You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ менен Иран согушу долларга кандай таасир тийгизет?
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШнын Иранга кол салуусунан кийин доллар дүйнөлүк резерв жана эсеп-кысап валютасы катары өз ордун сактап кала алабы деген талкуу кайра жанданды. Иран Ормуз кысыгын жаап, танкерлерден кытай юаны жана стабилкоиндер менен салык чогулта баштады. Бул жагдай дүйнөнүн алдыңкы валютасы үчүн канчалык коркунучтуу жана Иран согушунун натыйжасында юань доллардын ордун баса алабы?
Ондогон жылдардан бери мунайдын баасы доллар менен өлчөнүп келген. Учурда дүйнөлүк мунай жана мунай продуктуларынын болжол менен 85 пайызы АКШ доллары менен сатылат.
Орусия, Кытай, Иран жана башка өлкөлөр доллардын үстөмдүгүн азайтууга аракет кылып жатканына карабастан бул көрсөткүч дээрлик өзгөргөн жок.
Ушундай эле көрүнүш эл аралык резервдерде да байкалат. Дүйнө өлкөлөрү өз каражаттарын негизинен доллар менен сакташат. Анын үлүшү болжол менен 60 пайызды түзөт, евро 20 пайыздын тегерегинде. Калганы Улуу Британия, Жапония, Канада жана Австралия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн валюталарына туура келет. Ал эми кытай юанынын үлүшү болгону 2 пайызга жакын.
Мунун баары АКШ дүйнөдөгү эң ири жана эң өнүккөн экономика болгондугунда. Америкада абдан чоң финансылык рынок бар, мыйзам үстөмдүгү камсыздалган, капитал эркин кыймылдайт, борбордук банк көз карандысыз жана Батыштагы эң кирешелүү, инновациялык бизнес дал ушул өлкөдө жайгашкан.
Бирок өткөн жылы Дональд Трамп кайрадан Ак үйгө экинчи мөөнөткө келгенден кийин бул артыкчылыктардын айрымдары коркунучка кабылып, доллардын позициясы солгундай баштады.
Өткөн жыл ичинде доллар 8 пайызга арзандады. Дүйнөдө "Американы сат" деген жаңы каржылык стратегия тууралуу сөздөр чыга баштады. Айрым серепчилер бул төмөндөөнү Трамп жүргүзгөн соода согуштары, союздаштарга карата басымы жана АКШнын каржылык, аскердик күчүн башка өлкөлөргө саясий-экономикалык кысым көрсөтүү үчүн колдонууга даярдыгы менен түшүндүрүштү.
Доллардын төмөндөшү 2026-жылдын башында, Иранга кол салууга чейин да уланды. Бирок Трамп дүйнөдөгү негизги мунай-газ аймагындагы туруктуулукту бузуп, глобалдык экономикалык кризис коркунучун жараткан учурда, доллар тескерисинче өсө баштады.
Доллар Трамптын саясатынын таасиринен кутула алабы?
"Дүйнө өз байлыгынын чоң бөлүгүн АКШ доллары менен сактайт. Эгер биз акылга сыйбаган саясат жүргүзүүнү токтотпосок, бул көрүнүш уланабы деген суроо бар",- деди америкалык валюта талдоочусу Брэд Сетсер.
"Азыркыга чейин бул суроого жооп бирөө эле болуп келди, ооба, уланат".
Иранга кол салуудан кийин доллардын 2%га жогорулашы Америка валютасынын резервдик статусу азырынча коркунучта эместигин тастыктайт,- деп белгилейт америкалык Brookings Institution уюмунун өкүлү Робин Брукс.
"АКШнын акцияларына жана облигацияларына болгон чет элдик акчалардын агымы акыркы 25 жылда эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Доллардын соңку өсүшү инвесторлор аны дагы эле кризис учурундагы коопсуз валюта катары көрөрүн тастыктайт",- деп жазды ал.
Мурунку кризистердегидей эле, Иран бомбалана баштаганда инвесторлор биринчи кезекте согуштан жабыркай турган аймактардан - Азиядан, Жакынкы Чыгыштан жана жарым-жартылай Европадан каражаттарын чыгарып, аны долларлык активдерге алмаштыра баштады.
Анткени алар туруктуу, кирешелүү жана эң башкысы АКШ экономикасы башкаларга караганда оор кырдаалдан тезирээк чыгууга жөндөмдүү экенин көп жолу далилдеген. Мындан тышкары, учурдагы энергетикалык кризистен АКШ башкаларга караганда жакшыраак корголгон, анткени ал дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ өндүрүүчү өлкө.
