Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын иши боюнча сот отуруму болбой калды

Сүрөттүн булагы, social
Бүгүн, 21-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын иши боюнча сот отуруму өтпөй калды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев билдирди.
Анын айтымында, 18-майда болгон алдын ала угууда сот жактоочулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү жана башка маселелер боюнча берген өтүнүчтөрүн канааттандырган эмес. Ушундан улам жактоочулар Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан.
"Кийинки отурум качан болору азырынча белгисиз. Учурда апелляция Бишкек шаардык сотунда каралууда, андан кийин гана иш уланат",- деди ал.
Ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, процесс жабык каралууда жана жактоочу толук маалымат бере албай турганын кошумчалады.
Өткөн жумада сегиз адамдын иши сотко өткөрүлгөнү жана алар бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталып жатканы белгилүү болгон.
Алардын катарында Ташиевден тышкары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев бар.
Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун 29-апрелде ырастап, сотто акталарына ишенерин билдирген.
"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн", - деп билдирген Ташиев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Апрель айынын соңунда Ташиев менен кошо мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигине суракка чакырылганы кабарланган. Сурак тууралуу убагында ИИМ маалымат берген эмес.
27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.


























