Кыргыз туусу менен жүргөн кемелер тууралуу Улуттук оператордун жообу

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

иллюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Rizwan Tabassum/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, иллюстрациялык сүрөт

Дүйнөлүк океанда кыргыз желеги менен ондогон кеме байкалды. Аларга кыргыз туусун колдонууга деңиз тармагындагы Кыргызстандын улуттук оператору уруксат бербегенин айтып жатат.

Бул функцияны Кыргызстанда "Деңиз каттоочусу" аттуу жеке компания аткарат. Аны "Арсеналъ-Кыргызстан" камсыздандыруучу компаниясы негиздеген. Бирок бул компаниянын директору Сыргак Арзыматов азырынча кыргыз туусу алдында эч кандай кеме каттабаганын жана бул үчүн мыйзамдык база толук дайын боло электигин Би-Би-Сиге билдирди.

С.Арзыматов: "Деңиз реестри" жопкерчилиги чектелген коомдук уюму азырынча өз ишмердүүлүгүн баштай элек жана деңиз кемелерин каттоого уруксат берген да эмес деп расмий билдиребиз.

Анткени, Кыргызстан деңиз кемелерин каттоону баштоодон мурда улуттук мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтириши керек. Мындан тышкары, өлкө деңизде сүзүү тармагындагы көптөгөн эл аралык конвенцияларды ратификациялоого тийиш. Бул документтер кабыл алынмайынча, Кыргызстан деңиз кемелерине өз туусун берүү укугун иш жүзүндө пайдалана албайт.

Белгилүү болгондой, ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу татаал жана узак процесс болуп саналат. Азыркы учурда биз бир жылдан ашык убакыттан бери тиешелүү мыйзам долбоорлорун даярдоо жана эл аралык конвенцияларды изилдөө менен алектенип келебиз.

MarineTraffic жана башка кемелерди онлайн көзөмөлдөөчү сайттар жээктеги станциялар аркылуу Автоматтык идентификация системасынан (AIS) алынган маалыматтарды гана көрсөтөт. Ар бир кемеде AIS радиобергичи орнотулат (аны кеме радиостанциясы менен чаташтырбоо керек). AIS системасында кеменин аталышы, IMO номери, чакыруу белгиси, туусу жана башка маалыматтар көрсөтүлөт. Бул маалыматтар алдын ала коддолуп, түзмөктүн эс тутумуна киргизилет.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө биздин эксперттер бир катар так эместиктерди аныкташты: IMO номери туура эмес көрсөтүлгөн, чакыруу белгиси туура эмес көрсөтүлгөн жана кеменин туусу да туура эмес көрсөтүлгөн учурлар бар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

БУУнун алдындагы Эл аралык деңиз уюмунун (IMO) GISIS маалыматтык системасында бардык кемелерди жана алардын уникалдуу идентификациялык номерлерин онлайн текшерүүгө болот. Ал аркылуу кеменин курулушунан тартып, эксплуатациядан чыгарылганга же жок болгонго чейинки тарыхын көзөмөлдөөгө мүмкүн. Бул номер эч качан кайталанбайт.

Улуттук оператору жана деңиз администрациясы бар ар бир мамлекет кемеге байланыштуу маалыматтын, анын ичинде кайсы туунун алдында сүзүп жүргөнүнүн аныктыгын оңой эле текшере алат.

Би-Би-Си: Улуттук деңиз реестри азырынча толук иштебесе, Кыргызстандын туусу астындагы кемелерди көзөмөлдөө үчүн ким жооп берет? Бул функцияны кайсы мамлекеттик орган аткарат?

С.Арзыматов: Жогоруда белгиленгендей, азыркы учурда Эл аралык деңиз уюмунун (IMO) талаптарына ылайык, деңиздерде жана океандарда сүзгөн бир дагы кеме Кыргызстандын туусу алдында жүрүүгө укуктуу эмес.

Кыргызстан азырынча эч кимге өзүнүн туусу алдында сүзүүгө уруксат берген эмес. Өлкө деңизге жана океанга түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондуктан, буга чейин мындай укуктан пайдаланган эмес.

Ал эми бул укукту колдонуу үчүн Кыргызстан IMO менен бардык зарыл болгон макулдашуу жана бекитүү жол-жоболорунан өтүшү керек.

Би-Би-Си: Эгер Кыргызстандын туусу астындагы кеме кырсыкка учураса, деңизге мунай төгүлүп кетсе же эл аралык иликтөөнүн бутасы болчу окуяга кабылса, эл аралык уюмдар менен башка мамлекеттердин алдында ким жооп берет?

С.Арзыматов: Айлана-чөйрөнү булгаган учурларда жоопкерчилик IMOнун тиешелүү конвенцияларында аныкталган.

Аларга ылайык, кеме ээси булгануудан келип чыккан кесепеттерди жоюу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн финансылык кепилдикке же жетиштүү камсыздандырууга ээ болушу керек. Бул камсыздандыруу туунун администрациясы тарабынан таанылган P&I клубу, камсыздандыруу компаниясы же башка финансылык кепилдик аркылуу камсыздалышы мүмкүн.

Эгер мындай камсыздандыруу же финансылык камсыздоо жок болсо, туунун администрациясы кемени пайдаланууга уруксат берген документтерди жокко чыгарат.

Би-Би-Си:Кыргызстандын туусу мамлекет тарабынан жетиштүү көзөмөл болбогон шартта колдонулуп кетүү коркунучу бар деп эсептейсизби? Бул Кыргызстандын аброюна жана эл аралык милдеттенмелерине кандай тобокелдик жаратышы мүмкүн?

С.Арзыматов: Биз мындай тобокелдик бар деп ойлобойбуз, анткени мамлекеттик көзөмөл бар да.

Кыргызстандын туусу алдында каттоого алынуучу кемелерге карата талаптар тиешелүү министрликтер жана мамлекеттик органдар менен макулдашылган стандарттарга ылайык болот.

Ар бир документ каттоочу органдын сайтында текшерилет жана анын аныктыгын, ошондой эле электрондук көчүрмөсүн онлайн режиминде текшерүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Бул коопсуздук боюнча бекитилген стандарттарды айланып өтүп, мыйзамсыз каттоо аракеттерин жүргүзүүгө жол бербейт.

Эгер кандайдыр бир сайтта туура эмес маалымат көрсөтүлсө, өзүнүн порттору бар деңиз мамлекеттери аны ачык булактар аркылуу оңой эле текшере алышат.

Би-Би-Си:Кыргызстандын туусу алдында катталган кемелер боюнча талдоо жүргүзүлдүбү? Алардын арасында санкциялык режимдерди бузууга, аткезчиликке же башка тобокелдүү операцияларга тиешеси бар кемелер жок экенине ишеним барбы?

С.Арзыматов: Азыркы учурда эл аралык деңиз сууларында Кыргызстандын туусу алдында сүзүп жүргөн бир дагы кеме жок. (Ички суу жолдорунда жүргөн кемелерден тышкары.) Кааласаңыздар, БУУнун алдындагы Эл аралык деңиз уюмунун (IMO) GISIS системасынан алынган тиешелүү маалыматты көрсөтө алабыз.