"Трамптын сынчылары АКШнын жоопкерчиликсиз саясаты жана күчтү ашыкча колдонуусу доллардын алсырашынын негизги себеби болот дешүүдө. Бирок чын эле доллар өзгөчө макамынан ажыроо коркунучуна туш болуп жатабы? Бул макамды жоготуу АКШ үчүн олуттуу соккубу?",- деп суроо салды америкалык экономист, Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман.
"Менимче, бул эки суроого тең жооп - жок".
Нефтедоллардын доору аяктап, нефтеюань доору келеби?
Иран, Орусия, ал тургай Сауд Арабиясы мунайды юань менен сата баштаса да, доллардын позициясы олуттуу өзгөрбөйт. Анткени дүйнөлүк мунай рыногунда реалдуу жеткирүүлөр жалпы көлөмдүн болгону аз гана бөлүгүн түзөт. Калганы соода-сатык виртуалдык мунай жеткирүү боюнча финансылык келишимдер менен жүргүзүлөт жана бул соода Америкада доллар менен ишке ашат.
Мунай рыногунда доллардын үстөмдүгүнүн себептеринин бири 1970-жылдардагы биринчи мунай кризисинен кийин АКШ менен Сауд Арабиясынын мунай баасын доллар менен белгилөө тууралуу келишимге келиши.
Ал кризис араб өлкөлөрүнүн Израил менен согушунан жана кийин Ирандагы ислам революциясынан улам башталган.
Ошондон бери бул система сакталып келет. Бирок Брэд Сетсердин пикиринде, доллардын эсеп-кысаптарда жана резервдерде үстөмдүк кылышынын негизги себептери мындан да тереңирээк.
"АКШ 1930-жылдары дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда биз Британияга мунай жеткирип турганбыз. Жалпысынан алганда, мунай тармагы АКШда калыптанып, мунай ар дайым доллар менен сатылып келген",- деп жазат ал.
Эмне үчүн доллар азырынча коркунучта эмес?
Брэд Сетсердин айтымында, Перс булуңундагы мунай жана газ экспорттоочу өлкөлөрдүн жана Европа Биримдигинин негизги жеткирүүчүсү Норвегиянын учурдагы эсебинин профицити өткөн жылы 200 миллиард долларга жакынды түзгөн.
Бул Батышка мунай эмес, товарларды саткан Кытайдын жана башка Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн 1,5 триллион доллар профицитине салыштырмалуу жөн гана майда-чүйдө нерсе.
Ошондуктан, Ирандагы согуш Перс булуңундагы мунай монархияларын узак жылдар бою кошумча кирешеден ажыратса да доллар өзгөчө статусун эки негизги себептен жоготпойт.
Биринчиси - ушул масштабга тең келген инвестициялоо альтернативасынын жоктугу. Кытай (мамлекеттик банктары аркылуу) жана башка өлкөлөр резервге доллардык активдерди топтоону улантып жатат.
Ал тургай санкцияларга кабылган жана АКШнын үстөмдүгүн сынга алган өлкөлөр да иш жүзүндө долларга каршы күрөшкөн жок. Алардын максаты санкциялардын алынып салынышы жана дүйнөлүк экономикага кайра кошулуу.
Экинчи себеп - ач көздүк.
Америкалык компаниялар европалык же жапондук атаандаштарына караганда көбүрөөк пайда жана акционерлердин кирешесин алып келүүнү улантууда.
Ошондуктан Amazon, Google жана Apple сыяктуу компаниялардын акцияларына инвестиция салуу көбүрөөк киреше берет. Ошондой эле АКШнын мамлекеттик облигацияларына инвестиция да пайдалуураак, анткени Америкада пайыздык чендер Европага жана айрыкча Жапонияга караганда жогору.
Мындан тышкары, АКШнын рынокторунун туруктуулугу жана тереңдиги башка өнүккөн өлкөлөр менен салыштыргыс деңгээлде. Бул өлкөлөрдө капиталды эч тоскоолдуксуз гана жайгаштырбастан, каалаган учурда кайра чыгарып кетүү да мүмкүн. Кытай бул категорияга кирбейт.
Натыйжада доллар менен сакталган каражаттарга да, аны көбөйтүүнү каалагандарга да каражаттар ошол жакка багытталат. Ал тургай Дональд Трамп да АКШ валютасын сатып алуучулардын баарын коркутуп же аларды четтетип сала албай жатат.