13-жашар Тимурдун өлүмү. Окуучуну сүзгөн өспүрүм эркиндикке чыкпайт

Видеонун түшүндүрмөсү, 13-жашар Тимурдун өлүмү. Окуучуну сүзгөн өспүрүм эркиндикке чыкпайт
13-жашар Тимурдун өлүмү. Окуучуну сүзгөн өспүрүм эркиндикке чыкпайт
Published

13 жаштагы Тимурду сүзүп кеткен 17 жаштагы өспүрүм мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкпайт. Бүгүн, 7-октябрда Чүй облустук сотунда прокуратуранын доо арызы каралып, Ысык-Ата райондук сотунун чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу маркумдун апасы Би-Би-Сиге билдирди. Бир нече күн мурун Тимурдун апасы Александра Сластихина бийликке кайрылып, райондук сот уулун сүзгөн жаранды эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алганына даттанып, бул ишти көзөмөлгө алууну суранган.