"Тарыхтагы алгачкы жогорку деңгээлдеги сапар". Тогонун лидери Кыргызстанга эмне максат менен келди?

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе жоон топ делегациянын коштоосунда Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен келди. Аны Бишкекте Кыргызстандын президент Садыр Жапаров кабыл алып, сүйлөшүү өткөрдү. Эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан, тараптар байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууну көздөшүүдө. Бул - Тогонун Кыргызстанга жасаган биринчи жогорку деңгээлдеги сапары.
Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров менен өлкөгө эки күндүк расмий сапары менен келген Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Анын алкагында билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Бул сапар Кыргызстандын Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабынын башталышын билдирет. Африка – дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан аймактардын бири, ал эми Того – уникалдуу маданий мураска бай жана өз аймагында маанилүү орунду ээлеген өлкө. Андыктан бул келечектүү аймак менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду түзүүгө кызыкдарбыз", -- деди Садыр Жапаров Фор Гнассингбе чакыруусун кабыл алганына ыраазычылык билдирип.
Президенттин маалыматына караганда, эки өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер 2015-жылы түзүлгөн.
"Бул жалпы жонунан алганда Африка өлкөсүнүн лидеринин өлкөбүзгө жасаган тарыхтагы алгачкы жогорку деңгээлдеги сапары болуп эсептелет", - деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Фор Эссозимна Гнассингбе Того Кыргызстан менен өз ара пайдалуу жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
"Бүгүн биз кол койгон келишимдер биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин келечектеги өнүгүүсүнө негиз түзгөн маанилүү тармактарды камтыйт. Бул келишимдер чек эмес, биз үчүн бул башталышы гана. Эми биздин милдетибиз аларды тутумдуу жана ырааттуу түрдө ишке ашыруу", - деди Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы, 59 жаштагы Фор Эссозимна Гнассингбе.
Кыргызстан менен Тогонун ортосунда буга чейин эки тараптуу мамиле дээрлик болгон эмес. Эки өлкөнүн ортосунда эч кандай соода-экономикалык алакалар жок.
Расмий Бишкек акыркы жылдары Африка мамлекеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын көрсөтүп жаткандай. Былтыр март айында президент Садыр Жапаров Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча жарлыкка кол койгон. Анда Эфиопиядагы элчилик Африка континентиндеги Кыргызстандын биринчи дипломатиялык мекемеси болору айтылган. Мындай чечим саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү үчүн кабыл алынганы белгиленген.
Ал эми декабрда Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы элчилигин уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага чейин, ноябрдын башында Жапаров Мисирге расмий сапар менен барган. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланып, бир катар документтерге кол коюлган. Мисирге сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендик жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары экени белгиленген.

Сүрөттүн булагы, Official
Того - Гвинея булуңундагы республика
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Батыш Африканын чок ортосунда жайгашкан Тоголез Республикасы, же кыскача Того түндүгүнөн Буркина-Фасо, чыгышынан Бенин жана батышынан Гана менен чектешет. Өлкө түштүгүндө Гвинея булуңуна чыгуучу чакан жээк тилкесине ээ. Дал ушул жээк боюнда өлкөнүн башкы административдик жана маданий борбору - Ломе шаары орун алган.
Тогонун жалпы аянты 56 785 чарчы километрди түзүп, 8 миллиондон ашык калкы бар. Анда 41 улуттун өкүлдөрү байырлап, расмий тил катары француз тили колдонулат.
Бүгүнкү күндө Того башкаруунун парламенттик формасына өткөн республика болуп саналат.
Дүйнөдөгү эң начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарындагы мамлекеттин чарбачылыгы негизинен айыл чарбасына, фосфат казып алууга жана реэкспорттук соодага байланган. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 10 миллиард долларга жетпеген сумманы түзүп, ар бир жаранга туура келген киреше болжол менен 1227 доллардын тегерегинде болууда. Дүйнөлүк банктын 2025-жылга карата берген маалыматына ылайык, өлкөдө чоңдордун сабаттуулугу 65 пайызды түзөт.
Тарыхына келсек, Того 1884-жылы Германиянын колониясына айланган. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Франциянын көзөмөлүнө өткөн. Өлкө 1960-жылы эгемендигин жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, Official
Фор Гнассингбе - Тогону чейрек кылым башкарган лидер
Того 50 жылдан ашык убакыттан бери Гнассингбелердин династиясы менен тыгыз байланышта болуп келди.
Фор Гнассингбенин атасы, Тогонун төртүнчү президенти Гнассингбе Эйадема бийликке 1967-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу келип, өлкөнү 38 жылдык башкарган. Эйадема 2005-жылы 69 жашында учакта бараткан кезде жүрөгү кармап каза тапкан.
Фор Эссозимна Гнассингбе 2005-жылы атасынын өлүмүнөн кийин талаш-тартыштарга жана эл аралык кысымдарга карабастан бийликке келген. Ал Сорбоннада жана АКШда билим алган.
Фор Гнассингбе алгач 2002-жылы парламенттин депутаты, ал эми бир жылдан кийин Телекоммуникация министри болуп дайындалган.
2005-жылы армия аны атасынын мураскери деп жарыялап, мыйзамдуу түрдө убактылуу президент болушу керек болгон парламент спикери Фамбаре Уаттара Начабанын учагын өлкөгө киргизбей койгон. Спикер ал кезде Европада сапарда жүргөн.
Бийликти легитимдештирүү үчүн парламент Начабаны кызматтан алып, Гнассингбени спикер кылып шайлаган жана шайлоо мөөнөтүн чектеген конституциялык нормаларды алып салган.
Бирок эл аралык коомчулуктун катуу кысымынан кийин ал кызматтан кетүүгө жана президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.
2005-жылдагы шайлоодо Гнассингбе 63% добуш менен жеңишке жеткени жарыяланган. Бирок Евробиримдик жана Картер борбору бул жыйынтыктарды "бурмаланган" деп аташкан. Натыйжада келип чыккан кагылышууларда адамдар өлүп, кээ бири коңшу мамлекеттерге качууга мажбур болгон.
Кийинки шайлоолор (2010, 2015, 2020) дагы оппозициянын нааразычылыгы жана легитимдүүлүк маселеси менен коштолуп, ал төртүнчү мөөнөткө чейин бийлигин сактап калган.
2024-жылы Тогонун парламенти өлкөнү парламенттик республикага айландырган жаңы конституцияны кабыл алды. Бул реформа президенттин кызматын жөн гана символдук деңгээлге түшүрүп, негизги бийликти Министрлер кеңешинин төрагасына өткөрүп берген.
2025-жылдын май айында Фор Гнассингбе президенттик кызматтан кетип, өкмөт башчылыгына дайындалды. Талдоочулар бул кадамды Гнассингбенин бийликте чексиз калуусу үчүн жасалган стратегиялык жүрүш катары баалашууда, анткени жаңы система боюнча ал аткаруу бийлигинин тизгинин өз колунда сактап кала алды.



























