"75чилердин иши". Ташиев суралды, Зулушев көрсөтмө берүүдө

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга" айыпталган саясатчылар көрсөтмө берип жатышат. Би-Би-Синин соттогу кабарчысы билдиргендей, мурдагы депутат Аалы Карашев көрсөтмө берди, азыр мурдагы депутат Курманкул Зулушев суралып жатат. Маалыматты Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова ырастады.
Түштөн кийин Курсан Асанов менен Курманбек Дыйканбаев көрсөтмө берет.
"Эки айыпкер суралып бүткөн соң, иш материалдар изилденип башталат. Анан айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгат. Эң соңунда аларга акыркы сөз берилет. Дагы бир-эки баскыч калды", - деди Аалы Карашевдин жактоочусу Разак Ашымбаев.
Кечээ, 3-сентябрда мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев көрсөтмө берген.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.
Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.
11-февралдан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.
Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Ошондон кийин, 10-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.
Кийин кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.
Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.



























