АКШдагы элчи Эдил Байсалов Президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы элчиси Эдил Байсаловду кабыл алып, ага эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүл милдетти кошо тапшырды. Бул тууралуу Президенттик администрация 27-апрелде билдирди.

Эдил Байсалов президентке өткөн аптада Вашингтондо өткөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиевдин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Эдил Байсаловдун дипломатиялык статусун көтөрүп, элчилик кызматтан сырткары, Президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Ошондой эле Байсаловго "Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи" деген эң жогорку дипломатиялык даража ыйгарылды.

Президент Жапаров АКШ менен мамиледе соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жандандыруу зарылдыгын белгиледи.

"Садыр Жапаров кыргыз-америкалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тараптуу күн тартибинин негизги артыкчылыктарын, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана социалдык-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүнү белгиледи. Мамлекет башчысы Элчиге Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды" деп айтылат Президенттик администрациянын маалыматында.

Байсалов буга чейин өкмөт башчысынын орун басары катары социалдык тармакты тейлеп келген жана активдүү саясатчы катары белгилүү. Ал Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп ушул айда дайындалган.