Евробиримдиктин жаңы санкциясы: Айрым жабдыктарды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салынды

Евробиримдик-Кыргызстан желектери

Сүрөттүн булагы, Киртаг

Окуу убактысы: 5 мүнөт

Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошту. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырды. Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жактырган санкциялардын 20-пакети баш-аягы Орусиядагы жана башка бир катар өлкөлөрдөгү 33 адамды жана 83 мекемени "кара тизмеге" кошту.

Анын алкагында уюм биринчи жолу санкцияларды буйтап өтүүгө каршы механизмин ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Еврошаркет буга чейин Орусиядан тышкары башка далай мамлекеттерде жайгашкан компанияларга, банктарга же жеке адамдарга санкция салып келсе, бул ирет уюм Украинадагы согушка байланыштуу биринчи жолу үчүнчү өлкөгө багытталган экспортуна тыюу салып жатат.

Еврокомиссия үчүнчү өлкөлөрдөгү экспортерлордун Евробиримдиктин санкциялык тизмедеги товарларын Орусияга ре-экспорт кылуу аракетин көз жаздымда калтырбай турганын билдирди.

"Бүгүн ЕБ санкцияларды айланып өтүүгө каршы куралын активдештирди, анткени Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинен импорттолгон жана Орусияда дрондорду жана ракеталарды өндүрүүдө колдонулган айрым станокторду жана айрым телекоммуникациялык жабдууларды Орусияга сатууну, жеткирүүнү, өткөрүп берүүнү же экспорттоону алдын алуу маселесинде системалуу жана туруктуу түрдө жетишсиз аракет көрүп жатат. Бул жогорку тобокелдиктеги товарлар Орусияга Украинага каршы мыйзамсыз аскердик агрессиясын улантууга жана согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм соода маалыматтарынын анализи жогорку тобокелдиктеги товарлар Кыргызстандан Орусияга кайрадан экспорттолгон учурлар көбөйгөнүн көрсөткөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары Европа Биримдиги Кыргызстандагы эки банкты - "Керемет Банкты" жана "Борбор Азиянын Капитал банкын", Лаостогу жана Азербайжандагы бирден банкты санкциялык тизмеге кошту.

Ошондой эле уюм Орусия барган сайын криптовалюталарга негизделген соодага басым жасап жатканын белгилеп, A7A5 стейблкойнунун соодасы "орчундуу көлөмдө" жүргөн платформаны башкарат делген кыргыз ишканасын да бутага алганын билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Евробиримдик санкцияларды буйтап өтүүгө каршы чараларын Кыргызстанга карата биринчи жолу колдонушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар соңку бир канча айдан бери маал-маалы менен айтылып келген.

Мындай кабарлар Евробиримдиктин санкциялар боюнча чабарманы Дэвид О'Салливан февраль айында Бишкекке келер алдында да күчөгөн. Анда О'Салливан Кыргызстанда расмий жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, журналисттер менен маектеринде санкция маселеси боюнча соңку эскертүүсүн бергендей болгон.

Би-Би-Си андан "сизде бул продукциялар согуш талаасында колдонулуп жатканына так далилдер барбы?" деп сураган эле.

"Ооба. Биз эки топтон турган товарлардын тизмеси бар. Алар согуш талаасында колдонулган же согуш үчүн колдонулган продукцияларды чыгарган буюмдар жана аскердик-өнөр жай комплексинин өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон товарлар. Ошол эле маалда айрым кош максаттагы буюмдар да бар. Мисалы радиоэлектроникалык каражаттар, татаал дрондорду жана ракеталарды өндүрүү үчүн аскердик-өнөр жай комплексине зарыл болгон компьютер менен башкарылуучу станоктор", - деп айткан О'Салливан.

"Эч убакта санкцияны бузган эмеспиз"

Азырынча кыргыз өкмөтү Евробиримдиктин санкцияларынын 20-пакети боюнча расмий маалымат бере элек. Уюмдун жаңы экономикалык жана финансылык чаралары кыргыз президенти Садыр Жапаров Орусияга барып, президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурга туура келди.

Жапаров да, кыргыз бийлигинин башка өкүлдөрү да буга чейин бир нече ирээт Кыргызстан санкциялык эрежелерди бузбаганын айтып, Батыш өлкөлөрүн кош стандарт үчүн айыптап келди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев февраль айында Би-Би-Сиге курган маегинде Кыргызстан импорттогон товарларын өлкөнүн ичинде өзү колдонуп жатканын айткан.

