Дептут тыгынды азайтуу үчүн айрым министрликтердин ишин таң эрте баштоону сунуштады

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

25-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу максатында айрым министрликтердин иш убактысын өзгөртүүнү сунуштады.

Ал бул сунушунту тыгын маселесин чечүүнүн бир жолу катары атады.

"Миң жолу талкууладык. Бирок тыгын көйгөйү чечилбей келет. Сунуштардын бири катары айрым министрликтердин иш убактысын өзгөртүп көрөлү. Былтыр же мындан эки жыл мурун студенттердин окуу убактысын саат 10:00гө жылдырганбыз. Эми эксперимент катары бир нече министрликтин да иш убактысын өзгөртүп көрөлү",- деди Бекешев.

Бекешев министрликтер жумушун азыркыдай саат 9:00дө эмес, эртең мененки саат 7:00дө баштап, 16:00дө аяктаса туура болот деп эсептейт.

"Баары саат 7:00дө ишин баштап, 16:00дө аяктаса. Бул адамдар үйүнө эртерээк барып, үй-бүлөлүк иштерин бүтүрүп алганга да жакшы болот. Эмне үчүн болбосун, ушундай кылып көрөлү. Бишкектеги бир нече министрликте ушундай тартип киргизип көрөлү. Анын тыгындарга кандай таасир этерин байкайбыз. Тыгын кыйла азаят. Балким, бул чындап эле жардам берет",- деди депутат.