"Ала-Тоо" адабий журналы кайрадан басылып чыга баштады

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Ала-Тоо" адабий-көркөм журналы кайрадан ишин жандантып, басылып чыга баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Элибиздин нарк-насилин жайылтууда, улуттук жазма адабий тилин байытууда өзүнчө бир баа жеткис казынага айланган "Ала-Тоо" журналы кайрадан жанданып, басылып чыгып, анын биринчи саны колума тийди. Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз. Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези. Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макала-материалдарды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, дүйнө таанымын арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн",- деген Жапаров.

Президент "Ала-Тоо" журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат деген ишенимин билдирген.

"Ала-Тоо" журналы 1931-жылы Фрунзе шаарында жазуучу жана акын Аалы Токомбаев тарабынан негизделген.