Абанын булгануусу: Өзбекстан менен Казакстан кескин билдирүүлөрдү жасашты

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Өзбекстан Ташкенттеги абанын сапатынын начарлашына Казакстандан келген чаң, ошондой эле транспорт, курулуш жана өнөр жайдан чыккан абаны булгоочу заттар себеп болгонун билдирди.
Казакстан мындай айыптоону четке кагып, чаң түздөн-түз Казакстандан келип жатканына эч кандай далил жок экенин билдирип, мунун ордуна Өзбекстандын аймагындагы булгануунун булактарына көңүл бурду.
Бул маселе Өзбекстандын жана Казакстандын социалдык тармактарында кызуу талкууну жаратып, көптөгөн колдонуучулар жана экологдор Ташкенттеги ыштын негизги себеби ички булактар эмес, трансчек аралык чаң болуп жүрбөсүн деген суроону узатышууда.
Бул кайым айтыш экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча эки тараптуу күч-аракеттерге, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстандын биргелешкен "Таза аба" демилгесине жана Өзбекстандын өкмөтүнүн Ташкенттин айланасындагы булганч абаны азайтуу багытында жасаган чараларына карабастан келип чыкты.
"Булгануунун себептери көп"
Борбордук Азиянын эки коңшу өлкөсү – Өзбекстан жана Казакстан Ташкентте абанын булганышына байланышкан кырдаалдын начарлашына бири-бирин күнөөлөп жатышат. Ташкент шаары абанын булгануу деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингдерде көп учурда биринчи орундарды ээлеп келет.
22-ноябрда Kun.uz жаңылыктар сайты Өзбекстандын "Узгидромет" метеорологиялык агенттигине шилтеме берип, "Казакстандын аймагынан соккон аба агымдарынын таасири астында Ташкент облусуна жана Ташкент шаарына трансчек аралык чаң массаларынын кирип жатканы байкалууда" деп кабарлаган.
«"Узгидрометтин" абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү автоматтык станциялардын маалыматтарына ылайык, Ташкент шаарынын сыртындагы станцияларда булгоочу заттардын концентрациясы олуттуу жогорулаганы катталган жок. Бирок 17-21-ноябрда чек арадагы мониторинг станцияларында PM-2,5 жана PM-10 чаң бөлүкчөлөрүнүн жогорку деңгээли катталган... Бул болсо чаң тышкы аймактардан келип жатат дегенге маанилүү далилдердин бири", - деп билдирди Мамлекеттик метеорология кызматы Казакстанга ишарат жасап.
Мындан тышкары, отчетто "борбор калаадагы абанын сапатына таасир этүүчү жергиликтүү факторлор" катары транспорт каражаттарынан, курулуш аянтчаларынан жана өнөр жай ишканаларынан чыккан абаны булгоочу заттар аталган.
"Акыркы беш күндө Ташкентте жамгыр жааган эмес, шамалдын ылдамдыгы салыштырмалуу төмөн бойдон калып, аба алмашуусу анчалык күчтүү болгон эмес. Мындай метеорологиялык шарттар шаардын атмосферасында булгоочу заттардын таралышына тоскоолдук кылат", - деп билдирди "Узгидромет" өзүнүн Telegram каналында.
Казакстан "жалган маалымат" жайылтуунун кесепетттерин эскертти
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Узгидрометтин" билдирүүсүнө жооп катары, анын Казакстандагы кесиптеши – "Казгидромет" мекемеси Казакстандан келген чаң Ташкенттеги абаны булгап жаткандыгы тууралуу илимий далилдерди таппаганын билдирди. Бул тууралуу 25-ноябрда Казакстандын Kursiv.media сайты кабарлады.
«"Казгидрометтин" адистери 2026-жылдын 15-ноябрынан 22-ноябрына чейинки мезгилде Ташкенттин, Сарыагаштын жана Чымкенттин айланасындагы аба ырайынын шарттарын жана аба массаларынын кыймылынын траекториясын талдап чыкты. Бул мезгилдин ичинде атмосфералык басым салыштырмалуу туруктуу болуп, ал эми жер үстүндөгү шамалдар басаңдаган. Эксперттер аба массаларынын келип чыгышына көз салган америкалык NOAA HYSPLIT моделинин жардамы менен аба массаларынын траекторияларын эсептеп чыгышкан. Жыйынтыктар Казакстандан Ташкентке абанын түз жетүүсүнүн эч кандай белгилерин аныктаган жок", - деп айтылат Казакстандын метеорологиялык кызматына шилтеме жасаган отчетто.
