"Бизге тийишпегиле!": "Мадина" базарын жабуу маселеси убактылуу токтоду

"Мадина" базарын жабуу маселеси убактылуу токтоду. Ал жакта соода кылган сатуучуларга жаңы базарга жайгашып алуу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдик берилди. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев 29-июлда ишкерлердин жаңы соода базарына көчүүсү тууралуу суроолорго жооп берип жатып билдирди. Жунушалиев ишкерлер көчүшү керек болгон "Ата-Тоо" жаңы базарында жоюлушу керек болгон бир катар кемчиликтер бар экенин моюндады.
"Ишкерлердин демилгеси менен макулдашуу комиссиясы түзүлгөн. Бирок учурда комиссия күтүлгөн натыйжаны бербегендиктен, анын ишин аяктоо чечими кабыл алынды. Комиссиянын курамына кирген ишкерлердин өкүлдөрү бирдиктүү позицияны иштеп чыгып, аны калган соодагерлерге да, шаар тургундарына да жеткире алышкан эмес",- деди мэр.
Шаар башчысы соода орундарын ижарага берүү маселесине да токтолду. Ал ижаранын азыркы шарттары сакталарын баса белгилеп, ошол эле учурда жаңы базардын ээлерине ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылганын билдирди.
"Мадина" базарынын санитардык абалына, башаламан токтотулган унааларга жана коомдук тамактануучу жайлардын канааттандырарлык эмес абалына нааразы болгон кайрылуулар көп түшкөнүн белгиледи.
"Мадина" базарынын ээлери аймакты шаардын Башкы планына ылайык мындан ары өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоорду сунуштоо зарылдыгына токтолду.
Күн мурун "Мадина" базарынын соодагерлери жаңы базардын өкүлдөрү менен жолугушуп, өздөрүн түйшөлткөн суроолорду ортого салышкан.

"Мен эски контейнерди сатып алып жатканда "Эже, ала бериңиз, жаңы базар ачылганда бекер берет", деген. Эми кайра эле сатып алышым керек болот экен. Кайра-кайра контейнер сатып алып жатып эле өмүрүм өтүп кетеби? Ушуга жооп берип койгула. Менин балам мага окшоп өмүр бою базарда, дем алышсыз иштеши керекпи? Же карганда кайра акча жыйнап балама контейнер алып беришим керекпи?",- деди жаңы "Ала-Тоо" базарынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда сатуучулардын бири.
"Менде төрт кредит бар. Бул жерде мага окшогондор толтура. Эми биз эмне кылышыбыз керек",- деди дагы бири.
"Бул базардын чыныгы ээси ким? Бизге азыркыга чейин белгисиз. Мен кожоюнмун деп ар ким келет. Биздин "Мадина" базардын ордуна эмне салынат? Эмне коюлат, белгисиз. Эч кимден жооп жок",- деди сатуучу аял.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жолугушууга өзүн жаңы базардын директору катары тааныштырган Алишер Абдилазизов катышты. Ал жаңы базардын өкүлдөрү соодагерлердин үнүн угуу үчүн келгенин, алардын сунуштарын эске алууга даяр экенин айтты. Ошондой эле жаңы базардын ээси Алтынбек Козуев аттуу киши экени белгилүү болду.
"Биз даярбыз. Биз базарды өткөрүп алганыбызга 6 ай болду. Сиздерди чогулткан себебим ушул. Эмне көйгөй бар, угайын деп келдим. Биз баарын дайындап, тууралап сиздерге шарт түзүп бергенге ачыкпыз. Мен ачыкмын".
Жаңы базарды сатып алган Алтынбек Козуев ким? Интернеттеги ачык маалыматтарга ылайык, ал президенттин администрациясынын жаңы имаратын курган "Иншаат Строй" ишканасынын аткаруучу директору катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал 2024-жылдын август айында "Ынтымак Ордону" курууга кошкон салымы үчүн президент Садыр Жапаровдун колунан жогорку даражалуу "Даңк" медалын алган.
Бирок соодагерлерди Козуевдин ким экени эмес, түзүлгөн шарт кызыктырууда. Алар жаңы базарда иштөөгө ыңгайлуу шарт жоктугун,ижара акысынын жогору экенин жана сатуу баасы кымбат болуп жатканын айтышууда.
"Базардын сатуучуларын бул жакка алып келе албайсыздар. Сиздерден сураныч, бизге тийишпегиле. "Мадина" базары алсын",- деди дагы бир сатуучу.

Жолугушууда айтылган маалыматка ылайык, жаңы имараттагы соода жайларынын чарчы метри 3000 доллардан 10 жылдык мөөнөткө сатылат. Ижара акысы болсо чарчы метр үчүн 20 доллардан башталат. Соодагерлердин нааразычылыгынан кийин мэрия атайын комиссия түзгөн. Анын курамына сатуучулардын өкүлдөрү да кирген.Буга чейин калаа бийлиги шаарды көрктөндүрүү иштерине байланыштуу "Мадина" базары 1-августтан тарта оңдоп-түзөөгө жабыларын билдирген. Бирок базардын ордуна эмне курулары азырынча айтыла элек.
































