"Баары кыжалат". Орусияда жаңы мобилизациялоо күтүлүп жатабы?

Маалыматтарды текшерүү үчүн аскер комиссариатына чакыруу кагаздары орусиялыктарга "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" аркылуу бир жыл мурда эле жапырт жөнөтүлө баштаган

Сүрөттүн булагы, RBC/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маалыматтарды текшерүү үчүн аскер комиссариатына чакыруу кагаздары орусиялыктарга "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" аркылуу бир жыл мурда эле жапырт жөнөтүлө баштаган
    • Author, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Акыркы айларда аскер комиссариаттары аскердик каттоого байланышкан маалыматтарды тактоо үчүн орусиялыктарга чакыруу каттарын жигердүү жибере башташты. Мындай чакыруу каттарын эркектер гана эмес, көбүнчө медициналык билими бар аялдар да алып жатышат. Чакырууну алгандардын көбү бул кагаздарды көрмөксөнгө салууда. Би-Би-Си Орус кызматы эмне үчүн мындай чакыруу кагаздары жөнөтүлүп жатканы жана аларды этибарга албоо үчүн кандай жоопкерчилик каралганы тууралуу юристтер жана укук коргоочулар менен баарлашты.

Жеке клиникада медайым болуп иштеген Мария 1-июлда "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" тиркемеси аркылуу аскердик каттоого байланышкан маалыматтарды тактоо үчүн чакыруу кагазын алган. Ал военкоматка барбоону туура тапты. Би-Би-Си Орус кызматы бир нече жумадан кийин байланышып, Марияга карата эч кандай чектөө чаралары колдонулбаганын аныктады. Мариянын айтымында, медициналык билими бар таанышы да ушундай чакыруу кагазын алган экен.

Ал эми Сибирде такси айдоочусу болуп иштеген Сергей Черепанов, тескерисинче, чакырууну алар замат аскер комиссариатына барган. Өзүнүн телеграм-каналында Сергей маалыматтарды текшерүү болгону бир нече мүнөткө созулганын, бирок аны үчүнчү жолу келгенде гана кабыл алышканын айтты. Черепановдун айтымында, ушундан кийин военкоматтын кызматкерлери ага мунайды кайра иштетүүчү заводду кайтаруу үчүн резервдик тизмеге кирүүнү сунуш кылышкан, бирок Сергей бул сунуштан баш тарткан.

Татарстандык юрист Илдар Инстаграмдагы баракчасына жарыялаган видеодо аскер комиссариатына кантип барып келгенин айтып берген. Июндун башында Илдарды маалыматтарды тактоого байланыштуу военкоматка чакырышкан. Ал чакыруу кагазын көтөрүп барганда, аскер билетине мобилизациялык буйрукту чаптап коюшканын, анда мобилизациялоо жарыяланган учурда аскерге милдеттүүлөр кайсы жакка жана качан келиши керектиги көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Илдар аскердик кызматка жараксыз экенин, бирок аскердик каттоодон чыгарылбаганын кошумчалады.

Би-Би-Си Орус кызматынын тактоочу суроолоруна Сергей да, Илдар да азырынча жооп берише элек.

Сергей Черепановго маалыматтарды текшерүүгө байланыштуу чакыруу кагазы жарым жылдын ичинде экинчи жолу келди

Сүрөттүн булагы, https://t.me/vsevezet

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Черепановго маалыматтарды текшерүүгө байланыштуу чакыруу кагазы жарым жылдын ичинде экинчи жолу келди

Чакыруу кагаздарынын көбөйүшүнө эмне себеп?

Маалыматтарды текшерүү үчүн чакыруу кагаздары орусиялыктарга бир жыл мурда, чакыруу кагаздарынын реестри ишке киргизилгенден кийин эле жапырт жөнөтүлө баштаган. Бул тууралуу Би-Би-Сиге "Гражданин. Армия. Право" укук коргоо тобунун директору Сергей Кривенко билдирди.

