Президент Садыр Жапаров Москвада Путин менен жолугат

Сүрөттүн булагы, Official
Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 23-апрелде Москвага иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду кабыл алат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме кылып, орусиялык басылмалар жазышты.
Песковдун айтымында, эки өлкө башчысынын расмий сүйлөшүүлөрү түштөн кийин башталып, жумушчу түшкү тамактануу менен уланат.
"Бүгүн Орусия-Кыргызстан мамилелери үчүн маанилүү күн. Президент Жапаров Москвада кыска мөөнөттүү иш сапар менен болот", - деп белгиледи Кремлдин өкүлү.
Кыргыз президентинин маалымат катчысы Аскат Алагозов президент Садыр Жапаров Москвада экенин жана Путин менен жолуга турганын ырастады.
Эки лидер март айында телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-апрелде Астанага барып, Регионалдык экологиялык саммитке катышкан.




























