Артында төрт баласы калды. Сүлүктүдөгү шахтада кенчи каза болду

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жайгашкан "Кара Садак" көмүр шахтасында уранды түшүп, бир кенчи набыт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя 27-апрелде катталган. Кырсыкка кабылган жаранды куткаруу үчүн 19 куткаруучу тартылган. Алар 242 метр тереңдигинде издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада уранды астындан 41 жаштагы Сүлүктү шаарынын тургунунун сөөгү табылган.

"Бизде 45 шахта бар. Баары мыйзамдуу түрдө иштешет. Эми комиссия келип текшерет, себебин аныктайт. Эгер күнөө шахтанын ээсинде болсо, анда комиссиянын чечими менен ал маркумдун үй-бүлөсүнө 15 жылдык айлык акыны төлөп бериши керек. Так суммасын комиссия аныктайт. Маркум 41 жаштагы жигит экен", - деди Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров.

Мэрдин кабарлашынча, маркумдун артында жашы жете элек төрт баласы калды. Улуусу 11-класста окуйт, кенжеси алты жашта. Келинчеги үй кожойкеси.

Былтыр ноябрда Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, анын ичинде калган төрт кенчи аман-эсен куткарылган.

Буга чейин бул аймакта шахтачылар уранды астында калып, газга ууланып мерт болгон учурлар көп катталып турган.

Сүлүктүдө күйгөндө түтөбөгөн сапаттуу көмүр казылып алынары айтылып келет. Аймактын "кара алтынына" коңшулаш Өзбекстандын жана Тажикстанда да чоң суроо-талапка ээ.