Украинанын коопсуздук кызматынын башчысынын кабинетине сокку урулду

Соккуга кабылган имарат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соккуга кабылган имарат.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Владимир Зеленский Орусия Киевдин борборундагы Украинанын коопсуздук кызматынын башкы имаратына сокку урганын билдирди. Анын айтымында, дрон атайын кызматтын жетекчисинин милдетин аткаруучу Александр Покладдын кабинетине тийген. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, сокку болгон учурда Поклад кабинетте болгон эмес. Орусия бул чабуул боюнча азырынча комментарий бере элек. Чабуул АКШ президентинин атайын өкүлдөрү жакынкы күндөрү Москвага да, Киевге да барары кабарланып жаткан учурда болду.

«Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Поклад менен сүйлөштүм. Тилекке каршы Орусиянын дрону Киевдеги Владимир көчөсүндөгү София соборунун маңдайында жайгашкан Коопсуздук кызматынын башкы имаратына тийди», — деп жазды украин президенти Телеграмдагы каналына.

«Дрон бул имараттагы Коопсуздук кызматынын жетекчисинин кабинетин түз бутага алган», — деп баса белгиледи Зеленский.

Анын айтымында, ал Коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучуга «баары даяр болгондо» Орусиянын бул соккусуна «тийиштүү, сезилерлик жана мүмкүн болушунча окшош жооп кайтарууну» тапшырган.

«Украинская правда» басылмасы Зеленскийдин билдирүүсүнөн бир аз мурда өз булактарына таянып, дрон Покладдын кабинетине тийгенин, бирок ал ошол учурда кабинетте болбогонун маалымдаган.

Жарыяланган сүрөттөргө караганда, тарыхый имараттын үчүнчү кабатында өрт чыккан.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаардагы Шевченко районунда дрон кулагандан кийин бир имараттын чатырында өрт чыкканын билдирген.

Би-Би-Синин украин кызматы билдиргендей, Коопсуздук кызматынын имаратынын маңдайында жайгашкан «Завертайло» рестораны да дрон чабуулу болгонун маалымдаган. Андан алыс эмес жерде София собору жайгашкан. Жылнаамаларга ылайык, аны 1037-жылы князь Ярослав Мудрый курдурган.

Күбөлөр жума күнү болжол менен саат 15:30да жарылуу болгонун, андан кийин Алтын дарбаза районунан калың түтүн көтөрүлө баштаганын «Украинская правда» басылмасына билдиришти.

Орусия бул сокку боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Украинская правда» Украинанын коопсуздук кызматынын имаратынын сокку урулгандан кийинки сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттүн булагы, pravda.com.ua

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, «Украинская правда» Украинанын коопсуздук кызматынын имаратынын сокку урулгандан кийинки сүрөтүн жарыялады.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2022-жылдын февралында Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан бери Орусиянын аскерлери өлкөнүн саясий жана аскердик жетекчилигине чабуул жасаган эмес.

АКШнын катышуусунда жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу аракеттери 2026-жылдын февралында Америка менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан кийин токтоп калган.

Мындан бир күн мурда, 3-сентябрда, Зеленский АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен диалог кайра жанданарын билдирген.

«Алдын ала белгиленген даталар бар. Биз АКШ президентинин өкүлдөрүн бул жерде, Киевде көрөбүз деп күтүп жатабыз. Алардан тастыктама бар: жолугушуулар Москвада да, Киевде да өтөт. Биз жакынкы күндөрү жолугушуу болот деп күтүп жатабыз», - деген Зеленский.

Жума күнү, 4-февралда, Орусиянын ТАСС агенттиги булактарына таянып, Уиткофф менен Кушнер «Москвага, андан кийин Киевге барууну пландап жатканын, сапар 5-6-сентябрга белгиленгенин» кабарлады.

Ошол эле учурда Reuters агенттигинин булагы Москва буга чейин Украинага бир да жолу барбаган Уиткофф менен Кушнердин Киевге сапарына каршы экенин билдирген.

«Орустар алардын Киевге барышын каалашпайт жана пландарын өзгөртүүгө аракет кылып жатышат», - деди агенттиктин булагы.

Уиткофф менен Кушнер Москвага акыркы жолу январда барып, Кремлде президент Владимир Путин менен түн ичинде төрт саатка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Путин Украинадан бир нече жолу дагы көбүрөөк аймакты өткөрүп берүүнү талап кылган. Киев бул талаптарды четке кагып, аларды багынып берүүгө барабар деп эсептейт.