"Биздин позиция эске алынган жок". ТИМ Евробиримдиктин санкциясы боюнча билдирүү жасады

dfd

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Орусияга каршы киргизилген санкцияларынын 20-пакетине кыргызстандык компаниялардын кошулушуна байланыштуу расмий билдирүү таратып, бул чечимге "өкүнүчүн жана тынчсыздануусун" билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси акыркы убактарда европалык өнөктөштөрү менен санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча туруктуу байланышта болуп келгенин белгилейт.

"Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Министрлик ЕБдин бул чечими Борбордук Азия менен кызматташууну чыңдоо боюнча мурда жарыяланган пландарга карама-каршы келерин белгиледи.

Кыргызстан эл аралык укуктун нормаларын сактай турганын дагы бир жолу ырастап, "үчүнчү өлкөлөргө карата бир тараптуу чектөөлөрдү колдонуу тажрыйбасына" тынчсыздануусун билдирди.

Расмий Бишкек Европа Биримдиги менен саясатташтырылбаган диалогду жактаарын айтып, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга чакырды.

Европа Биримдиги өткөн жумада кабыл алынган санкциялардын 20-пакетинде санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошту. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырды. Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жактырган санкциялардын 20-пакети баш-аягы Орусиядагы жана башка бир катар өлкөлөрдөгү 33 адамды жана 83 мекемени "кара тизмеге" кошту.

Анын алкагында уюм биринчи жолу санкцияларды буйтап өтүүгө каршы механизмин ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Еврошаркет буга чейин Орусиядан тышкары башка далай мамлекеттерде жайгашкан компанияларга, банктарга же жеке адамдарга санкция салып келсе, бул ирет уюм Украинадагы согушка байланыштуу биринчи жолу айрым товарларын үчүнчү өлкөгө экспорттоого тыюу салып жатат.

Еврокомиссия үчүнчү өлкөлөрдөгү экспортерлордун Евробиримдиктин санкциялык тизмедеги товарларын Орусияга ре-экспорт кылуу аракетин көз жаздымда калтырбай турганын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-апрелде эл аралык санкциялар маселеси боюнча атайын жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда кыргызстандык компанияларды Батыштын "кара тизмесинен" чыгаруу жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу чаралары каралды.

Асаналиевге, Тургунбаевге жана Пирназаровго санкция салынабы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал ортодо Кыргызстандын үч аткаминерине Улуу Британияда жеке санкциялар киргизилиши мүмкүндүгү да талкууланууда.

Британ парламентинин депутаттары Британ Тышкы иштер министрлигине башкы прокурор Максат Асаналиевге, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевге жана Финансылык жөнгө салуу кызматынын мурдагы жетекчиси Марат Пирназаровго санкция салууну сунушташууда.

Санкция киргизүү Кыргызстан аркылуу Орусияга каршы чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берилип жатат деген шектенүүлөр менен байланыштуу сууншталган.

"Өзүңүзгө белгилүү болгондой, A7A5ке Улуу Британия, ЕБ жана АКШ тарабынан санкция салынган. Бул санкцияларга карабастан, A7A5 санкцияга кабылган орус жеке жана юридикалык жактары үчүн санкциялардан качуунун негизги платформасы катары ишин улантууда жана кеңейүүдө" деп айтылат британ депутаттарынын билдирүүсүндө.

Айрым маалыматтарга караганда, рублга байланган жана Кыргызстанда соодаланган "A7A5" орус стейблкоини аркылуу $100 миллиард каражат өткөн деп болжолдонууда.

Британ депутаттары Европа Биримдигинен Кыргызстанга болгон экспорттун кескин өсүшүнө көңүл бурушууда. Ал 2021-жылы 263 миллион евродон 2024-жылы 2,73 миллиард еврого чейин жеткенин белгилешкен. Алар бул товарлардын бир бөлүгү андан ары Орусияга кетип жатышы мүмкүн деп эсептешет.

dfd

Сүрөттүн булагы, Official