You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Улан Эгизбаев тууралуу тасма кинотеатрларда көрсөтүлө баштады
Кыргызстанда маркум журналист Уланбек Эгизбаев тууралуу "Мафия. Миллиондор изи" аттуу көркөм тасма кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Андагы окуянын өзөгүн ири коррупциялык схема менен күрөшкөн иликтөөчү журналисттер түзөт.
Фильмдин башкы продюсери Али Токтакунов экранда ар бир көрүүчү өзүн көрө алат дейт.
"Фильмден элдер өздөрүн көрө алат. Эгерде ушул фильмге кирип калса, коррупционер өзүн көрөт. Анын кошоматчысы өзүн көрө алат. Таза жүргөн адамдар өзүн көрө алат. Алар менен табакташ болуп кеткендер өзүн көрө алат. Бул фильм биздин өзүбүз жөнүндө. Бул фильм – күзгү десек болот", - деди фильмдин башкы продюсери, журналист Али Токтакунов.
Тасманы тартуу иштерине чет элдик киночеберлер да катышкан. Ал эми башкы образдарды жаратуу үчүн жаш, жаңы жүздөр тандалып алынган.
Али Токтакунов тасма чыныгы окуялардын негизинде тартылып, андагы каармандардын аты гана өзгөртүлгөнүн айтты. Ошондой эле ал кандай саясий кырдаал болбосун, журналисттер үчүн принцип, чындык бирөө гана болорун баса белгиледи.
"Саясий кырдаал ар түрдүү болот. Бирок принциптер бир эле болот. Чындык бирөө эле болот. Кандай гана саясий кырдаалдарга карабастан, кыйын журналисттер чыгып келген, чыга берет. Биз мындан дагы оор замандарды көргөнбүз. Азыр абал кыйла жеңилдеп калды. Балким ушундай кыйын замандар журналисттерди курчутат, чыңдайт", - дейт Али Токтакунов.
Ал эми белгилүү журналист Азамат Тынаев бул тасмадан кийин журналистикага кызыккан жаштар көбөйөт деп ишенет.
"Улан Эгизбаевдин өлүмү биз үчүн орду толгус чоң жоготуу болгон да. Дал ушул фильмден кийин журналистика кесибине көп жаштар агылып келет деп ойлойм. Ал эми биз – Кыргызстандын журналисттери ошондой агылып келүүгө муктажбыз", - деди Тынаев.
Улан Эгизбаев иликтөө жанрын элге жаңы ыкма менен алып чыккан чыгаан журналист катары элдин эсинде калды. Анын "Көрүстөндөгү коррупция", "Бажыдагы миллиондор" сыяктуу ар бир иликтөөсү коомдо сенсация жараткан.
Маркум Уланбек Эгизбаев 2018-жылы болгону 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Анын артында жубайы жана уулу калды.