You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Баткен: Жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга маалымат 2026-жылдын 26-апрель күнү саат 10:00дөр чамасында түшкөн.
"Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн жубайы 44 жаштагы Э.Г.ны бычак менен сайып өлтүрүп, андан соң өзүнө-өзү кол салып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 26-апрелине караган түнү, Чоң-Кара айылынын тургуну К.А. белгисиз себептерден улам, балдары уктап жаткан учурда, убактылуу жашоочу жайдагы уктоочу бөлмөдө жубайына ашкана бычагы менен бир нече жолу сайган. Натыйжада аял киши окуя болгон жерде каза болгон. Андан соң К.А. үйүнүн короосундагы өрүк бакка мал байлоочу жип менен өзүн-өзү асып, каза болгон" деп айтылат милициянын малыматында.
Чоң-Кара айылынын башчысы Темирбек Төлөбаевдин айтымында, жубайлардын артында беш баласы калды. Ата-энесинин каза болгонун көргөн балдар алгач туугандарына телефон чалып, чакырышыптыр. Ал эми маркумдун туугандары айыл башчыга кабар берип, айыл башчы өз кезегинде милицияга маалымат бергенин билдирди.
"Азырынча кандай болуп өлгөнү белгисиз. Аялына экспертиза дайындашты. Күйөөсү болсо бакчанын ичинде асынып алыптыр. 1980-1981-жылкы болушкан. Жубайлардын буга чейин урушканын деле уккан эмеспиз. Тынч эле жашап жүрүшкөн. Милицияга деле катталган эмес экен. Мен деле алардын ызы-чуусун уккан эмесмин. Мал чарбачылыгы менен эле оокат кылышчу. Анан жолдошу кичине жалданма иштерге чыкчу. Беш баласы бар. Экөө окууну бүткөн, үчөө мектеп окуучулары экен. Бир кызын турмушка узатышкан. Эң кенжеси экинчи класста окуйт. Жубайлардын экөөнүн тең ата-энелеринин көзү өтүп кеткен болчу. Бир туугандары бар. Бүгүн кечки саат сегиздерде жерге берилет. Анан үч күндөн соң бардык зыйнаттары бүтсө, анан балдарды ким карай тургандыгы чечилет. Азыр экөөнүн тең бир туугандары ушул жерде. Алдын ала айтыш кыйын. Бирок аялдын эки бөйрөк тарабына учтуу нерсе сайылгандай. Мен барсам туугандары маркумдарды керебетке жаткырып коюшуптур. Эми балдарга эле кыйын болду" - деди Чоң-Кара айылынын башчысы Темирбек Төлөбаев.