Автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, алты адам жабыркады

Social
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 25-ноябрь, эртең менен Лебединовка айылында жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, кырсыктан алты адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык Тез жардам борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар Тез жардам борборуна саат 07:43тө түшкөн. Биринчи тез жардам бригадасы окуя болгон жерге саат 07:53тө жеткен. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан беш бригада тартылган.

Бир жабырлануучунун кашынын үстү, эрини айрылып кеткен, ал жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган. Дагы үч адам баш мээсинен жаракат алып, нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Автобустун 43 жаштагы айдоочусу бутунан жаракат алган.

Бишкек шаардык Тез жардам борбору тараткан алгачкы маалыматта, кырсыктан бир бала жабыркаганы, тез жардам бригадалары келгенге чейин эле бала медициналык мекемеге жеткирилгени кабарланган.

Эки бала жабыркаган

Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын Кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Азирет Валиев Би-Би-Сиге кеңири маалымат берип, кырсыктан эки бала жабыкаганын билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2015-жылы туулган баланын оозу жырылып кеткен. 2014-жылкы баланын кашынын үстү жарылган.

"Эки бала тең ооруканага жаткырылган жок. Экөөнүн тең абалы туруктуу. Мен өзүм да балдарды көрдүм. Бизге автобустан жабыркаган ушул эки бала кайрылды",- деди ал.

Бишкек мэриясынын билдирүүсү

Ал арада автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча Бишкек мэриясы билдирүү таратты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анда жол кырсыгы Жибек Жолу проспектисинде №39 каттамындагы автобустун катышуусунда катталганы айтылат.

Алдын ала маалымат боюнча, "Zhongtong" үлгүсүндөгү автобусту Э. У. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Жибек Жолу проспектиси менен чыгыш багытында бара жатып, Калинин көчөсүнө жете электе автобус ортоңку тилкеден оң жактагы четки тилкеге өткөн жана ошол тилкеде токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн.

"Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдүн баардыгын өткөн соң каттамга чыгарылган. Жүк ташуучу унаада эч кандай айырмалоочу белгилер жана авариялык жарык сигналдары болгон эмес. Анын кырсык болгон тилкеде эмне себептен токтоп турганы азырынча белгисиз. Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда",- деп айтылат маалыматта.

Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыктары байма-бай катталып келет. Тургундарынын арасында автобус айдоочуларына жана жалпы эле коомдук транспорттун ишине нааразы болгондор да аз эмес. Коомдук транспорт катышкан кырсыктардын кесепетинен адамдар жаракат алып, атүгүл өмүрү кыйылган учурлар да болгон.

Жакында эле Бишкек мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочуларын жол эрежелерин бузганы жана транспортко жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн сындаган.

"Силер ушундай мамиле кыла турган болсоңор, автобус деле калбай калчудай. Мэрия өз тарабынан милдеттенмелерди толук кандуу аткарууга аракет кылып жатат. Автобустарды алып жатабыз, камсыздап жатабыз. Эмнеге силер өзүңөргө алган милдеттенмелерди аткарбай жатасыңар? Кечээ бир күндө үч автобусту сүздүңөр. Үч автобустун тең айдоочулары күнөөлүү. Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугу, алардын мүлкүнүн коопсуздугу бар. Мындан кийин ар бир айып пулду айдоочу өз чөнтөгүнөн төлөсүн. Шаардыктарга кызматты сапаттуу, тиешелүү деңгээлде көрсөтүп, жол эрежелерин баары бирдей сакташы керек",- деген мэр.

Мындан тышкары, автобустарга WhatsApp номерлери чаптала турганы айтылган. Жүргүнчүлөр айдоочулардын жол эрежелерин бузган учурларын фото же видеого тартып, ошол номерлерге жөнөтсө боло турганы маалымдалган.