Укук коргоочулар маалымдагандай, бул реестр аркылуу биринчи чакыруу кагазы Тверь облусунун тургунуна 2025-жылдын августунда жөнөтүлгөн. Өкмөттүн токтомуна ылайык, реестр 2024-жылдын ноябрына чейин иштей башташы керек болчу. Реестр бир нече мамлекеттик базалардан, анын ичинде Ички иштер министрлигинин базасынан аскерге милдеттүүлөр жөнүндө маалыматтарды бириктирет. Көз карандысыз маалымат каражаттары реестрди иштеп чыккандардын бири катары "Микорд" компаниясын аташкан. 2025-жылдын декабрында базаны хакерлер бузушкан. Ички документтер ачыкка чыгып кеткенден кийин системанын коопсуздугуна байланыштуу суроолор жаралган эле, бирок Орусиянын Коргоо министрлиги реестрге хакердик чабуул жасалганы тууралуу маалыматты четке каккан болчу.

"Өткөн жылдын жайында аскер комиссариаттары аскердик каттоодо тургандардын реестрин сынап, маалыматтарды тактоо үчүн аскер комиссариатына чакыруу кагаздарын жигердүү жөнөтө башташкан эле. Бул иштер бир жылдан бери уланууда", - дейт Кривенко.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Аскер иштери боюнча үч юрист бул маалыматты тастыкташты. Адвокаттардын бири чакыруу кагаздарын алып, ага кайрылгандардын саны ушул убакыттын ичинде өгөрбөгөнүн айтат. Башка юристтин айтымында, запастагыларга чакыруу кагазы көбүнчө жазында келген – "маалыматтарды тактоо, аскердик чогулуштарга, мобилизациялык буйруктарды берүү үчүн" деген жүйөөлөр келтирилген. "Азыр кагаздар азыраак келип калды, бирок баары абдан тынчсызданууда", - деп ырастайт ал.

Дагы бир аскер иштери боюнча адвокат анын тажрыйбасында мындай чакыруу каттарын көбүнчө мамлекеттик базаларда маалыматтары ар башкача чыккан адамдар алаарын түшүндүрдү:

"Бул аскердик каттоо реестри электрондук болуп, ага бир нече базадан – ИИМден, ФСКдан, чек ара кызматынан жана башкалардан маалыматтар келип түшөт. Адам бир аймакта каттоодо турган болсо, ал эми ФСКнын маалыматы боюнча ал Москвада иштейт дейли. Ал иш жүзүндө кайда жашаарын билүү үчүн аскер комиссариаты адатта аскердик каттоого байланышкан маалыматтарды тактоо жөнүндө чакыруу каттарын жөнөтүп жатат".

Анын айтымында, мындай учурларда убактылуу катталган жери боюнча аскердик каттоого туруш керек.

"Көпчүлүк учурда адам келип, аскер комиссариаты сураттырган документтерди берет, анан убактылуу анын тынчын алышпайт", - деп түшүндүрдү ал.

Сергей Кривенко да ушундай эле пикирде, ал запастагылар мобилизациялоо маалында келбеши керектигин түшүндүрүп, "азыр мобилизациялык жазма буйрукту документке чаптоодон баш тартса болот, бирок "мобилизациялоо боюнча чакырылган учурда" аны берүү өтүнүчү менен альтернативалык жарандык кызматка алдын ала арыз берүү керектигин айтты.

Башка эки юрист болсо, чакыруу кагазын алган адам башына мүшкүл иш түшпөшү үчүн мүмкүн болсо аскер комиссариатына өзү барбастан, ишеним кат боюнча өз өкүлүн (мисалы, жакындарынын бирин) жөнөтүшү керек дешет.

Чакырганда барбаса, эмне болот?

Би-Би-Синин бардык маектештери бул суроого мындайча жооп беришти: маалыматтарды тактоо үчүн чакыруу кагазын алып, бирок военкоматка барбаганы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган эмес.

Кривенко ашып кетсе, жаза катары административдик айып салынып, укуктар чектелерин айтты. Орусия Федерациясынын Административдик кодексинин 21.5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мындай чакыруу кагазы боюнча келбегендиги үчүн 10 миңден 30 миң рублга чейин административдик айып каралган. Мындан тышкары, чакырганда келбегенден кийин 20 күн өткөн соң жеке ишкер катары катталууга, кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү түзүүгө жана транспорт каражаттарын башкарууга тыюу салуу өңдүү убактылуу чектөөлөр киргизилиши ыктымал.

