"Былтыр ушул күнү үйлөнгөнбүз". 20 жаштагы Жамиля төрөттөн кийин каза болду

22-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ооруканасында 20 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Милиция окуя боюнча териштирүү иштерин жургүзүүдө.
Маркум Жамила Шаршенбекованын күйөөсү Арстанбектин айтымында, жубайынын толгоосу келип, 21-июль күнү түнкү саат 11ден кийин ооруканага кайрылышкан. Анын сөзүнө караганда, жубайы түнү бою толготуп, таңга маал төрөгөн жана саат алтыга жакын дарыгерлер аны жаңы төрөлгөн уулун көрүүгө чакырышкан.
"Алтыга эки-үч мүнөт калганда, бир акушер келип, баланы көрөсүңбү деди. Мен кирип, баланы көрүп чыктым. Ошондон кийин эле келинчегимди көргөн жокмун. Алтыдан өтүп калганда эле сүйрөп алышып, аялымды операциялык бөлүмгө алып кирип кетишти. Ошол бойдон саат 14:30-15:00дө айрылып калдыңыз деп айтышты. Кагаз боюнча 07:05те төрөгөн деп жазып коюшкан. Бирок мен алтыда кирип чыккам. Милицияда видеолор бар, алтыда кирип чыкканым көрүнүп турат", - деди маркумдун жолдошу Төлөнбек уулу Арстанбек.
"Күнөөлүүлөр жооп берсин"
Арстанбек жубайы төрөттөн кийин кайра өзүнө келбей калганын айтып, анын өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайлар кылдат иликтенишин талап кылууда. Ал жубайы кош бойлуулук маалында медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, ден соолугу жакшы болгонун белгиледи.
"Келинчегимдин саламаттыгы аябай жакшы болчу. Бир жерим ооруду деген эмес. Былтыр ушул күнү үйлөнгөнбүз. Бир жыл болгон баш кошконубузга. Боюнда бар кезде Бишкектен УЗИге түшүп, өзүнүн дагы, курсагындагы баланын да абалы жакшы, ден соолугу чың деген кагаздары бар", - деди маркумдун жолдошу Төлөнбек уулу Арстанбек.
Жамиланын кайненеси да окуя боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек деп эсептейт.
"Алтындай болгон 20 жаштагы келинимди өлтүрүп салышты. Байкушум жаш өлүп калды. Баласын да көрбөй калды болуш керек. Эстесем ушунчалык жаман болуп жатам. Баласы жетим калды. Операция жолу менен төрөтсө, балким өзүн да, баланы да аман алып калат беле деп эле ичим сыздап, ушул жерде ыйлап отурдум. Келип алып, анан кудайдын кылганы дейт. Кудайга шылтап. Бул кандай эми? Медицина өсүп жатат, өнүгүп жатат деп атышат. Өнүккөнү ушубу? Жазаларын алышсын. Менин ичим күйүп турат аябай", - деди Жамиланын кайненеси.
ИИМ: текшерүү жүрүп жатат
Тоң райондук ооруканасынын директору Жеңишкүл Сукаева бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
"Телефондон бере албайм комментарий, бошоюн, анан байланышалык".
Райондук ооруканага кайра байланышууга мүмкүн болгон жок.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Жамиланын төрөттөн кийин абалы начарлап, операция жасалган.
"Болжол менен саат 03:00 чамасында төрөт процесси башталып, саат 07:05те Ш.Ж. биринчи жолу эркек бала төрөгөн. Төрөттөн кийин анын абалы начарлап, медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалган. Бирок дарыгерлердин көргөн аракеттерине карабастан, аял саат 12:48де каза болгон" деп айтылат маалыматта.
Тоң райондук ички иштер бөлүмү бул факт боюнча соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын билдирди.
































