"Акталсын деп өтүнүч бердик". Ташиевдин иши эми шаардык сотто каралат

"75чилердин" иши Бишкек шаардык сотунда каралат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "75чилердин" иши Бишкек шаардык сотунда каралат
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

"Бийликти күч менен басып алуу аракетине" айыпталган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Икрамидин Айткулов Би-Би-Сиге айтканына караганда, арызда Ташиев толугу менен акталышы керектиги жазылган.

Бул Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адовкаты Чынара Жакупбекова бүгүн, 30-июль күнү түштөн кийин ушундай эле өңүттөгү арыз менен Бишкек шаардык сотуна арызданарын кабарлады.

Ал эми коомдук ишмер, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевдин адовкаты Акынбек Ногоев арыз берүү чечими азырынча кабыл алына электинин айтты.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган.

Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

Фнвралдан бери камакта болуп келген мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев сот залынан бошотулган.

Мурда прокурорлор сегиз айыпталуучунун ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле.

Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгондон кийин кыска билдирүү жасап, сотто акталарына ишенерин билдирген.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда алдыдагы президенттик шайлоого катышпай турганын ачыктаган.

Көп узабай анын иниси, коррупцияга айыпталган Шаирбек Ташиев үй камагына чыгарылган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Көп өтпөй Нурланбек Тургунбек уулу спикерлик кызматтан жана депутаттык мандатынан баш тарткан.

"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул иште жалпы сегиз киши айыпталган.

Талдоочулар бул иш саясий өңүттөгү иш экенин белгилеп келишет.