"Жарыяланган маалыматтарга жана жүргүзүлгөн эсептөөлөргө таянып, Ташкент шаарындагы PM-10 жана PM-2.5 бөлүкчөлөрүнүн жогорку концентрациясына Казакстандын аймагы себеп болгон деп илимий жактан жүйөлүү тыянак чыгарууга мүмкүн эмес", - деп белгиледи "Казгидромет".
Ошондой эле отчетто белгиленгендей, Казакстандан кыйла алысыраак жайгашкан Өзбекстандын Бухара, Навои, Жизак жана Самарканд шаарларында ошол күндөрү PM-10 жана PM-2.5 бөлүкчөлөрүнүн абадагы деңгээли Ташкенттегиге караганда да жогору болгон. Бул абанын булганышы Казакстан менен чектеш аймактардан эмес, тескерисинче, Өзбекстандын түштүк-батыш тарабынан жана Ирандан келгенин көрсөтүп турат.
Казакстандык метеорологдордун маалыматы боюнча, Ташкенттеги абанын сапатына "транспорт, жылуулук менен жабдуу, өнөр жай, курулуш жана аба ырайынын жагымсыз шарттары олуттуу таасирин тийгизүүдө".
«"Казгидромет" ошондой эле 2015-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилди камтыган өзүнүн талдоосунун жыйынтыктарына таянууда. Анын маалыматтарына ылайык, [Казакстандын түштүгүндөгү] Сарыагаш районунан Ташкент тарапты көздөй абанын туруктуу кыймылы байкалбайт. Бул аймакта батыштан жана түштүк-батыштан аба агымдары басымдуулук кылат (35–71% учурларда), ал эми түндүктөн – Сарыагаштан түштүккө карай багытта кыймыл болгону 3–5% учурларда байкалат. Агенттик бул тыянактарды Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин, Орусиянын "Росгидромет" кызматынын жана Беларустун "Белгидромет" кызматынын эксперттери тастыктаганын кошумчалады. Бул маалымат Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Балаевага берилип, кийинчерээк Чымкентте Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов менен жолугушуунун жүрүшүндө колдонулган», - деп эске салды сайт.
Ал арада "Казгидромет" өзбек тарапты "жалган маалыматтын тобокелдиги" тууралуу эскертти.
«"Казгидромет" бул маселе Өзбекстандын коомчулугунда чоң резонанс жаратканын белгиледи. Мекеменин маалыматы боюнча, абанын булгануусу Казакстандан улам болуп жатат деген ырастоо илимий далилдер менен тастыкталган эмес жана Ташкенттеги абанын сапатынын начарлашынын себептери жөнүндө бир тараптуу же так эмес маалыматтарды жайылтуу тобокелдигин жаратууда", - деп белгиледи сайт.
Коомдук курч талкуу
"Узгидрометтин" билдирүүлөрү жана Казакстандын буга кайтарган жообу эки өлкөнүн социалдык тармактарында кызуу талкууларга жем таштады. Threads платформасында дүйнө жүзү боюнча абанын сапатына байкоо жүргүзүп келаткан Nebo.Community деген аталыштагы аккаунт "Узгидрометтин" билдирүүсүнө төмөнкүдөй пикирин калтырды: "Спутниктер жана жер үстүндөгү датчиктер шамал түштүк-батыштан – Өзбекстандан Казакстан тарапка, башкача айтканда, карама-каршы багытта согуп жатканын көрсөтүүдө".
"[Өзбек] теориясы иштеши үчүн, чаң шамалга каршы жайылышы керек эле. Физикада мындай кубулуш жок. Бирок, эмнеси болсо да, кошунасын күнөөлөө – бул эң эски илимий ыкма эмеспи", - деп автор мыскылдап кошумчалады.
