Парламентте гимнди өзгөртүү демилгесин токтотуу сунушталды

атпр

Сүрөттүн булагы, official

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жогорку Кеңештин 11-июндагы жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев гимнди өзгөртүү боюнча демилгеге чекит коюну сунуштады.

Ал муну мамлекеттик гимндин жаңы вариантын тандоо боюнча атайын комиссиянын ишинин мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартуу боюнча маселе каралып жатканда көтөрүлдү.

"Азыркы мамлекеттик гимн жакшы эле. Мына, сынактын мөөнөтүн канча жолу узарттык, эч кимге жаккан жок. Комиссиянын сынынан өткөн жок. Демек, андан жакшы вариант табылган жок. Келгиле, жумушту токтотуп коюлу. Мөөнөттү узатуунун зарылдыгы барбы? Кечирип койгула, биз болбогон иш менен алек болуп жатабыз. Орой айткым келген жок, убактыбызды эле текке кетирип жатабыз. Токтомду четке кагып коелу, ошону менен жумуш бүтөт. Мамлекеттик гимнди өзгөртөлү деген кишилер да азыр жок", - деди Бекешов.

Депутат Элвира Суравалдиева да кесиптешин колдоп, бул маселе боюнча парламент саясий чечим кабыл алышы керектигин айтты:

"Бир жарым жылдан бери гимндин жаңы вариантын тапкан жоксуңар. Азыркысынан жакшы вариант табылган жок. Сиздер саясий чечим кабыл ала албасаңыздар, бизге уруксат берсениздер. Эч кимди кууратпай эле парламент саясий чечим кабыл алып, каршы добуш менен токтомду жокко чыгаралы. Силерде жумуш толтура, бизде жумуш толтура. Мамлекет башчысына деле Маданият министрлигинде кандай адамдар отурат, бир жарым жылдан бери бир гимн жаза албаган деп сөз тийип жатса керек".

Гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясын тандаган комиссия ушул жылдын 1-июнуна чейин Жогорку Кеңешке сынактан жеңген үч вариантты сунушташы керек болчу. Бирок жакшы вариант аныкталбай, комиссиянын ишин 1-декабрга чейин узартуу сунушу берилген.

Маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 9-июндагы жыйынында гимндин текстине жана музыкасынын жаңы редакциясына ачык сынак жарыялабай эле чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечими кабыл алынганын кабарлаган.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Ал 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди баары оңой ырдагандай денгээлде болушу керектигин айткан.

Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдогон.

Былтыр февралдан бери жалпысынан жаңы гимнди жазуу үчүн жалпысынан 900дөй долбоор түшкөн. Эки жолу сынак жарыяланып, акыркысында үч долбоор Жогорку Кеңештин сынына коюлган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде эл өкүлдөрү үч вариантты тең угуп, жактырышпай, талкуусуз артка кайтарышкан.

Кыргыз элинин мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында бекитилген. Бул символдун текстинин авторлору — Жалил Садыков жана Шабданбек Кулуев, ал эми музыкалык композициясын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов иштеп чыгышкан.

Учурдагы бийлик 2023-жылы мамлекеттик туунун айрым элементтерине да өзгөртүү киргизген. Анда да бул чечимди сындагандар болгон.