Ошол эле учурда, анын айтымында, иш жүзүндө административдик жазалар дайыма эле колдонула бербейт.

"Алсак, адамга чакыруу кагазы келип (маалыматтарды тактоо үчүн), ал ошол маалда барбай жүрүп, бирок убакыт өткөндөн кийин барганда эч ким айып жөнүндө ооз ачкан эмес. Мисалы, менин кардарларымдын бирине да чакыруу кагазы боюнча келбегендиги үчүн бир да жолу айып салынган эмес", - деп кошумчалайт эксперт.

Административдик укук бузуулар кодексинде "Жарандардын аскердик каттоо боюнча милдеттерин аткарбоосу" деген атайын берене бар. Би-Би-Си соттук базалардан жана соттордун сайттарынан ал боюнча жаза берилген бир дагы чечимди таба алган жок. Бул берене боюнча соттук статистика расмий жарыяланбайт.

Орусия Федерациясынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти жарыялаган расмий соттук статистикага ылайык, 2025-жылдын алгачкы 6 айында соттор аскердик каттоо жаатындагы ар кандай мыйзам бузуулар боюнча болгону 10 ишти карап, 2,5 миң рубль өлчөмүндө бир гана айып салышкан, ал эми бул иштердин көпчүлүгү токтотулган. 2024-жылы 13 иш каралып, беш адамга жалпы суммасы 71 миң рубль айып салынган.

Бирок бул маалыматтар соттордун сайттарындагы маалыматтарды иштеткен көз карандысыз "Укуктук маалымат агенттигинин" маалыматтарынан кескин айырмаланат. Ага ылайык, 2024-жылы соттор аскердик каттоо чөйрөсүндөгү ар кандай мыйзам бузуулар үчүн 5 миңден ашык адамга айып салышкан, айып пулдун орточо суммасы 8 миң рублди түзгөн.

Аскер иштери боюнча адвокат азырынча мөөнөттүү кызматка чакырылууга тийиш болгондорго гана Орусиядан чыгууга тыюу салынганын белгиледи. "Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамдын 7.1-беренесине ылайык, чакыруу кагазы реестрге жайгаштырылган күндөн тартып аскер комиссариатына келгенге чейин жаранга Орусиядан чыгууга автоматтык түрдө тыюу салынат.

Бирок, адвокат "эгерде мыйзамдарга мындай өзгөртүүлөр киргизилсе, анда чындыгында эле мобилизацияланышы ыктымал адамдардын баарына чакыруу кагаздарын электрондук реестр аркылуу жөнөтө алышат жана чакыруу кагазын алгандан кийин адам өлкөдөн чыга албай калат", - деп эскертет.

"Азырынча мындай мыйзам долбоорлору Мамлекеттик Думага киргизиле элек, ал эми азыркы чакырылыштагы депутаттар 27-июлда ишин аяктап, сентябрдагы шайлоодон кийин гана ишке чыгышат".

"Идите лесом" долбоорунун басма сөз катчысы, укук коргоочу Иван Чувиляевдин айтымында, эгерде бул тыюу салуу чындыгында эле автоматтык түрдө киргизилгенде, анда насыя берүүдөн, жеке ишкер катары каттоодон, кыймылсыз мүлк менен операциялардан баш тартуу сыяктуу окуялар өтө көп болмок. Мындай көрүнүш азырынча жок.

"Аскерге милдеттүүлөрдүн реестри система, автоматтык база катары иштебейт. Ал чакыруу кагаздарын жөнөтө алат, бирок чектөө киргизе албайт", - дейт Чувиляев.

Бул мобилизациялоого даярдык болушу мүмкүнбү?

Армияга жаңы жоокерлерди тартуу көрсөткүчү төмөндөп кеткендиктен мобилизациялоо ыктымалдуулугу жөнүндө көз карандысыз ЖМКлар да, бийликчил аскер кабарчылары да жазып жатышат. Бул кооптонууларды күч органдарынын мыйзам чыгарууда жигердүүлүгү да кыйыр түрдө тастыктап жаткансыйт. Июлда Коргоо министрлиги "Аскердик кызмат жана аскердик милдет жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизген долбоорду жарыялаган, ал мобилизацияланган, ооруп жаткан, жаракат алган жана майып болгон аскерлерди медициналык күбөлөндүрүүсүз фронтко кайтарууга мүмкүндүк берет. Би-Би-Си жазгандай, мындай тажрыйба көптөн бери бар.

