Белгилүү актёр Жерар Депардье жаш актрисаны зордуктаган деп айыпталууда

Reuters
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Француз кинолорунун жылдызы Жерар Депардье 2018-жылы актриса Шарлотта Арнуну зордуктаган деген айып менен сот жообуна тартылат. Мындай чечимди бейшемби күнү Париждин апелляциялык соту кабыл алды.

Арну 22 жашында Депардьенин Париждеги үйүнө спектаклге даярдануу үчүн репетицияга барган. Ал окуядан бир нече күн өткөндөн кийин зордуктоого кабылганын айтып чыккан.

Арну өзүнүн аты-жөнүн жашыруудан баш тарткан. Анын адвокаты бейшемби күнү Депардьенин соту тарыхый окуяга айланарын билдирди.

Актриса 77 жаштагы Депардьени эки жолу зордуктаган деп айыптап келет. Бирок актёр эки айыптоону тең четке кагууда. Ал 2023-жылы Le Figaro гезитине жарыялаган ачык катында Арну менен болгон мамилесинде эч кандай мажбурлоо же зомбулук болбогонун билдирген.

Жерар Депардье ондогон жылдар бою француз жана дүйнөлүк кинематографиянын белгилүү жылдыздарынын бири болуп келген. Франциянын кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн мындан 30 жыл мурун Ардактуу легион ордени менен сыйланган.

Бирок соңку жылдары Францияда #MeToo кыймылынын алкагында бир нече аял Депардьени тасма тартуу учурунда жана башка жагдайларда сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айыпташкан. Францияда бул кыймыл "Balance ton porc" ("Зөөкүр ашкереленсин") деген аталыш менен белгилүү.

Өткөн жылы актёр Парижде 2021-жылы тартылган "Жашыл жалюзи" (Les Volets Verts) тасмасынын аянтчасында эки аялга зомбулук көрсөткөнү үчүн бир жарым жылга шарттуу кесилген. Ал сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондордун реестрине киргизилип, жабырлануучуларга кенемте төлөөгө милдеттендирилген.

Өткөн аптада Депардье бул өкүмгө каршы апелляциялык даттануусунан баш тартып, доо коюп жаткандардан "чын жүрөктөн кечирим сураган".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Депардье Шарлотта Арнунун атасы менен дос болгон. 2018-жылдын 7-августунда актриса Париждеги анын үйүнө барган. Андан кийинки окуялардын бир бөлүгү үйгө орнотулган видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.

Алгач Арнунун арызы далилдер жетишсиз деген негизде четке кагылган. Бирок актриса бул чечимге каршы даттанып, 2020-жылдын жай айларында иш боюнча расмий тергөө башталган.

Арнунун адвокаты Карин Дюрье Дьеболь бейшемби күнү сот имаратынын жанында журналисттерге анын кардары апелляциялык соттогу жеңиштен кийин "чындап жеңилдеп калганын" билдирди.

Ошол эле учурда апелляциялык сот актриса койгон эки айып боюнча эки башка чечим чыгарды. Тактап айтканда, 7-августтагы окуя боюнча Депардье сот жообуна тартылат. Ал эми андан алты күн өткөндөн кийин мейманканада болгон делген зордуктоо фактысы боюнча актёр соттолбойт.

Депардьенин адвокаты Давид-Оливье Камински журналисттерге сот айрым жагдайлар боюнча анын кардарынын пайдасына чечим чыгарганын айтты. Ал иш боюнча жогорку инстанцияга даттануу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Депардье жазуучу Мишель Уэльбек менен бирге дагы бир сексуалдык мүнөздөгү айыптоого туш болду. Өткөн аптада Франциянын бийлиги француз басылмалары жана Би-Би-Си тараткан маалыматты тастыктап, аты-жөнү расмий түрдө ачык жарыяланбаган, бирок ким экени белгилүү болгон актрисанын арызы боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Актриса 2018-жылы Thalasso ("Спа") тасмасында чогуу тартылган Депардье менен Уэльбекти "топ болуп зордуктоо" фактысы боюнча айыптоодо. Би-Би-Синин маалыматына караганда, бул боюнча арыз 2025-жылдын май айында жазылган.