You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
АКШ Ирандын жүк ташуучу кемесин басып алды, Ормуз кысыгы ачыла элек
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды ок атышпоо келишиминин шарттарын бузду деп айыптап, өлкөнүн маанилүү инфраструктурасы, анын ичинде көпүрөлөр жана электр станциялары жок кылынат деп Тегеранга сөөмөй кезеди. Ирандын бийлиги өз кезегинде америкалык аскерлер Оман булуңунда Ирандын желеги алдында келаткан жүк ташуучу кемени басып алгандан кийин элдешүү келишимин АКШ бузганын ырастоодо.
Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов эки айга камалды
Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов "кылмыштуу топторду каржылоого" айыпталууда.
Элчи Өмүрбек Текебаев талкуу жараткан сөзүнө түшүндүрмө берди
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы акыркы билдирүүсүнөн улам келип чыккан талаш-тартыштарга байланыштуу түшүндүрмө берди.
Red Petroleum май куюучу жайлардын башчысы Акылбек Маматов тил кат менен абактан бошотулду
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Red Petroleum май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Акылбек Маматовдун бөгөт коюу чарасын өзгөрттү.
Казакстандын жана Кыргызстандын Эл акыны Мухтар Шаханов дүйнөдөн өттү
19-апрелде 83 жаш курагында Казакстандын эл жазуучусу, акын, драматург, Казакстандын Эмгек Баатыры жана Кыргызстандын Эл акыны Мухтар Шаханов каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги маалымдады. Буга чейин акындын оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы кабарланган эле.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын саны азаюуда
Расмий статистикага ылайык, акыркы жылдары Орусиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын саны азаюу тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Асаналиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.
Киевдеги атышуу: Алты адам каза тапты, барымтадагылар бошотулду
Ишемби күнү Киевде белгисиз адам Голосеевский районунда адамдарга ок чыгарды. Андан алты киши каза болду. Кол салган адам кармоо учурунда өлтүрүлдү. Укук коргоо кызматкерлери ал баррикада түзүп алган супермаркетти штурм менен алышкан.
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты. Айрым кемелер аткыланды
Ирандын куралдуу күчтөрү ишемби күнү Ормуз кысыгы кайрадан "катуу көзөмөлдө" экенин жарыялап, Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында кабыл алынган стратегиялык кысыкты ачуу чечимин жокко чыгарышты.
Темирлан Султанбеков: "Сот тергөөдөгү мыйзам бузууларды аныктады"
Биринчи май райондук соту 13-мартта Темирлан Султанбековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узарткан.
Милиция сабалды делген бөбөктүн окуясын териштирди
Милиция сабалды делген бөбөктүн окуясын териштирди
Кемпир-Абад иши: дагы үч киши райсоттон акталды
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу ишти карап, айыпталуучулар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Кеңешбек Дүйшөбаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге Кемпир-Абад иши боюнча дагы айыпталуучу Айбек Бузурманкулов ырастады.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон берилет
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Спутниктен алынган сүрөттөр: Израил Ливандын түштүгүндөгү шаарларды максаттуу түрдө талкалаганбы?
16-апрелде Израил менен Ливандын лидерлери ок атышууну 10 күнгө токтотууну макулдашканы жарыяланды. Ага чейин Ливандын түштүгүндөгү шаарлар жана кыштактар Израилдин соккуларынын натыйжасында талкаланганын спутниктен алынган сүрөттөр жана видео кадрлар тастыктады. Аларды Би-Би-Синин верификациялоо бөлүмү – BBC Verify - алып, изилдеп чыкты. BBC Verify бөлүмүнүн материалдарды талдоосу көрсөткөндөй, 2-марттан бери 1400дөн ашуун имарат талкаланган.
Раиса Атамбаева ИИМге суракка барганы айтылды
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ИИМдинТергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева 17-апрелде өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
Трамп Ливанда ок атышуу токтогонун жарыялады
АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Израиль менен Ливандын жетекчилери аны менен сүйлөшкөндөн кийин бейшембиден жумага караган түнкү саат 12ден тартып ок атышууну токтотууга макул болгонун билдирди.
Ысык-Көл жана Ош облустарында аскердик машыгуулар өтөт
21–23-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда "Коопсуздук-2026" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен Би-Би-Сиге ырасташты.
Президент референдум тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштады
Президент референдум тууралуу жаңы мыйзам долбоорун демилгеледи, Жогорку Кеңеш долбоорду каттады. Садыр Жапаров өзү сунуштап жаткан мыйзамды парламентте Борбордук шайлоо комиссиясы сүрөмөкчү.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.