Жапаров: "Кумтөрдө иш аяктаган соң, бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталат"

Сүрөттүн булагы, Official
3-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жапаров Талас облусунун, ошондой эле Айтматов жана Манас райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, аймакты жана жалпы республиканы мындан ары өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы Талас облусунун бюджети 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы анын бекитилген көлөмү 1 млрд 268 млн сомго жеткен. Ошентип, 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик эки эсеге көбөйгөн.
2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Тогуз айдын ичинде республикалык бюджеттен 8 млрд 638 млн сом каржыланган.
2021-жылы Айтматов районунун бекитилген бюджетинин өздүк кирешелери 129 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 167 млн сомго жеткен.
2026-жылы Айтматов районунда 24 объектти, анын ичинде капиталдык курулуш объекттерин, жолдорду оңдоону, таза ичүүчү суу менен камсыздоону жана ирригацияны өнүктүрүүнү ишке ашырууга жалпысынан 608 млн сом каралган. 1-октябрга карата 556 млн сом толугу менен которулган.
2021-жылы Манас районунун бекитилген бюджетинин өздүк кирешелери 70 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 95 млн сомго жеткен.
2026-жылы райондогу сегиз объектти, анын ичинде капиталдык курулушту, оңдоо иштерин, жол инфраструктурасын, таза ичүүчү суу менен камсыздоону жана ирригацияны өнүктүрүүнү ишке ашырууга 106 млн сом каралган. 1-октябрга карата республикалык бюджеттен 104 млн сом бөлүнгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан тышкары, 2026-жылы Талас облусунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга Турукташтыруу фонду аркылуу жана "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча кошумча 5 млрд 543 млн сом бөлүнгөн.
Бул каражаттар капиталдык курулуш объекттерине, жолдорду оңдоого, таза ичүүчү суу менен камсыздоого жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 1 млрд сомго турак жай комплекстеринин курулушу каржыланган.
"Быйыл Талас облусунда 29 объекттин курулушу аяктады. Алардын арасында "Акылман" лицейи, "Баластан" борбору, "Манас Ордо" жана "Айтматов Ааламы" комплекстери, Нуржанов атындагы аллея, ошондой эле бир катар мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, маданият, өндүрүш жана башка социалдык объекттер бар",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы алты өндүрүш объектиси курулуп, пайдаланууга берилди. Инвестициялардын жалпы көлөмү 8,1 млн АКШ долларын түзүп, 325 жумуш орду түзүлгөн.
Алардын катарында нан жана кондитердик азыктарды өндүрүүчү "Адис нан" ишканасы, "Гранит Транс Сервис" асфальт-бетон заводу, "Кен-Арал" кирпич өндүрүү ишканасы, "Талас Эко Фуд" төө буурчакты кайра иштетүү ишканасы, "Нур КапСтрой" асфальт-бетон заводу жана "Күркүрөө" курулуш материалдарын өндүрүү ишканасы бар.
Президент мамлекеттин стратегиялык кендерди өз алдынча өздөштүрүүгө өтүшүнө, тоо-кен тармагынан бюджетке түшкөн кирешелердин көбөйүшүнө жана бул каражаттардын өлкөнү жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталышына өзгөчө токтолду.
Мамлекет башчысы Талас өрөөнү минералдык ресурстардын олуттуу запастарына ээ экенин белгиледи. Бул жерде Талды-Булак жана Андаш алтын-жез кендери, Күмүштак күмүш кени жайгашкан, ошондой эле курулуш чийки заттарынын, анын ичинде жогорку сапаттагы кварц кумунун, акиташтын, Кайыңды гранитинин, түстүү мрамордун жана башка пайдалуу кендердин мол запастары бар.
"Ушуга байланыштуу президент бир катар кендерди мамлекет инвесторлорго лицензияларды сатпастан, 100% өз күчү менен өздөштүрөрүн белгиледи. Кеп Талды-Булак, Андаш жана Бала-Чычкан кендери жөнүндө болуп жатат. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн "Кыргызалтын" ААКда кесипкөй адистерден турган команда түзүлгөн. Учурда мамлекет Тоголок, Кызыл-Омпол жана Үңкүр-Таш кендерин өз алдынча иштетип жатат, бул үчүн зарыл болгон каржылоо, техникалык каражаттар, жабдуулар жана квалификациялуу кадрлар менен камсыздалган. Мында экологияны коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат",- деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы белгилегендей, кендерди өздөштүрүү боюнча бардык долбоорлордо мамлекеттин үлүшүн 30% өлчөмүндө караган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, бул Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыздоого мүмкүндүк берди, эми мамлекет көмүрдү мурдагыдай сатып албайт, ал эми керектөөчүлөр арзан электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздалууда.
