн-түз кагылышуу тилкесинде турган аскерлерге караганда аларды камсыз кылган бөлүктөргө сокку уруу көп учурда жеңилирээк.
Жыйынтыгында, Петуховдун чалгындоо бөлүгүнөн адегенде кампага, андан кийин камсыздоо кызматына өтүшү коопсуз тылга которулду дегенди билдирген эмес. Ал жаңы кызматка дайындалгандан төрт ай өтпөй, 2026-жылдын 5-июлунда каза болгон.
Бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар: Петухов ошол учурда расмий документтерде мобилизацияланган жоокер катары эмес, келишим менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери катары катталган. Валерий эмне үчүн келишим түзүүнү чечкени белгисиз.
Бирок эксперттер да, аскер кызматкерлеринин өздөрү да эки негизги жагдайды белгилешет: биринчиден, командирлерге жаңы келишимдик аскерлерди тартуу боюнча белгиленген планды аткаруу керек болгондуктан, жоокерлерге басым жасалат. Экинчиден, аскерлердин өздөрү келишим түзгөндөргө азыр сунушталып жаткан жогорку кошумча төлөмдөрдү алууга кызыкдар болушат.
Мобилизациялангандарга төлөнгөн каражаттарды изилдеген Янис Клугенин баамында, Петухов сыяктуу мобилизацияланып, кийин келишим менен кызмат өтөөгө өткөндөрдүн саны он миңдеген адам болушу мүмкүн.
Мисалы, Иркутск облусунда эксперттин эсебине ылайык, мурда мобилизацияланган аскерлер 2025-жылы жаңы келишим түзгөнү үчүн аймактык төлөм алган бардык аскер кызматкерлеринин 10-20 пайызын түзүшү мүмкүн.
2026-жылдын жай айларына карата мобилизациялангандарды келишимдик аскер кызматкерлеринин катарына өтүүгө үндөө Кремлдин коомчулукка багытталган билдирүүлөрүнүн бир бөлүгүнө айланган.
Владимир Путин Аскер-деңиз флотунун жетекчилиги менен болгон жолугушууда 2022-жылы мобилизацияланган Каспий флотилиясынын аскери менен сүйлөшкөн. Аскер кызматкери келишим түзүүнү пландап жатканын айткан. Президент анын окуясын мобилизацияланган адам согуштан "өзүнүн ордун тапканын" мисал катары көрсөткөн.
Американын Согушту изилдөө институту (ISW) бул окуяны мобилизациялангандарды армияда келишимдик аскер кызматкери макамы менен кармап калууга багытталган өнөктүктүн уландысы катары баалаган.
Бирок мобилизациялангандардын баары эле макамын өз каалоосу менен өзгөрткөн эмес. Келишимге кол коюудан баш тарткандарды чабуул бөлүктөрүнө жөнөтөбүз деп коркуткан учурлар да белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Sefa Karacan/Anadolu Agency via Getty Images
Мобилизациялангандарды айрым аскер бөлүктөрүндө "келишим түзүүгө мажбурлашкан" учурлар бар экенин бийликти колдогон блогерлер, атүгүл Мамлекеттик Думанын депутаттары да моюнга алышат.
2025-жылдын февралында "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаты Максим Иванов Түштүк аскер округундагы мобилизацияланган аскерлерден кайрылуулар түшүп жатканын билдирген. Алардын айтымында, келишим түзүүдөн баш тарткан адистерге, анын ичинде артиллеристтерге, байланыш кызматкерлерине жана радиоэлектрондук күрөш бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлерине жөө аскерлер жана чабуул бөлүктөрүнө которобуз деп үзгүлтүксүз коркутушкан.
Анын кайрылуусуна жооп берип жатып, Коргоо министрлиги мындай практикага жол берилбей турганын, бирок бул көйгөй "системалуу мүнөзгө ээ эмес" деп билдирген.
Бүтпөгөн мобилизация
2022-жылдын күз айынан кийин Кремль жаңы массалык мобилизация жарыялаган жок. Анын ордуна бийлик армияны толуктоонун башка жолдорун өркүндөтүп келди. Алардын арасында жаңы келишим түзгөндөргө ири өлчөмдө акча төлөө, ар бир аймак жана шаар үчүн аскерге кабыл алуу боюнча так план коюу, абакта отургандарды жана кылмыш иштери боюнча айыпталуучуларды согушка тартуу, мамлекеттик мекемелерде, коллеждерде жана университеттерде үгүт иштерин жүргүзүү бар.
