Meta компаниясы жасалма интеллектке кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн 8 миң кызматкерин жумуштан бошотууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Facebook, Instagram соцтармактарына жана WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Американын Meta технологиялык компаниясы 8 миңге жакын адамын же кызматкерлеринин 10 пайызын жумуштан бошотуу ниетин жарыялады. Бул чечим фирманын жасалма интеллект технологияларына жумшаган ири инвестициялары менен байланыштуу.
Бейшемби күнү компания кызматкерлерине пландалып жаткан кыскартуулар тууралуу билдирди. Ошондой эле ал буга чейин кызматкерлерди алууну көздөгөн дагы бир нече миң бош орундарды толтурбай турганын кабарлады.
Кыскартуулардын негизги себеби - Meta компаниясынын жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгууга жумшаган ири чыгымдары: быйылкы жылдын өзүндө эле бул тармакка 135 млрд доллар коротууну пландап жатат. Кызматкерлерге жазылган каттын мазмуну менен тааныш адамдын айтымында, бул сумма компаниянын акыркы үч жыл ичинде жасалма интеллектке багыттаган жалпы каражаттарына барабар.
Meta компаниясынын расмий өкүлү жумуштан бошотуу пландарын ырастады, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Meta компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг ишкана быйыл жумуштан бошотуулардын кезектеги толкунун өткөрүү ниети бар экенин кыйыткан.
Анын байкоосунда, жасалма интеллект кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жардам берген - эми мурда чоң команданы талап кылган долбоорлорду бир эле адам ишке ашыра алат.
"Менимче, 2026-жыл жасалма интеллект биздин иштөө ыкмабызды түп тамырынан бери өзгөртө баштай турган жыл болот", - деди Цукерберг.
Быйыл Meta буга чейин эки ирет кыскартуу толкунун өткөрүп, эки миңге жакын кызматкерин бошоткон. Би-Би-Синин маалыматына караганда, компаниянын персоналы бир нече жумадан бери мындан дагы масштабдуу жумуш орундарын кыскартууну күтүп жатышкан.
Акыркы айларда Meta жасалма интеллект моделдерин жана инструменттерин иштеп чыгууга барган сайын көп каражат жумшоодо, ушундай жол менен ал башка технологиялык компанияларды кууп жетүүгө аракет кылып жатат.
Ушул аптада Meta компаниясынын кызматкерлерине жасалма интеллект моделдерин үйрөтүү үчүн фирма алардын компьютерде кандай иштеп жатканын көзөмөлдөп, каттап турары билдирилди. Кызматкерлердин бири мындай тажрыйбаны, күтүлүп жаткан кыскартууларды эске алуу менен, "антиутопиялык" деп атады. "Компанияны толугу менен жасалма интеллект ээлеп алды", — деди ал адам Би-Би-Сиге.
2022-жылдан бери Meta он миңдеген адамды жумуштан бошотту. Бирок ошондон бери жаңы кызматкерлерди да алгандыктан, персоналдын жалпы саны алгачкы кыскартууларга чейинки деңгээлде калышы керек болчу.
Meta азыр жарыялаган персоналды кыскартуулар 2023-жылдан берки эң ириси болуп калмакчы.
Технологиялык сектордогу жумуштан бошотуу толкуну
Быйыл жасалма интеллект технологияларына жумшалган ири инвестицияларга байланыштуу жумуштан бошотуулар тууралуу башка айрым компаниялар да жарыялашты.
Amazon 30 миңден ашык адамды, ал эми Oracle 10 миңден ашык адамды жумуштан бошотту. Анча чоң эмес фирмалардын бири Block өз кызматкерлеринин дээрлик жарымынан, башкача айтканда 4 миңдей адамдан арылды. Ал эми популярдуу Snapchat мессенджерине ээлик кылган Snap компаниясы 1 миңге жакын кызматкерин кетирди.
Мындан тышкары, бейшемби күнү компьютердик гигант Microsoft көп жылдык тажрыйбасы бар кызматкерлерине акчалай төлөмдөрдүн ордуна өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү сунуштады.
Бул компаниялардын дээрлик бардыгы менеджерлердин кызматкерлерден арылуу чечимин жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши же ага негизделген технологияларга инвестиция салуу менен түшүндүрүштү.
