Nogai_kz аттуу дагы бир колдонуучу да "Узгидрометтин" билдирүүлөрүн шылдыңга алып, абанын булганышына Өзбекстандын ичиндеги бир нече факторлор таасирин тийгизип жатканын билдирди. "Газдын тартыштыгынан улам Ташкенттин четиндеги көптөгөн күнөсканалар көмүргө өтүштү. Күнөсканалардын кээ бир ээлери чыгымдарды азайтуу максатында унаанын дөңгөлөктөрүн, желимди жана башка калдыктарды өрттөп жатышат. Күнөсканалардын сыртында абанын сапаты табигый чаңдан (бул булгануунун болжол менен 36% түзөт), эскирген транспорт каражаттарынан, бак-дарактарды кыюу менен коштолгон токтоосуз жана башаламан шаар курулушунан, ошондой эле табигый аба алмашуунун начардыгынан улам абанын сапаты кескин начарлап жатат".
«"Узгидромет ыштын пайда болушун чек ара аркылуу келген чаң жана аба ырайынын шарттары менен түшүндүрүп жатат. Бирок анда эмне үчүн Ташкенттин ар кайсы райондорунда күйүктүн жыты сезилип жатат? Кадимки чаң күйүктөй жыттанбайт да! Мындан тышкары күнөсканалардан, заводдордон жана таштанды полигондорунан чыккан зыяндуу заттар тууралуу маалыматтар кайда? Көйгөйлөрдү өз үйүбүздө, дал ушул жерде чечкендин ордуна, себептерди чет өлкөдөн издөө оңой окшойт», - деп жазды Komildjohn аттуу өзбекстандык колдонуучу.
"TashkentTodayuz" каналы өзбек аткаминерлеринин Казакстандын чек арасына жакын жерде иштеген күнөсканалардын ээлери менен жолугушуусунун видеосун жарыялады. Жолугушууга катышкандардын бири "Ташкенттеги абанын булгануусуна салым кошуп жатасыңар" деген жүйө менен, айлана-чөйрөнү коргоо органдары алардын ишмердигин чектеп жатканы үчүн кескин сынга алды. Ал булганган аба "Казакстандан шамал менен келип жатканын" айтып, бирок "бул үчүн бир жылдан бери күнөсканаларды күнөөлөп келатышат", - деди.
Эки тараптуу расмий иш-аракеттер
Өзбекстандын шаарларында абанын сапаты күзүндө жана кышында кескин начарлайт. 2025-жылдын ноябрь айында Ташкентте абанын булганышы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине жеткендиктен, өкмөт коомчулукту тынчтандыруу үчүн чараларды көрүүгө мажбур болгон. Ошол эле айда президент Шавкат Мирзиёев "Ташкенттеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чукул чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Ошондон көп өтпөй президенттик администрацияны жетектеген анын тун кызы Саида Мирзиёева аткаминерлер менен биргеликте Ташкенттин четиндеги айлана-чөйрөнү булгап жаткан ишканаларда түнкү рейддерди жүргүзүп, таза аба менен суу "биздин эң орчундуу көйгөйүбүзгө айланып калды" деп билдирген. Айрым маалыматтар боюнча, чукул көрүлгөн чаралардын натыйжасында абанын сапаты бир аз оңолгон.
2026-жылдын июль айында Өзбекстан кыш мезгилинде абанын булгануу деңгээлин азайтуу максатында Ташкент облусунан күнөсканаларды чыгара баштаган. Ал арада Жапониянын "Сумитомо" компаниясы жылуулук насосторун колдонуу менен күнөсканаларды экологиялык жактан тазараак жылытууга өткөрүүнү сунуштады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 11-апрелде Өзбекстанга сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери чек арага жакын райондордогу абанын булганышы боюнча маселени көтөрүшкөн. "Өзбекстандын жана Казакстандын лидерлери чек ара аймактарында "Таза аба" долбоорун биргелешип ишке ашырууну жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууну макулдашышты", - деп кабарлады Gazeta.uz сайты.
Жолугушуулардын биринде Токаев Мирзиёевге буларды айтты: "Ташкенттеги экологиялык кырдаал боюнча тынчсызданууңузго кошулам. Бизде Алматыда да абдан оор кырдаал түзүлдү. Тилекке каршы, Алматы дүйнөдөгү абасы эң булганч ири шаарлардын бири болуп калды жана чукул арада чара көрүү керек... "Таза аба" демилгесинин алкагында көп иштерди жасоого болот. Демилге жергиликтүү бийлик органдарын да, бизнес өкүлдөрүн да айлана-чөйрөнү жана жалпысынан эле жаратылышты коргоо маселесинде кыйла жоопкерчиликтүү болууга мажбурлайт". (ZMa)





