Маалыматтарды тактоо үчүн чакыруу кагаздары көп жиберилип жатканына карабастан, Би-Би-Си кепке тарткан юристтер муну мобилизациялоонун жаңы толкунуна даярдыктын белгиси катары көрүшпөйт.

"Муну аскерге чакырууну күчөтүү катары чечмелебейт элем. Эгерде мобилизациялоо тууралуу чечим кабыл алынса, 2022-жылга караганда ал электрондук чакыруулар менен натыйжалуу болоорун жокко чыгарбаш керек",- деп эсептейт адвокаттардын бири.

Иван Чувиляевдин айтымында, бийлик 2022-жылдын сентябрынан бери аскерлерди келишим боюнча фронтко тартуу аркылуу мобилизациялоону ачык жарыялабастан армиянын катарын толуктап келатат. Ошондуктан ал азыр болуп жаткан окуяны мобилизациялоонун жаңы толкуну катары эмес, жүрүп жаткан процесстин уландысы катары баалайт. "Жарым-жартылай мобилизациялоо" жөнүндө жарлык дагы деле күчүндө.

Эмне үчүн аялдарга чакыруу кагаздары келүүдө?

Июлдун башында Москвадагы аскер иштери боюнча бир нече юрист маалыматтарды текшерүүгө байланыштуу чакыруу каттарын алган аялдардан, негизинен медициналык билими бар аялдардан кайрылуулар көбөйгөнүн социалдык тармактарда жазышкан. Бул юристтер Би-Би-Си менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Алардын бири Елена Коньшина өзүнүн телеграм-каналында "дарыгерлерге военкоматка аскердик каттоого тиешелүү маалыматтарды тактоо үчүн чакыруу каттары келе баштады. Адамдар ушунчалык коркуп калышкандыктан, чакыруу боюнча баруудан баш тартышууда", - деп жазды.

Бирок Би-Би-Си Орус кызматы менен кененирээк сүйлөшүүгө макул болгон эксперттер мындай көрүнүш күч алып жатат деген маалыматтарды тастыкташкан жок.

Адвокаттардын биринин айтымында, анын аялы дарыгер катары аскердик каттоодо турат, бирок аялына да, анын кесиптештерине да эч кандай чакыруу кагазы келген эмес.

Би-Би-Си Орус кызматы мындай чакыруу кагазын алган аялды таап, анонимдүүлүк шартында кепке тартты. Петербургда жашаган, фронтто байланыш адистиги бар 29 жаштагы Маринага 6-июлда "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" тиркемесине аскердик жыйындарга чакыруу келген, бирок 9-июлда күтүүсүз жерден ал чакыруу өчүрүлгөн.

"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" жана СМС аркылуу келген чакыруу кагаздарынан тышкары, айрым адамдарга шылуундар да чалышууда.

Юлия биринчи курстан кийин эле медициналык коллежди таштап кеткен. Ал Би-Би-Сиге 13-июлда ага бейтааныш номерден телефон чалышканын айтты. "Сиз келишим боюнча кызмат өтөө тууралуу маалыматтарга кызыгып жүргөн экенсиз..." дегенди угаар замат Юлия телефонду өчүрүп койгон.

"Мен аскерге милдеттүү эмесмин, үйдө балдар менен отурам, пирсер болуп акча табам", - дейт ал.

Би-Би-Си Юлияга чалган номерди ачык маалыматтар базасынан таба алган жок, ал эми ошол номер боюнча чалганда автожоопкайтаргычтын "Бир дагы оператор бош эмес" деген жообун уккан.

Ички иштер министрлиги кышында эле "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөгү" аккаунттарга кирүү үчүн өзүн аскер комиссариаттарынын кызматкерлери катары тааныштырган шылуундар көбөйүп жатканын эскерткен болчу. (ZMa)