Мектеп туалети: балдар неге коркушат?
Мектеп туалети: балдар неге коркушат?
Published
Бишкектеги айрым мектептерде башталгыч класстын окуучулары мектеп дааратканасына баруудан коркушат. Ата-энелердин айтымында, буга дааратканалардын эшиги жоктугу же кабиналардын жабылбаганы себеп болууда.
Жогорку класстын айрым окуучулары кичинекей балдарды видеого тартып, ал кадрларды окуучулардын коомдук сайттардагы жабык топторуна таратып, шылдыңдашат.
Ата-энелер мектеп жетекчилигин жана тиешелүү органдарды бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырышууда.



