ИИМ: Таласта жаранды ур-токмокко алгандардын арасында милиция кызматкери да болгон

Official
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Таласта жаранды ур-токмокко алгандардын арасында ички иштер органдарынын бир кызматкери болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Күн мурун жабырлануучунун апасы Би-Би-Сиге маек берип, уулун сабагандардын арасында милиция кызматкери да болгонун айткан.

Маалыматка караганда, жаранга зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн алкагында тогуз жаран, анын ичинде ички иштер органдарынын бир кызматкери кармалган.

20-ноябрда саат 00:00 чамасында Б. Баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде А.Ш. аттуу жаранга ар кандай буюмдар менен кол салуу болгон.

Жаранды сабап, шектүүлөрдүн бири унаа менен сүзгөн.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринде каралган кылмыштын белгилери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кайра квалификацияланган.

Аталган кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Б. уулу А., 1995-жылы туулган М. уулу К., 1994-жылы туулган К. уулу А., 1995-жылы туулган Ж.Ч., 1995-жылы туулган Б.А., 1995-жылы туулган Д. уулу Б. жана 1995-жылы туулган М. уулу Н. кармалган. Окуяга тиешеси бар төрт унаа айып короого киргизилди.

"Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу жарандар кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын 17-ноябрында Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында алар С.Н. аттуу жаранды сабап, андан соң шаардын четиндеги ипподромго алып барышып, ал жерде ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголду",- деп айтылат маалыматта

Тогуз шектүүгө карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Учурда тергөө амалдары улантылууда. Иштин жүрүшү Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

Соттун чечимине ылайык, кармалгандардын айрымдары 2027-жылдын 22-январына чейин, башкача айтканда, эки айга камакка алынган.

Эки шектүүгө карата 2026-жылдын 22-декабрына чейин камакта калтыруу чечими чыгарылган.

Расмий маалыматта алгач бул иш боюнча сегиз шектүү кармалганы айтылган. Кийин социалдык тармактарда окуяга дагы бир адамдын катышканы, бирок ал милиция кызматкери болгондуктан кармалбаганы тууралуу маалыматтар тараган.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу 2000-ж.т. А.Ш. аттуу жарандын окуя учурунда денесинен алган жаракаттары аныкталып, катталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип, 31 жана 32 жаштагы 8 жаран кармалды. Тергөө иштери уланууда",- деген Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы.

Юристтер жана башка соцтармак колдонуучулары аталган беренин туура эмес коюлганын, видеодо адам өлтүрүүгө аракет көрүлгөнүн айтып чыгышкан.

"Коомдук жайда, ошол шаардын ортосунда ушундай кылмыш кылып жатканы, бул ошол мыйзамды дагы, милицияны дагы көзгө илбей, мыйзамсыздыктын туу чокусуна жеткени деп эсептейм. Ошол себептен, оор беренелерди коюш керек. Бул адамды өлтүрүүгө аракет кылуу, адамды уурдоо, жаап-жашыруу деген сыяктуу. Ал эми "Бейбаштык" беренесине жыйырма-элүү миң штраф менен гана чектелет", - деген юрист Адилет Мерканов.

Окуя боюнча кылмышка шектелип кармалгандардын жакындары комментарий бере элек.

Сабалды делген Азамат Шаматов 2024-жылы Талас шаардык кеңешине талапкерлигин койгон. 2025-жылы "Талас жашыл чарба" муниципалдык ишканасында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Учурда ишкерлик менен алектенет.