Ак-Ордо-3: Төрт үйдү бузуу иштери убактылуу токтотулду

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда нааразылык менен коштолгон үйлөрдү бузуу иштери убактылуу токтотулду. Талаштуу жер тилкесиндеги үйлөрдү түрттүрүү аракети токтотулуп, сот аткаруучулар ал жерден кетишти. Бул тууралуу активист Мирбек Осмонов Фейсбук баракчасына жазды.
"Ак-Ордо-3 конушундагы төрт үйдү бузуу иштери убактылуу токтотулду. Сот аткаруучулар толугу менен кетишти. Назаралиевге жасалма деп табылган кызыл китеп боюнча бир жума мурун иш козголгон. Азыр ошол тергөөнүн жүрүшүнө көз салып турабыз. Бул 16 сотых жер картада бош жер катары көрсөтүлгөн. Демек, ал жер мунапыска кирбейт. Бирок кандайдыр бир жол менен кызыл китеп бош жерге чыгып кеткен. Ошол эле учурда Бишкек архитектурасынын картасында да бул жер бош деп көрсөтүлгөн. Мындай башаламандык атайын уюштурулган аракеттердин натыйжасы болушу мүмкүн. Бул ишти тыкыр иликтеп, аягына чыгарабыз" деп жазды Мирбек Осмонов.
21-апрелде сот аткаруучулар Ак-Ордо-3 конушундагы мыйзамсыз салынган делген төрт үйдү бузууну баштаган. Бирок жашоочулар каршы болуп, сот аткаруучулар менен элдин ортосунда чыр чыккан. Ага карабай бир үйдүн чатыры сыйрылып, бузулган.

"Бизге үйдү бузуу тууралуу эскертүү келген. Бирок ошол эле кезде азыр сот жүрүп жатат, бузуу иштери токтоп турсун деген тергөөчүнүн токтому бар. Биз бул үйгө 2023-жылы майда көчүп келгенбиз. Жерди ага чейин эле сатып алганбыз, бирок каражатыбыз жоктугунан жер бош турган", - деди үйлөрдүн биринин ээси Амангүл Кожоналиева Би-Би-Сиге.
Үйлөрдү бузуу маалында тургундардын бири өзүнө балта менен кол салганы да кабарланган. Ага тез жардам кызматы жардам көрсөткөн.
Маалыматта бул үйлөр Назаралиев деген жарандын айыл чарба багытындагы жерлерине салынып калган деп табылган.
"Бул менин жерим, тийбегиле, бузбагыла десем болбой коюшкан. Мени кайра сотко беришкен. А бирок жерди саткан Динара дегенди сотко беришкен эмес", - деди Рустам Назаралиев Би-Би-Сиге сүйлөп жатып.
Тургундар бул талаштуу жерлер боюнча сот жүрүп жатканын, соттун чечимине чейин бузбай турууну талап кылышкан. Алар бул маселеге көңүл бурууну суранып, президентке да кайрылышты:
"Садыр Нуркожоевич, Ак-Ордо эли сизге кайрылуу жасап жатабыз. Ушундай ботконун баарын чалган Сокулук районунун ошол кездеги жер комиссиясынын төрагасын, Сокулуктун кадастрын, архитектуранын башчысын ушул иш боюнча жоопкерчиликке тартып берүүңүздү суранам. Ушул баарына сабак болсун".

Маалыматта бул үйлөр 2022-жылдан кийин салынган.
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы 21-апрелде Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда орун алган нааразылык акцияларынан кийин расмий билдирүү тараткан. Мекеме үйлөрдү бузуу аракети соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүрүп жатканын жүйө келтирген.
Ак-Ордо конушундагы жер талашы бир нече жылдан бери чечилбей келет.
Президент Садыр Жапаров бийликке келгенде Ак-Ордодогу бир катар уруксатсыз салынган үйлөр мыйзамдаштырылган .
































