Чынара Эсенгул: Иран ШКУдан көп колдоо күтөт, бирок...

Чынара Эсенгул, эксперт
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкекте 28-апрелде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өттү. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда. Кыргыз президенти Садыр Жапаров он мамлекеттен келген коргоо министрлерин кабыл алып, ШКУнун маанисин белгилеп, уюм алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасаларын айтты.

Президент ошондой эле Бишкекте жетишилген макулдашуулар уюмдагы коргонуу кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Бул жолку ШКУнун саммити Жакынкы Чыгышта, Иранда абал курчуп турган маалга туш келди. Буга чейин Ирандын расмийлери ШКУдан саясий декларациялар менен чектелбей, конкреттүү аракеттер менен расмий Тегеранга колдоо көрсөтүүнү суранган.

Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгулду кепке тартып, адегенде эле Иран ШКУдан жана ага мүчө өлкөлөрдөн кандай колдоону күтүп жатканын сурады.

Чынара Эсенгул: Иран Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинин соңунда кеминде эле бирдиктүү Иранга болгон АКШ менен Израилдин кол салуусун айыптаган билдирүү күтүп жатат. Бул кеминде күткөнү, ал эми чындап ШКУ алкагында Иранга колдоо көрсөтө турган жаңы механизмдердин иштелип чыгуусун каалайт. Бул расмий Тегеран үчүн максимум болмок. Эң эле жок дегенде, АКШ менен Израилди айыптап, иш-аракеттерин жактырбаганын ачык билдирүүсүн күтүп жатат.

Би-Би-Си: ШКУда НАТОдой жамааттык коргонуу механизми жок, бирок АКШ менен Израил Иранга чабуул жасаганда ШКУ биргелешкен катуу билдирүү да жасай албады. Тынчсыздануу билдирди, бирок катуу айыптай албады. Эмнеге?

Чынара Эсенгул: ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити өткөндө дагы көрө жатарбыз. Бирок эмне үчүн азыр андай билдирүү болбой жатат деген суроого жоопту саясий жагынан алып караганда, Орусия да, Кытай да Иран менен эки тараптуу мамилесинде колдоо көрсөтүп эле келе жатканынан алсак болот. Мисалы, Орусия чалгын маалыматтары менен бөлүшүп, АКШ менен Израилдин объектилерине контрчабуул кылганга колдоосун көрсөтүп эле жатат. Кытай деле ракетадан коргонуу системасынын мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүүдө. ШКУ алкагында конкреттүү жардам же билдирүү болбой жатат дегендин себеби ушунда. Ачык айтып, чоң тема кылбаса да Орусия менен Кытай Иранга эки тараптуу форматта жардамын көрсөтүп эле келүүдө.

Би-Би-Си: Кытай менен Орусия ШКУнун ичиндеги негизги өлкөлөр. Ал экөөнүн тең АКШ менен мамилеси анчейин. Ирандагы кырдаал курчуганда Орусия, Кытай жана Иран АКШга каршы үчилтик түптөлүп жатканы тууралуу да айтылып келет. Дегеле, ушул Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу кандай жаңы геосаясий өзгөрүүлөргө алып келүүдө?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чынара Эсенгул: Азыркы жагдайда чын эле ошондой үчилтик түзүлүп жатат деп айтууга болот. Батышка каршы чыккан күчтөрдүн блогу түзүлүп калды. Кытай-Иран-Орусия биригип, экинчи жагынан АКШ менен Израил болуп, баягы "Кансыз согуштун" экинчи версиясына бара жаткансыйт. Акырындап дүйнө эки блокко бөлүнүп, согуштук абал менен дүйнөлүк тартип, система өзгөрүп жатат десек болот. Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал жаңы позиция, жаңы блокту тандоону ыктаган жагдайга алып барып жатат.

Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжан нейтралдуу позицияны карманганга аракет кылууда. Бирок ошондой турумда болуу же блокту тандабоо канчалык узак мөөнөттө созула алат? Көпкө "эки отургучка" отуруу мүмкүн эмес. Айрыкча, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ошондой болот. Мисалы, Азербайжан Түркияга жакын, Эрдоган Түркия НАТОго мүчө болсо да, Иранга каршы согушта АКШны анча колдобогонго аракет кылды, күттү. Бирок айла жоктон акырындан Батыш жагына ыктаган позицияга баратат. Азербайжан Түркияга жакын болгондуктан анын дагы туруму да ошол нукка өнүгүшү мүмкүн. Ал эми Борбор Азияныкы кандай болот айтуу кыйын болуп турат. Анткени Түркиядай НАТОго мүчө эмеспиз, же Азербайжандай Түркияга жакын эмеспиз.

Ушунун баарын эске алганда бул маселеде биздин бир турумга келишибиз узакка созулушу мүмкүн. Бирок, жалпы геосаясий абал дүйнөдөгү ошондой бөлүнүүгө алып бара жатат.

Би-Би-Си: ШКУнун бүгүнкү геосаясий кырдаалдагы ролу жана орду кандай болуп калды? Буга улаш эле суроо - Иран ШКУга 2005-жылдан бери байкоочу макамында катышып келди, 2022-жылы гана тең укуктуу мүчө өлкө болду. Иран анда кандай кызыкчылыктарды көздөгөн?

Чынара Эсенгул: Жалпысынан ошондо эле дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болору билинип жаткан, ошондуктан Иран дагы өзүнө союздаш, тарапташтарды көздөп ШКУга мүчө болду. Уюм алкагында ири мамлекеттер: Орусия жана Кытай аны колдогонун азыр көрүп жатабыз. Азырынча ШКУ аянтчасы талкуулардын жана турумдарды макулдашуунун жери болуп жатат. Орусча айтканда "площадка для совместных заявлений, но не действий". Практикалык кадам жасай турган уюм эмес болуп жатат, бирок талкуулап отуруп, ошондой механизмдерди иштеп чыгара турган уюм.

Би-Би-Си: ШКУга төрагалык макамы Кыргызстанга саясий, экономикалык жана имидж жагынан кандай мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат?

Чынара Эсенгул: Экономика жана имидж жагынан алганда бизге окшогон өлкөлөр ШКУнун саммитинен пайдаланып, өзүнө маанилүү маселелерди да күн тартибине киргизе алат, ошону да талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Албетте, саммитте согуштук абал талкууланат, бирок күн тартибине бизге маанилүү маселелерди койсо болот. Ошол эле экономикалык долбоорлор, санкцияларда да талкууласа болот.