Футбол: Испания Аргентинаны жана азыркы замандын мыкты футболчусу Лионель Мессини утту

Сүрөттүн булагы, Chris Brunskill/Fantasista/Getty Images
Испания курамасы дүйнө чемпиондугунун финалында Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңди. Жалгыз голду кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө Ферран Торрес киргизди. Ошентип, Испания курамасы эки жолку дүйнө чемпиону аталып отурат - буга чейин испандар дүйнө биринчилигин 2010-жылы утуп алышкан.
Бул чемпионатта Испания курамасы башынан эле фаворит болчу жана ал өз мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган жок. Дүйнө чемпиондугунун финалында испандар Аргентинаны эч кыйынчылыксыз тизе бүктүрүштү. Ал тургай биздин доордун эң мыкты футболчусу Лионель Месси да испандардын мыкты уюштурулган машинасынын алдында алсыз болуп чыкты.
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон аргентиналыктар экинчи жолу катары менен чемпиондукту утуп алып, Италия менен Бразилиянын легендарлуу курамалары сыяктуу тарыхта калууну үмүт кылышкан. Родри жана Ламин Ямаль жетектеген испандыктар болсо, 2010-жылы Түштүк Африкадагы мурунку муундун триумфунан кийин, өздөрүнүн экинчи титулун утуп алуу үчүн келишкен.

Сүрөттүн булагы, Michael Regan - FIFA/FIFA via Getty Images
Испания финалга чейин 37 оюн катары менен жеңилген эмес. Мындай натыйжага эркектер футболунун тарыхында башка эки гана курама - Италия жана... Аргентина жетишкен.
Финалга чейинки жолдо испандыктар бир да оюн утулбай, болгону бир гол өткөрүп жиберишти, ал эми жарым финалда Франциянын шаштысын алып, дээрлик бүт оюн бою топтун артынан чуркатышты.
Ал эми Аргентина болсо негизинен оюндун аягында, жеңилип баратып гана гол киргизип жатты, бирок финалга карата чемпионатта эң көп - 19 гол киргизүүгө жетишкен. Чынында, Аргентинанын колунда чоң картасы бар эле - ал Лео Месси болчу. Бирок бул оюнда ал эч нерсе кылбагандай сезилди жана чемпионаттын мыкты бомбардири боюнча маселе тез эле чечилди.
Ал 10 гол киргизген француз Килиан Мбаппе болду, муну ал эч нерсени чечпеген үчүнчү орун үчүн болгон беттеште ишке ашырды. Ошентип, Мбаппе эки турнирде тең "Алтын бутсаны" алган биринчи футболчу болуп калды. Ага чейин Месси 8 гол менен Мбаппеден озуп турган эле.

Сүрөттүн булагы, EPA
Испания менен болгон оюнга келсек, Месси өзү топ киргизмек тургай, голдук пас берүүгө да дээрлик мүмкүнчүлүгү болгон жок. Испандыктар оюнду чечкиндүү түрдө көзөмөлгө алышты, бирок аргентиналыктар оюндун акырына чейин испандардын чабуулуна туруштук берип жатышты. Негизги убакытта - толук курамда. Кошумча убакытта - азчылыкта. Бирок кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө Ферран Торрестин голу баарын чечип кетти.
Испания Америкадан дүйнө чемпиондуктарынын тарыхындагы эң жеңилгис курама катары кайтып жатат - 38 оюн жеңилүүсүз. Ал эми Аргентина үйүнө азыркы замандын мыкты оюнчусу Лионель Мессини жана ар бир курама үчүн укмуштуудай жетишкендик болгон - катары менен эки жолку финалдык оюнду алып кетип жатат.




























