Автобус 350 метрге чейин баланы сүйрөп кетти

Автобус 350 метрге чейин баланы сүйрөп кетти

Австралиянын Мельбурн шаарындагы бир автобус он эки жаштагы баланы 350 метрге чейин сүйрөп кетти. Баланын сумкасы автобустун эшигине кыпчылып калган, аны айдоочу дароо байкаган эмес. Ага карата тергөө иштери жүрүүдө, жеткинчек болсо жаракат алган деп кабарланды. Окуя бир ай мурда болгонуна карабастан, бул видеолор эки күн мурда гана интернетке тарай баштады.