SWP экспертти Маргарете Кляйн бул моделди "жашыруун мобилизация" деп атайт. Расмий түрдө жаңы кабыл алынгандардын көбү ыктыярчы катары эсептелет. Ошондуктан аларды согушка жөнөтүү бийлик үчүн жарандарга массалык түрдө аскерге чакыруу кагаздарын таратууга караганда саясий жактан азыраак тобокелчилик жаратат.
Бирок "ыктыярчы" деген сөздүн артында ар кандай жагдайлар турушу мүмкүн. Алар акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн тартып, административдик басымга, алдоого же мажбурлоого чейин жетет.
Биз мобилизацияланып, кийин соттолуп, эркинен ажыратуу жайларына жөнөтүлгөн, ал жактан кайра согушка кеткен 30дан ашуун учурду аныктадык.
Мисалы, Самара облусунан Владислав Христофоров мобилизация боюнча аскерге чакырылган. Ал аскер бөлүгүнүн жайгашкан жеринен эки жолу качкан. Бирок акыры кармалып, алты жылга эркинен ажыратылган.
Христофоров абакта отурганда келишим түзүп, согушка кеткен. Ал 2024-жылдын май айында каза болгон.
Каза болгону такталган мобилизациялангандардын абсолюттук саны боюнча биринчи орунда Башкыртстан (1113 адам) жана Татарстан (1047 адам) турат. Бул аталган республикаларда ыктыярчылар жана жергиликтүү активисттер каза болгондор тууралуу маалыматтарды жигердүү чогултуп жатканы менен түшүндүрүлөт.
Ал эми каза болгондордун санын аймактардагы ар бир 10 миң эркекке эсептегенде, мобилизациялангандардын арасындагы жоготуулар боюнча Бурятия кыйла айырма менен биринчи орунга чыгат, бул жакта 10 миң эркекке 30 каза болгон адам туура келет.
Андан кийинки орундарда турган Магадан облусу менен Тывадагы көрсөткүч мындан эки эсе төмөн.
Эң төмөн көрсөткүчтөр Москва менен Санкт-Петербургда катталган.
Америкалык аналитиктер Уислер менен Кофмандын баамында, армияны жаңы келишимдик аскерлер менен тынымсыз толуктап туруу стратегиясы Орусияга чабуулун улантууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок армияга жаңы алынгандардын даярдык деңгээли барган сайын төмөндөп жатат.
Дрондордун кеңири колдонулушу, фронттун миналарга жана артиллерияга толуп калышы эми тараптардын бирине да ири аскердик күч топтоп, фронтту жарып өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей калды. Ошондуктан орус аскер бөлүктөрү чакан топтор менен чабуул коюуга аргасыз болууда.
Мындай шартта фронтко кошумча аскер жөнөтүү автоматтык түрдө артыкчылык бербейт. Анткени аскерлердин саны көбөйгөнү менен, бул согуштук кубаттын ошого тете өсүшүнө алып келбейт.
Кофмандын пикиринде, 2025-жылдын аягына карата ай сайын армияга он миңдеген жаңы келишимдик аскерлерди тартуу модели иштебей, өзүнүн натыйжалуулугун жогото баштаган. Аймактар келишим түзгөндөргө төлөнүүчү акчаны улам көбөйтүүгө аргасыз болушкан. Ал эми жоготуулар мындан ары да көбөйгөндө, орус аскерлеринин фронттогу жалпы саны өскөн эмес.
RUSIнин аскердик аналитиги Жек Уотлинг Орусия азыркыдай темпте аскерге адам тартууну дагы бир топ убакыт уланта алышы мүмкүн деп эсептейт. Бирок анын баамында, жаңы толуктоолордун арасында ыктыярчыларга караганда резервдеги аскерлердин жана ар кандай мажбурлоо ыкмалары аркылуу тартылгандардын саны көбөйүп жатат.
Согушту изилдөө боюнча америкалык институт (ISW) Кремль армияга жүз миңдеген резервдеги аскерлерди аз-аздан, бирок үзгүлтүксүз тартууга мүмкүндүк берген механизмди даярдап жатат деп эсептейт.
Биздин тизмеде сентябрдын башына карата Орусиянын согуштагы жалпы жоготуулары 243 674 адамды түзөт.
Биз каза болгон аскер кызматкерлери тууралуу маалыматтарды чогултууну улантып жатабыз. Эгер сизде бул тема боюнча бөлүшө турган маалымат болсо, bbcrussian@bbc.co.uk дарегине жазыңыз.



























