Зеленский Трамптын Путинди "досум" деп атаганы боюнча комментарий берди

Сүрөттүн булагы, Marianne Baisnee/BBC
Украинанын президенти Володимир Зеленский Би-Би-Синин кабарчысы Сара Рейнсфордго маек берип, анда АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Путин тууралуу акыркы билдирүүсүнө да токтолду.
Журналист Зеленскийден Ак үй башчысы социалдык тармактагы баракчасына Путин менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алдына "Менин досум" деп жазганын көргөндө кандай сезимде болгонун сурады.
Трамп жакында эле Кытайга болгон сапары учурунда Орусия президенти менен чогуу түшкөн сүрөттү жарыялаган.
"Албетте, бул АКШ президентинин өз иши. Бирок бул таң калыштуу. [Путин] агрессор жана киши өлтүргүч. Ал XXI кылымдагы фашизмди кайра алып келди. Ал эч качан дос боло албайт. Жөн гана дос боло албайт. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кимдир бирөө Гитлерди жакшы досум деп атагандай эле кеп",- деп жооп берди Зеленский.
"Балким, алардын жеке мамилеси бардыр. Мындай сөздү журналисттердин катышуусуз эле айтса болот. Анткени бул уул-кызын жоготкон үй-бүлөлөр үчүн абдан оор. Алар АКШ президентинин колдоосуна үмүт артып жатышат. Биз да АКШ менен болгон мамилебизге жана өнөктөштөрүбүзгө ишенебиз. Биз ушуга таянабыз! Киши өлтүргүч экенин көрүп туруп, АКШ аны жакшы досум деп атаса, биз буга кандай карашыбыз керек? Жок, ал дос эмес",- деп кошумчалады Украинанын президенти.
























