Эки айга камалды. Жаныбек Кубандыков ким?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтырды.

Күн мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жаныбек Кубандыковду кармаган. Аны менен кошо А.К.Т. инициалындагы дагы бир адам кармалган. Алар чет өлкөлүк инвесторлорго ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелүүдө. Жаныбек Кубандыковго карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө ("Алдамчылык") каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.

Коомчулук арасында эгер учурда мамлекеттик кызматта иштебесе, инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп, акча талап кылгандай бул адам ким деген суроо кызуу талкууланып жатат.

Сиз Жаныбек Кубандыков ким экенин билчү белеңиз? Бул ысым коомчулукка соңку бир айдан бери кеңири белгилүү боло баштады. Ал элге көп көрүнбөгөнү менен Ынтымак-Ордого таасири бар адам экени айтылып жаткан.

Мурдагы адвокат Канат Хасанов Жаныбек Кубандыков менен достук мамиледе экенин ырастап, аны элдин муң-зарын президентке жеткирип жүргөн жана кайрымдуулук иштери менен алектенген киши катары сыпаттады. Ошондой эле ири өлчөмдө акча талап кылды дегенге ишенбей турганын кошумчалады:

"Ал коомчулукка көп белгилүү болбосо да, спорчуларга жана башкаларга колунан келген жардамын берип жүргөн жакшы жигит. Бир маалда президенттин кеңешчиси болгон. Президент менен мамилеси бар. Бирок жаман иштерге бара турган жигит эмес. Өтө жөнөкөй, мекенчил жигит. Азыр Кыргызстанда саясий күчтөрдүн ортосунда тиреш болуп жатканда, саясий оюндардын курмандыгы болуп калды го деп ойлойм. Мениче, бул президентти жамандоо үчүн уюштурулган чагым деп эсептейм. Өзү юрист, юридикалык билими бар. Көптөгөн карапайым адамдарга жардамы тийген. Өзүнүн Таласта кичинкей бизнеси бар болчу. Ачка кала турган бала эмес. Келинчеги да абдан акылдуу, кыйын адам. Президенттин айылынан эмес. Түптөн, бирок президенттин айылынан - Кең-Суудан деп айтканга болбойт".

Жаныбек Кубандыковдун баш коргоо чарасы карала турган маалда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна аны колдоо үчүн "Айкөл таза коом" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү барганына күбө болдук. Бирикменин жетекчиси Усупбий Шеримбаев Кубандыков Апрель окуясынан жабыркаган жарандардын бир бөлүгүнө жардам берип жүргөнүн, Курманбек Бакиевден каражатына салынган тигүү фабрикасы үчүн жер бөлдүрүп берүүгө көмөктөшкөнүн билдирди.

"Жаныбек байке ажобуз менен көпүрө болуп, социалдык маселелерди чечүүгө жардам берчү. Ажобуздун атынан жер үйдө тургандарга көмүр бөлдүрүп берчү. Кичине балдарды лагерлерге алып барганга көмөктөшчү. Кимдир бирөөгө операция үчүн акча керек болсо, жардамдашчу. Жаныбек Кубандыков биз фабрика курарда ажобузга кат киргизип берген. Катта биз жер сураганбыз. Кийин президент менен жолуктук. Фабрика үчүн жер бөлдүрүп берүүгө жардам берди".

Соңку күндөрү президент Садыр Жапаровдун саясатын кубаттап, анын досу Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагасы болуп тургандагы иштерин сындап жаткан мурдагы журналист жана блогер Адилет Айтикев Жаныбек Кубандыковдукаралоо аракети жүрүп жатканын айтты:

"Жаныбек Кубандыков президеттин коомдук кеңешчиси болот. Бул кишини 2008-2009-жылдан бери тааныйм. Жаныбек Кубандыковду президенттин айланасынан алыстатууну көздөп жүргөн көптөгөн күчтөр бар. Себеби Жаныбек Кубандыков президентке жетпей жаткан элдин үнүн президентке жеткирип келген. Мындайча атканда, Жаныбек байке президенттин коомдук кабылдамасы болчу. Бүгүн иш тергелип жатат. Ошол замат чабуул күчөдү. Бир кезде төңкөрүш кылып, бийликти басып алам деген адам Жаныбек байкени камайм деп көп аракет жасаган экен".

Ошентип, кечээтен бери "Фейсбуктун" бети бул киши тууралуу жылуу пикир жазгандардын да, аны сындагандардын да пикири менен байытылды көрүнөт. Маселен, социалдык тармактын Гүлмира Тыналиева аттуу колдонуучусу минтип жазды:

"Эмне үчүн айрым блогерлер атайын кызмат кармаган Жаныбек Кубандыковду коргоп чыгышты? Кубандыков ири чет элдик бизнес өкүлдөрүнө байланыштуу кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелүүдө... Аны колдогондор Кубандыковдун өтө кең пейил адам болгонун жашырышпайт. Анын "акчаны оңду-солду оңой эле чачкан берешендигине" суктанышууда... Дээрлик олигарх катары мүнөздөлгөн Кубандыков Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу катары да белгилүү. Алардын балдары болсо VIP-джет учактарда учуп жүргөнүнө мактанышып, интернетке видео жарыялашкан. Мындан улам мыйзам ченемдүү суроо жаралат: эгер күйөөсү чет элдик инвесторлорго басым жасап, алардын ишине тоскоолдук кылган деп шектелип жатса, анда анын жубайы кантип парламентте инвестициялык климатты жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоочу катары чыгып жүрөт?"

Саясий чөйрөдө аны айрым адамдар "жакшы" тааныганы менен ачык булактарда ал жөнүндө кеңири маалымат жок. Президенттин коомдук кеңешчиси катары качан дайындалганы жана качан бошотулганы жөнүндө да расмий кабар көрө алган жокпуз.

Бирок былтыр, 2025-жылы президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан заводго барган кезде Жаныбек Кубандыков аны коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Садыр Жапаровдун ишмердигин колдогон блогер Атай Бейшембек кечээ Жаныбек Кубандыков кармалганы жөнүндө маалымат чыккандан кийин Фейсбукка төмөндөгүдөй пост жазды:

"Садыр Жапаровдун "мыйзам бузган адам ким болбосун жооп берет" деген позициясын эстен чыгарбаш керек. Ошону унуткандар четинен жыдып жатат…"

"Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон Жаныбек Кубандыковдун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты. Медина Кайрылбекова Талас облусундагы 16-округдан шайланып келген. Медина Карйылбекова 42 жашта. Өзү Ысык-Көл облусунун Түп районунан. Өмүр баянында англис тил мугалими, кийинчерээк жеке ишкер болгону жазылган.

Жакын санаалаштары Медина Кайрылбекова учурда Москвада иш сапарда жүргөндүктөн жолдошунун сотуна келе албай калганын билдиришти.

Буга чейин иликтөөчү журналисттер бул түгөйлөрдүн байманалуу жашоосу жөнүндө материал жарыялашкан. Депутат расмий түрдө реакция жасаган эмес.