Кыргызстанда ЕБнын санкциялык тизмесине кирген үч компания жабылды. Дагы 40тай ишкана текшерилүүдө

ds

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын бийлиги санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча текшерүүлөрдү күчөтүп жатканын билдирди. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, июнь айынын соңунан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп эсептелген 40ка жакын компания аныкталып, алар боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул арада Европа Биримдиги Кыргызстандын дагы бир банкы менен үч компаниясын "кара тизмеге" киргизди.

Санкция боюнча өкүлдүн маалыматы

Экономика жана коммерция министрлиги июнь айынын соңунан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп эсептелген 40ка жакын компания аныкталып, аларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын дагы бир жолу билдирди. Мамлекеттик органдарга бул текшерүүлөрдү бир жуманын ичинде аяктоо тапшырмасы берилген.

Бул тууралуу 27-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектеген эл аралык санкциялык режимдерди сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелерине арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында айтылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы үч жуманын ичинде ведомстволор аралык иштин алкагында бир катар чечимдер кабыл алынган. Анын ичинде Европа Биримдигинин санкцияларынын 21-пакетине киргизилген "Шисан", "Рама Групп" жана "Нова Проект" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптовалюталык компаниянын лицензиясы кайтарылып алынган.

Ошондой эле Бакыт Сыдыков Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен өткөн жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бакыт Сыдыков

Министрликтин билдиришинче, эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан санкциялык режимдерди кыйгап өтүүгө жол бербөө механизмдерин күчөтүү боюнча көрүп жаткан чараларга оң баа беришкен. Алар санкциялык тобокелдиги жогору болушу мүмкүн болгон компанияларды текшерүү жана кошумча иликтөөнү талап кылган субъекттерди аныктоо багытында жылыш бар экенин белгилешкен. Ошол эле учурда чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну улантуунун маанилүүлүгү белгиленген.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышкан.

Ал эми Европа Биримдигинин соңку санкциясына илинген "ЭкоИсламик Банктын" өкүлдөрү банк санкциялык тизмелерге кирген адамдарга жана компанияларга кызмат көрсөтпөй турганын билдиришкен. Алар ошондой эле банк ички комплаенс-көзөмөл талаптарына жана эл аралык финансылык мониторинг стандарттарына ылайык иш жүргүзөрүнө ишендиришкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Министрликтин маалыматына ылайык, банк жакынкы убакта колдонуп жаткан комплаенс-көзөмөл чаралары боюнча кошумча маалыматты батыштагы өнөктөштөргө жөнөтөт.

Европа Биримдиги жакында Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушуна байланыштуу санкциялардын 21-пакетин кабыл алды.

Жаңы санкциялардын алкагында Кыргызстандын "ЭкоИсламикБанкы" да чектөөгө кабылды. Европа Кеңешинин чечимине ылайык, банк Орусиянын Финансылык маалыматтарды алмашуу системасына кошулганы үчүн санкциялык тизмеге киргизилип, ага карата акча которууларга тыюу салынды.

Ошондой эле Кыргызстанда катталган дагы үч компания - "Нова проект", "Рама Групп" жана "Шисан" жоопкерчилиги чектелген коомдору да ЕБнин санкциялык тизмесине киргизилди.

"ЭкоИсламикБанкы" кара тизмеге киргизилгенине байланыштуу 28-июлда Кыргызстандын Улуттук банкы билдирүү таратып, банк сектору туруктуу иштеп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда банк сектору жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылган жана тышкы тобокелдиктерге туруштук бере ала турган ликвиддүүлүккө ээ. Улуттук банк бардык коммерциялык банктар кадимки режимде иштеп, кардарларга банктык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле "ЭкоИсламикБанк" Европа Биримдигинин санкцияларына байланыштуу маалыматтардан кийин кардарларына кайрылуу жасап, банк кадимки режимде ишин улантып жатканын маалымдады.

Билдирүүдө кардарлардын каражаттары коопсуз экени жана банк Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык бардык милдеттенмелерин аткарууну улантып жатканы айтылат.

Ошондой эле банк учурда Европа Биримдиги жарыялаган санкциялык чечимдерди кеңири талдап жатканын кошумчалады. Мекеменин билдиришинче, ал Улуттук банк жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте бул чечимдердин айрым эл аралык операцияларга тийгизиши мүмкүн болгон таасирин баалап жатат.

АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин санкцияларына Кыргызстанда катталган 31 компания кабылган. Кыргызстандын Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу өлкөдө иштеген 50 компаниянын ишмердүүлүгүн токтоткон. Өкмөт бул ишканаларга карата АКШ менен Улуу Британия доомат койгонун билдирген.