АКШ: Трамп катышкан жыйында ок атылды, шектүү кармалды

Сүрөттүн булагы, YURI GRIPAS/ABACA/BLOOMBERG VIA GETTY IMAGES
АКШ президентинин катышуусунда өткөн Ак үйдүн алдындагы кабарчылар ассоциациясынын сый-тамагы учурунда ок атышуу болду. Мамлекеттин биринчи адамдары эвакуацияланып, иш-чара бир айга жылдырылды. Кылмышка шектүү кармалды, анын максаттары азырынча белгисиз.
Ок атышуунун үндөрүнө окшош добуштар иш-чара кызып жаткан маалда чыкканын ошол учурда Washington Hilton мейманканасынын кабыл алуу залында жүргөн Би-Би-Синин кабарчылары билдиришти.
Андан кийин Жашыруун кызматтын кызматкерлери куралдарын кармап, залга чуркап киришкен. Би-Би-Си кабарчысынын айтымында, агенттер: ”Ок атылды!“ - деп кыйкырышкан.
Жогорку кызматтагы чиновниктер тез арада эвакуацияланды. Алардын ичинде Дональд Трамп өзү, АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп, вице-президент Жей Ди Вэнс, коргоо министри Пит Хегсет жана саламаттыкты сактоо министри Роберт Кеннеди болгон.
Кечки тамактын катышуучулары алгачкы ок үндөрү чыкканда столдордун астына жашынышкан.
Бир аз убакыттан кийин АКШ президенти Дональд Трамп окуядан кийинки алгачкы билдирүүсүн өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазды.
”Вашингтондогу кече укмуштуудай болду. Жашыруун кызмат жана укук коргоо органдары фантастикалык жумуш жасашты. Алар тез жана тайманбай аракет кылышты“, -деп жазган Трамп.
Ал ошондой эле ок чыгарган адам кармалганын кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кийинчерээк Дональд Трамп жана өлкөнүн биринчи адамдары Washington Hilton мейманканасынан чыгып кетишкени, ал эми иш-чара кеминде бир айга жылдырылганы белгилүү болду.
CNN телеканалы билдиргендей, бийлик шектүүнүн өздүгүн аныктады: ал Калифорниядан келген 30 жаштагы эркек киши.
Колумбия округунун полиция башчысы Жеффри Кэроллдун айтымында, шектүү ”Жашыруун кызматтын постуна чабуул жасаган”.
Кэролл бул адам бытыра мылтык, тапанча жана бир нече бычак менен куралданганын айтты.
Жеффри Кэролл шектүү Жашыруун кызматтын агентине ок атканын, бирок аны ок өтпөс жилет сактап калганын тактады. Полициянын маалыматы боюнча, ок чыгарган адам өзү жаракат алган эмес, бирок текшерүү үчүн жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Полиция башчысынын айтымында, кол салуунун себептери азырынча тактала элек.
Кийинчерээк Ак үйдүн Овалдык кабинетиндеги брифингде Дональд Трамп камакка алынган шектүү ”абдан оорулуу адам“ болгонун айтты.
”Менин оюмча, ал жалгыз канкор (киллер) болчу“,-деди Трамп шектүү тууралуу. “Булар — жиндилер. Алар жиндилер жана алар менен күрөшүү керек”.
Трамп иш-чара кийинкиге жылдырыларын айтып, бул окуя биринчи айым Мелания Трамп үчүн психологиялык оор сокку болгонун кошумчалады.
”Биз эч кимге коомубузду басып алууга жол бербейбиз“, - деди ал.
АКШ президенти алгач кеткиси келбегенин белгиледи. ”Мен калуу үчүн катуу күрөштүм“,-деди Трамп. Бирок ага протоколго ылайык, ок чыгарган адам жалгыз же жалгыз эмес экени белгисиз болгондуктан, кетиши керектигин айтышкан.




























