УКМК өзүнүн үч кызматкерин кармады

УКМК

Сүрөттүн булагы, Economist.kg

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Атайын кызматта өздүк курамын тазалоо иштери жүрүп жатат, анын алкагында бүгүн үч кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Туруктуу коррупциялык механизмдерди жок кылуу боюнча УКМКнын кызматкерлеринин, башка кызмат адамдарынын жана үчүнчү жактардын катышуусундагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аракеттеги кызматкерлер тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталды.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

"Бул чаралар ар кандай кыянаттык көрүнүштөргө жол бербеген, натыйжалуу жана ачык түзүмдү калыптандырууга, ошондой эле бизнес менен коомдун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Аталган кампания коррупциялык көрүнүштөргө жана бизнесте мыйзамсыз басым көрсөтүүгө катышы бар кызматкерлерди аныктап, кызматтан четтетүүгө багытталган", - делет бул тууралуу билдирүүдө.

Мурда мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулган адамдарды кайрадан укук коргоо органдарына кызматка кабыл алууга тыюу салууну караган чаралар да каралууда.