Күнүнө 200 адам. Орусиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу эмне белгилүү?

Орус-украин согушу

Сүрөттүн булагы, Tass

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус-украин согушу
    • Author, Ольга Ившина
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Би-Би-Синин Орус кызматынын макаласы кыркартылып которулду.

Би-Би-Си "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте Украинага каршы кеңири масштабдуу баскынчылык башталгандан бери каза болгон 234 795 орусиялык аскердин аты-жөнүн аныктады. Каза болгондордун 56%ын согушка чейин жарандык кесипте иштеп жүрүп, согуш башталгандан кийин гана Орусиянын армиясы менен келишим түзгөн адамдар түзөт.

Акыркы эки жылдан бери биз ырастаган аскерлердин өлүмү күнүнө 200 адамдан төмөн түшө элек. Бул - өлүмү ачык булактардагы маалыматтар аркылуу тастыкталган учурлар гана. Чыныгы жоготуулар мындан да көп болушу мүмкүн.

Негизги тенденциялар

Миңдеген некрологдорду талдоо согуш аракеттеринин мүнөзү кандай өзгөргөнүн байкоого мүмкүндүк берет.

Согуштун алгачкы бир жарым жылында жоготуулар толкун сымал өзгөрүп турган. Маселен, Бахмут үчүн салгылашууда жана Авдеевканы алуу учурунда күнүнө 100–150 адам каза болуп турган болсо, кийин бул көрсөткүч кайра 50–60 адамга чейин азайган.

2023-жылдын октябрынан тартып күнүмдүк жоготуулар туруктуу жогорку деңгээлге - болжол менен күнүнө 120 адамга жеткен.

2024-жылдын июлунан бери бул көрсөткүч күнүнө 200 жоокер жана офицерге чейин көбөйүп, азыркыга чейин дээрлик өзгөргөн жок. Ал эми 2025-жылдын айрым апталарында каза болгондордун саны күнүнө 400–450 адамга чейин жеткен.

Мунун эки негизги себеби болушу мүмкүн. Биринчиси - Орусия армиясынын чоң жоготууларга карабай фронтто мүмкүн болушунча алдыга жылууга умтулуусу. Экинчиси - эки тарап тең душмандын жандуу күчүнө каршы сокку урууда дрондорду массалык түрдө колдоно баштаганы.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аймактар жана калктуу конуштар боюнча маалыматтар азыр келишимдик кызматка көбүнчө чакан шаарлардын жана айылдардын тургундары барарын көрсөтөт. Андай жерлерде туруктуу жана жакшы маяналуу жумуштар тартыш болуп, жергиликтүү бийликтин үгүт иштери ири шаарларга караганда күчтүүрөөк болушу мүмкүн.

Калктын санына салыштырмалуу эң чоң жоготуулар Батыш Сибирдин аймактарына туура келет.

Учурда каза болгондордун эң көп бөлүгүн ыктыярдуу келишим түзгөндөр түзөт. Биз бул категорияга жарандык турмушта жашап, иштеп жүрүп, кеңири масштабдуу согуш башталгандан кийин гана Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн адамдарды киргизебиз.

Бул топко ошондой эле сот өкүмү чыга электе эле фронтко кеткен кылмышка шектүүлөр жана айыпталуучулар да кирет.

Дал ушул келишимди өз ыктыяры менен түзгөндөр азыр фронттогу чарчаган бөлүктөрдүн негизги толуктоочу күчүнө айланган.

Тастыкталган жоготуулардын 11%ын абактагылар, дагы 8%ын мобилизацияланган адамдар түзөт.

Орусия даярдыктан өткөн аскерлердин, биринчи кезекте офицерлердин арасында да жоготууларга учурап жатат. Баскынчылык башталгандан бери 7 524 офицердин каза болгону белгилүү. Алардын 77%ы - төмөнкү командалык курамдын өкүлдөрү.

Согуш шартында кенже лейтенанттан капитанга чейинки офицерлер негизги аскерлер менен операцияларды пландаган улук командирлердин ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат.

Аскердик окуу жайлар зарыл болгон сандагы офицерлерди даярдоого жетишпей жатканы байкалат. Бир командирди даярдоо төрт жылга созулат. Ошондуктан Коргоо министрлиги акыркы учурда фронтто согуштук тажрыйба топтоп, кыска мөөнөттүү кайра даярдоо курсунан өткөн мурдагы катардагы жоокерлерге офицердик наамды көбүрөөк бере баштады.

Биз аныктаган каза болгондордун арасында 520 подполковник, 169 полковник жана 15 генерал бар. Алардын арасында соттолуп, бирок генерал-майор наамынан ажыратылбаган Ички иштер министрлигинин генерал-майору Андрей Головацкий жана Орусия тарапка өткөн, ачык документтерге караганда генералдык наамын сактап калган Украинанын Коопсуздук кызматынын генерал-майору Владимир Ляпкин да бар.

Чыныгы жоготуулардын көлөмү кандай?

Орусия тараптын чыныгы жоготуулары ачык булактар аркылуу аты-жөнү аныкталган адамдардын санынан көп.

Аскердик эксперттердин баамында, биздин көрүстөндөрдү, аскердик мемориалдарды жана некрологдорду талдообуз чыныгы каза болгондордун 45–55%ын гана камтышы мүмкүн.

Ар бир өлүм тууралуу ачык маалымат жарыяланбайт. Мындан тышкары, акыркы айларда каза болгон көптөгөн аскерлердин сөөгү дагы эле согуш талаасында калууда. Аларды эвакуациялоо тирүү аскерлер үчүн өтө кооптуу, айрыкча дрондордун соккусуна кабылуу коркунучу жогору.

Эксперттердин эсебине ылайык, Орусия тараптан каза болгондордун чыныгы саны 426 900дөн 521 767ге чейин болушу мүмкүн.

Эгер Украинага каршы өзүн өзү жарыялаган "ДЭР" жана "ЛЭРдин" куралдуу түзүмдөрүнүн курамында согушкандарды, ошондой эле Орусиянын Курск облусунда согушкан Түндүк Кореянын аскер бөлүктөрүнүн жоготууларын да кошсо, жалпы көрсөткүч кыйла жогорулайт.

"ДЭР" жана "ЛЭРден" чыккан жоокерлердин некрологдорун жана көптөн бери дайынсыз болуп жаткан аскерлер тууралуу маалыматтарды талдоо 2022-жылдын аягына чейин 21 миңден 23,5 миңге чейин адам каза болгон болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.

Би-Би-Синин корей кызматы Түндүк Кореяда курулган жаңы аскердик мемориалдын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жана расмий фотолорун изилдеп, 2024–2025-жылдары Орусия тарапта согушуп каза болгон 2 304 түндүк кореялык аскердин аты-жөнүн аныктады.

Ошентип, чогултулган маалыматтарга ылайык, Орусиячыл күчтөрдүн жалпы жоготуулары 450 204төн 547 571ге чейин аскер кызматкерин түзүшү мүмкүн.

Биз каза болгон аскер кызматкерлери тууралуу маалыматтарды чогултууну улантып жатабыз. Эгер бул тема боюнча маалыматыңыз болсо, [bbcrussian@bbc.co.uk](mailto:bbcrussian@bbc.co.uk) электрондук дарегине жазыңыз.