"Кыргызстан эч качан өзүнүн эл аралык убадаларын өзгөртпөйт. Биз сөзүбүзгө турабыз. Биз эч убакта санкцияларды буйтап өтүүгө уруксат бербейбиз. Бирок буларда "соода-сатыктын статистикасы абдан өсүп кетти" деген кээ бир шектенүүлөр болуп жатат да. Булардын жүйөсү кандай? Эстония менен Кыргызстандын ортосундагы мурунку сооданын көлөмү 1,5 миллион (доллар) экен. Анан биз ал жактан товар сатып алганда 12 миллионго көбөйүптүр. Ошондо эсептеп көрбөйсүзбү. Миң пайыздан өйдө кетип жатат да. Азыркы өсүштү эске алганда 12 миллион деген тамчы да. Мен ошонун баарын түшүндүрүп айтып бердим. Анткени биз азыр экономика өсүп жатканда Батыш мамлекеттеринин технологияларына көз карандыбыз. Биз алар кирсин деп жатабыз. Ошондуктан биз алар менен соода-сатыкты өнүктүрүп, ошо алган технологияларды Кыргызстандын өзүндө колдонуп жатабыз. Биз эч кандай башка жакка реэкспорт кылган жокпуз. Ошондуктан санкция боюнча биздин убадабыз, позициябыз эң катуу. Биз эч убакта санкцияны бузган эмеспиз. Эч убакта бузбайбыз", - деген эле Жээнбек Кулубаев.

2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия да Кыргызстандагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Расмий Лондон ошондой эле "Капитал банкты" да бутага алган. Буга чейин 20 чакты жеке компанияларга киргизилген Батыштын санкциялары кыргыз өкмөтү мынчалык териктирген эмес. Бирок банкттарга келгенде маселе олуттуу нукка бурулгандай болгон.

Былтыр сентябрдын соңунда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясында сөз сүйлөп, өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну ички ишке кийлигишүү катары баалаган эле.

Жапаров Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип жатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келерин белгилеген.

Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын" жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирип, банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айткан.

"2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат", - деген Жапаров.

Ал Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын айтып, Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирген.

Үстүбүздөгү айда кыргыз президентинин администрациясы да санкцияларга байланыштуу айыптоолорго "Бакай Банкттын" мисалында жооп бергендей болгон.

"Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз. Мындай чечимди жакында Брюссель соту чыгарды. "Бакай Банк" банкы "Ачык диалог фонду" (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды. 2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда "Бакай Банкты" Россиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. "Бакай Банк" жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди", - деген эле президенттик басма сөз кызматкери Аскат Алагөзов.

Санкциялар эмнени билдирет?

Европа Биримдигинин санкцияларды буйтап өтүүгө каршы механизми Кыргызстандын тышкы соодасына кандай таасир тийгизери азырынча так белгисиз.

Айрым адистердин баамында, Кыргызстан кош максатта, анын ичинде аскердик тармакта колдонууга мүмкүн болгон кайсы бир товарларды Европадан сатып ала албай калышы мүмкүн. Мисалы металл кесүүчү станокторду сатып алууга чектөө киргизилет. Ошондой эле үн, сүрөт жана маалыматтар менен алмашууну жеңилдеткен модем жана башка байланыш каражаттарын импорттоо токтойт.

"Европалык компаниялар биздин мамлекетке микрочиптер менен жабдыктарды сатпай калышат. Ошону менен катар сокторду чыгарган аспаптар да келбей калат. Сүттү кайра иштетүүчү, колбаса жасоочу инструмент, станоктор дагы келбей, тетиктерин да алып келүү оорлойт. Бул дагы эмнеге алып келиши мүмкүн? Кээ бир кыргыз жарандарына жабдык саткан кытайлык компаниялар дагы санкцияларды колдоп, жабдыктарды сатпай коюшу мүмкүн. Булардын ички өндүрүшкө таасири чоң эле болот. Сокку болот ишкерлерге", - деди жергиликтүү экономист Искендер Шаршеев.

Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин эле киргизбестен Украинага 90 млрд евро насыя бөлүүнү да жактырды. Брюссель Киевге каржылай жардам берүү чечимин өткөн жылдын декабрында эле кабыл алган, бирок Венгрия анын аткарылышына бөгөт коюп келген.

2026-жылдын январь айынын аягынан тартып Будапешттин башкы талабы - Украинанын аймагындагы бөлүгү жабыркаган "Достук" (Дружба) кууру аркылуу орус мунайын жеткирүүнү кайра баштоо болду. Учурда куур ишин жандантты.

Кипрдеги (бул өлкө учурда ЕБ Кеңешине төрагалык кылууда) бейрасмий саммитте европалык өлкөлөрдүн элчилери Украинага насыя бөлүүнү алдын ала макулдашты.