Мындан тышкары, президент Жетим-Тоо кенин өздөштүрүү тууралуу маалымат берди. Пландарга ылайык, 2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктайт. Андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталат.
Садыр Жапаров сөзүн улап, бүгүнкү күндө Талас өрөөнүндө аймактын башкы байлыгы жана чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы алтын кени - Жерүй кени иштеп жатканын айтты. Аны "Альянс Алтын" компаниясы иштетип, 1000ге чукул адамды жумуш орду менен камсыз кылууда, алардын басымдуу бөлүгүн Талас облусунун тургундары түзөт.
Тоо-кен ишканасы республикалык бюджетке киреше салыгын, кошумча нарк салыгын, пайда салыгын, ошондой эле лицензияларды кармап туруу үчүн төлөмдөрдү жана бонустарды төлөйт. Мунун аркасында 2026-жылдын 9 айында эле мамлекеттик казынага 20 млрд сом которулган.
"Мурда Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд сом кирешеге кубансак, бүгүнкү күндө Жерүйдүн бир эле кени төрт эсе көп киреше түшүрүп жатат", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Муну менен катар каражаттар жергиликтүү бюджетке жана облустун өнүктүрүү фонддоруна багытталат. 2021-жылдан бери "Альянс Алтын" компаниясы жергиликтүү фонддорго 3,5 млрд сомдон ашык каражат которгон. Бул каражаттардын 50%ы Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 30%ы Талас районун өнүктүрүү фондуна, ал эми калган 20%ы кен жайгашкан Шумкар-Уя айыл аймагынын бюджетине түшөт.
"Биз ар жыл сайын пенсиянын көлөмүн жакшы эле көтөргөнгө аракет кылып келебиз. Манас районунда 4 316 адам, Айтматов районунда 8 985 адам пенсияда экен. Быйыл 1-октябрдагы жогорулатуудан кийин колуңуздарга орточо 11 500 сомдон пенсия алдыңыздар. Буюрса, жыл сайын байкаларлык көтөрүп турабыз деген планыбыз бар", - деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, президент спорт тармагында ар бир айылда кичи футбол аянтчаларын куруу милдети коюлганын, учурда Талас облусунда курулуш иштери аяктаганын кошумчалады.
Саламаттык сактоо тармагына токтолгон мамлекет башчысы келерки жылы Манас жана Айтматов райондорунда ар бири 100 орунга ылайыкталган Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун имараттарын куруу планы бар экенин белгиледи.
Акыркы беш жылда Айтматов районунда жалпысынан 23,5 чакырым жолго асфальт төшөлгөн, ал эми 2026-жылы 38 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Манас районунда акыркы беш жылда 28 чакырым жолго асфальт төшөлсө, үстүбүздөгү жылы дагы 26 чакырым жол асфальтталды.
Энергетика тармагында мындан эки жыл мурда Манас районунда жайгашкан кубаттуулугу 25 мегаватт болгон "Бала-Саруу" чакан ГЭСи пайдаланууга берилген.
Бул - эгемендик жылдарында чакан ГЭСтер боюнча ишке ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Аны ата мекендик адистердин күчү менен куруп бүтүрдүк. Бүгүн станция бул аймактын элин электр кубаты менен камсыздап жатат.
"Бала-Саруу" ГЭСин курууда топтолгон тажрыйбага таянып, башка суу сактагычтарда да чакан ГЭСтерди куруу башталды. Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктады, Папан ГЭСин куруу иштери уланууда.
"Айтматов районунда да кубаттуулугу 4,3 мегаватт болгон "Баарын" чакан ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат. Станция жыл соңуна чейин ишке киргизилип, калкты жана ишканаларды электр кубаты менен камсыздоого салым кошо баштайт", - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.






























