Султанбеков 7, Атамбаев 4 жылга соттолду

Видеонун түшүндүрмөсү, Султанбеков жети, Атамбаев төрт жылга соттолду
Султанбеков 7, Атамбаев 4 жылга соттолду
Published

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-октябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жети, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаевди төрт жылга эркинен ажыратты.

Саясатчылар "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын мүлкү конфискацияланып, жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт. Айыпталуучулар өкүмгө макул болушкан жок. Жакындары шаардык сотко кайрыла турганын билдиришти.