"Москвага баруу демилгесин мен өзүм көтөрдүм". Жапаров жакындары жана Москвага сапары тууралуу суроолорго жооп берди

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-апрелде "Кактус медиага" берген маегинде үй-бүлөсүнүн саясатка таасири, бир тууганы Сабыр Жапаровдун айланасындагы талкуулар жана Москвага болгон күтүүсүз сапары тууралуу суроолорго жооп берди.

Президенттин айтымында, анын жакындары мамлекеттик кызматтарды ээлебейт жана саясий процесстерге катышпайт. Бул тууралуу мамлекет башчысы крипто-миллиардер Жастин Сандын сапары учурунда уулу Нурдөөлөттүн коштоп жүргөнүнө түшүндүрмө берип жатып билдирди.

Садыр Жапаров уулу Нурдөөлөт англис тилин жакшы билгендиктен, кээде котормочу катары гана жардам берип жатканын белгиледи.

"Мен башынан эле жакындарыма: "мурунку президенттердин катасын кайталабайбыз" деп катуу айткам. Алар мамлекетке жана тиешеси жок иштер менен алектенишет. Кээ бирлери инвесторлорду тартууга көмөктөшөт, бирок мамлекеттик мекемелерди өз кызыкчылыгына колдонбойт", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү тууралуу суроого да жооп берди. Президенттин айтымында, ал сүрөт Түркиядагы алтын иштетүүчү заводдордун биринде тартылган жана Сабыр Жапаровдун "Кумтөргө" эч кандай тиешеси жок.

"Бул жөн эле калп эмес - бул 100 түгүл, 1000 пайызга калп. Анын бирден-бир ойлонбой жасаган катасы - Түркияга барып, алтын иштетүүчү заводду көрүп, колуна алтын кармап сүрөткө түшкөнү болду. Бул боюнча буга чейин эле толук түшүндүрмө бергем, кайталап отурбайм. Эгер ал чындап эле Кыргызстандын алтынын чыгарып жатса, минтип сүрөткө түшмөк беле?... "Кумтөр" - бул катуу көзөмөлдөгү объект. Бардык жерде онлайн-видеокамералар орнотулган. 2021-жылдан тарта биз видеокөзөмөл тутумун жапырт киргиздик", - деген президент.

Анын ушул жумадагы Москвага болгон күтүүсүз сапары коомчулукта ар кандай жоромолдорду жараткан. Жапаровдун айтымында, бул сапардын демилгечиси өзү болгон:

"Эгемендүү мамлекеттин президентин эч ким чакыртып ала албайт. Тескерисинче, Москвага баруунун демилгечиси мен өзүм болдум. Астанадагы экологиялык саммитке катышкандан кийин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир нече маселени чечүү үчүн жолугушуу өткөрүүнү чечтим. Владимир Владимирович бул демилгени дароо колдоду. Сапардын биринчи күнүндө биз эки сааттан ашык убакыт кыргыз-орус мамилелеринин кеңири чөйрөсүн талкууладык. Бир катар темалар боюнча тиешелүү министрлердин катышуусунда кошумча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү макулдаштык, алар тез арада чакыртылып, эртеси күнү кеңири курамда жолугушуу өттү. Бардык негизги маселелер жөнгө салынды".

Президент "Кактус медиага" берген маегинде акыркы саясий окуялар, парламенттеги депутаттардын мандаттарын тапшыруусу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тегерегиндеги суроолорго токтолгон.

Адатта президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине гана маек берип келет. Ал акыркы 3-4 жылдан бери журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрө элек. Андыктан Жапаровдун президент катары "Кактус медиа" сыяктуу эркин медиаларга маек бергени сейрек көрүнүш. Буга чейин апрель айында Оштогу жумушчу сапарында эркин журналист жана блогер Ыдырыс Исаковго видео маек берген.