"Кудайдын сыноосу экен, колумдан ажырадым". Ат-Башыда жардыргыч заттан жабыркаган Алтынбек

Сүрөттүн булагы, social
24-июль күнү Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Бирлик айылында белгисиз зат жарылып, жергиликтүү тургун жабыркаган. Алтынбек Нарботоев оң колунан ажыраган. Ал учурда ооруканада дарыланып жатат. Облустук милиция жардыргыч зат кайдан бул аймакта пайда болгону иликтенип жатканын билдирүүдө.
Атбашылык Алтынбек Нарботоев оң колунан, тактап айтканда билегинен ылдый ажырап калды. Анын айтымында, уулу 23-июль күнү Бирлик айылындагы каналдын жээгинен белгисиз буюм көтөрүп келген. Алтынбек анын жардыргыч зат экенин билген эмес.
"Оюнчук экен деп ойлодук. Шнуру суурулуп калган экен. Сайып коелу деп дөңгөчкө басып, шакекчесин салып койсом, тарс дей түштү. Жубайым "жарылат, кач" дептир, мен укпай калыптырмын. Колумду ылдый кылганда эле "даң" деген үн чыкты. Карасам, колум жок. Эсимди жоготкон жокмун. Машинеге түшүп ооруканага баруу үчүн 30 метрдей бастым. Ошол аралыкта кан агып жатты. Аялым коркпосун деп дүрбөлөңгө түшкөн жокмун. Колумду сактап калууга мүмкүн эмес эле, манжаларым ошол жерден эле чачырап кеткен. Билектен ылдый жулунуп калган", - деди Алтынбек Нарботоев.
Ат-Башы райондук ооруканасында ага дароо жардам көрсөтүлүп, операция жасалган. Оорукананын хирургу Шабдан Олжобай уулу бейтаптын колуна, санына бир нече сыныктар тийгенин билдирди:
"Операция бир саат болду. Убагында медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Кан куюу зарылдыгы болгон жок, себеби кан убагында токтотулган".
Жергиликтүү милиция тиешелүү экспертиза дайындады. Жардыруучу зат аймакка кандай жагдайда пайда болгон деген суроого жооп издеп жатканын билдирүүдө.
"Аталган окуя Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынды, тиешелүү экспертизалар дайындалды, бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - деп айтылат расмий кабарда.
Алтынбек Нарботоев 44 жашта. Беш баланын атасы. Койчу. Аялы үйдө. Ошол каргашалуу күндөрү баласы аман калганына каниет кылып турат.
"Колу ийинден ылдый такыр жоктор деле жүрөт, алар деле тиричилик кылып жатышат деп жакындарым мотивация берип жатышат. Кайгырган жокмун. Болору болду. Бул дагы кудайдын сыноосу экен".
Түшүнүксүз жагдайда пайда болгон жардыргыч заттын айынан колунан ажыраган жаранга кенемте төлөнүп берилер-берилбеси белгисиз.
































