Бензовоз оодарылып, 31 киши каза болду

Видеонун түшүндүрмөсү, Бензовоз оодарылып, 31 киши каза болду
Бензовоз оодарылып, 31 киши каза болду
Published

Египеттин Гиза-Каир жолунда бензин ташыган унаа оодарылып, кеминде 31 киши каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кеминде жыйырмадай адам жаракат алган. Мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлагандай, трассада бензовоз оодарылып, ага жакын турган унааларга бензин чачырап кеткен.