Беш бала ата-энесиз калды. Баткендеги жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө

Сүрөттүн булагы, Official
Баткен районунун Чоң-Кара айылында жубайлар көз жумду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аял учтуу нерседен алган жарааттан улам каза болгон. Ал эми жолдошу бакта асынган абалда табылган. Баткен облустук милициясы окуя бүгүн, 26-апрель күнү таңга жуук катталганын кабарлады.
Чоң-Кара айылынын башчысы Темирбек Төлөбаевдин айтымында, жубайлардын артында беш баласы калды. Ата-энесинин каза болгонун көргөн балдар алгач туугандарына телефон чалып, чакырышыптыр. Ал эми маркумдун туугандары айыл башчыга кабар берип, айыл башчы өз кезегинде милицияга маалымат бергенин билдирди.
"Азырынча кандай болуп өлгөнү белгисиз. Аялына экспертиза дайындашты. Күйөөсү болсо бакчанын ичинде асынып алыптыр. 1980-1981-жылкы болушкан. Жубайлардын буга чейин урушканын деле уккан эмеспиз. Тынч эле жашап жүрүшкөн. Милицияга деле катталган эмес экен. Мен деле алардын ызы-чуусун уккан эмесмин. Мал чарбачылыгы менен эле оокат кылышчу. Анан жолдошу кичине жалданма иштерге чыкчу. Беш баласы бар. Экөө окууну бүткөн, үчөө мектеп окуучулары экен. Бир кызын турмушка узатышкан. Эң кенжеси экинчи класста окуйт. Жубайлардын экөөнүн тең ата-энелеринин көзү өтүп кеткен болчу. Бир туугандары бар. Бүгүн кечки саат сегиздерде жерге берилет. Анан үч күндөн соң бардык зыйнаттары бүтсө, анан балдарды ким карай тургандыгы чечилет. Азыр экөөнүн тең бир туугандары ушул жерде. Алдын ала айтыш кыйын. Бирок аялдын эки бөйрөк тарабына учтуу нерсе сайылгандай. Мен барсам туугандары маркумдарды керебетке жаткырып коюшуптур. Эми балдарга эле кыйын болду" - деди Чоң-Кара айылынын башчысы Темирбек Төлөбаев.
Милициянын маалыматына ылайык, бул факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалганын Би-Би-Сиге Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
"Азыр текшерүү иштери жүрүүдө. Жолдошу да, аялы да каза болуп калыптыр. Алгачкы маалыматтарга ылайык, каза болгон кишинин 82 жаштагы апасынын көзү өтүп кетип, ошондо эки малын сатышкан экен. Ошонун артынан жаңжал чыкканбы деп божомолдоп жатышат".
Азырынча маркумдардын жакындары менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
























